[1] Бул сүрө Меккеде түшкөн. 5 аяттан турат. Абу Лахаб пайгамбарыбыздын абаларынан бири болчу. Бирок, Исламга ашынган душман болгондуктан, аялы Умму Жамил экөө, динге жана пайгамбарга көп зыяндар жеткирип жүрүшчү. Аллах таала Өз пайгамбарына зыян жеткирген душманды ушинтип каргышка калтыргандан көп узабай Абу Лахаб аянычтуу өлүм тапты. Бул өлүм аятта алдын ала айтылган “Куруп да калды” (өлдү) деген башааратты (алдын ала айтылган пайгамбарлыкты) тастыктаган окуя эле.
[1] Тафсирчи уламалар Умму Жамилдин отун көтөрүүсү жөнүндө «Ал күйөөсү ташталган тозокко отун көтөрүп кирет. Бул дүйнөдө Динге жана пайгамбарга каршы жалган-жалаа жана ушак-айың сөздөрдү көтөрүп жүргөнүнүн жазасы» - дешет.