Translation of the Meanings of the Noble Qur'an - Kyrgyz translation - Shamsuddin Hakimov

Масад

external-link copy
1 : 111

تَبَّتۡ يَدَآ أَبِي لَهَبٖ وَتَبَّ

Абу Лахабдын эки колу (өзү) куурап калсын! Куурап да калды![1] info

[1] Бул сүрө Меккеде түшкөн. 5 аяттан турат. Абу Лахаб пайгамбарыбыздын абаларынан бири болчу. Бирок, Исламга ашынган душман болгондуктан, аялы Умму Жамил экөө, динге жана пайгамбарга көп зыяндар жеткирип жүрүшчү. Аллах таала Өз пайгамбарына зыян жеткирген душманды ушинтип каргышка калтыргандан көп узабай Абу Лахаб аянычтуу өлүм тапты. Бул өлүм аятта алдын ала айтылган “Куруп да калды” (өлдү) деген башааратты (алдын ала айтылган пайгамбарлыкты) тастыктаган окуя эле.

التفاسير:

external-link copy
2 : 111

مَآ أَغۡنَىٰ عَنۡهُ مَالُهُۥ وَمَا كَسَبَ

Ага мал-дүйнөсү да, бала-чакасы да пайда берген жок! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 111

سَيَصۡلَىٰ نَارٗا ذَاتَ لَهَبٖ

Ал жакында алоолонгон тозокко ташталат! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 111

وَٱمۡرَأَتُهُۥ حَمَّالَةَ ٱلۡحَطَبِ

Ал эми, (пайгамбарга каршы доомат -ушак көтөрүп жүргөн) анын аялы болсо (наркы дүйнөдө) отун көтөргөн абалда! info
التفاسير:

external-link copy
5 : 111

فِي جِيدِهَا حَبۡلٞ مِّن مَّسَدِۭ

Анын мойнунда курма дарагынын буласынан (эшилген) жип![1] info

[1] Тафсирчи уламалар Умму Жамилдин отун көтөрүүсү жөнүндө «Ал күйөөсү ташталган тозокко отун көтөрүп кирет. Бул дүйнөдө Динге жана пайгамбарга каршы жалган-жалаа жана ушак-айың сөздөрдү көтөрүп жүргөнүнүн жазасы» - дешет.

التفاسير: