[1] Эгер жаратуучусу жок эле, өзүнөн-өзү жаралып калбаган болсо, жана өздөрү ааламдардын жаратуучусу болбосо, үчүнчү пикир – аларды жалгыз Аллах гана жаратканы чындык болот. Анда эмне үчүн ошол Жаратуучунун Өзүнө сыйынбай жатышат!
[1] Пайгамбарыбызга түшкөн Куран - Аллах тааланын казына-мүлкүнөн берилген. Алар "Мухаммад пайгамбар эмес" дешет. Эмне, Аллахтын казына-мүлкү алардын колунда болуп, алар бөлүштүрүүчү бекен?!
[1] Каапырлар ушундай кенебес болушат. Байыркы заманда Аад коомунун үстүнө Аллах асмандан балээ жибергенде да алар: «Бул кара булут, эми бизге жамгыр жаайт» - деп сүйүнгөн. Себеби, алар Аллахтан балээ келет деп күтүшкөн эмес. Эгер Курайш каапырларынын башына да Аллах ошондой балээ жиберчү болсо,алар да ошентишмек.
[1] «Тозоктон башка азап» каапырларга ушул дүйнөдө жеткирилген азаптар же болбосо Барзах – мүрзө жашоосундагы азаптар.