قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى

بەت نومۇرى:close

external-link copy
27 : 4

وَٱللَّهُ يُرِيدُ أَن يَتُوبَ عَلَيۡكُمۡ وَيُرِيدُ ٱلَّذِينَ يَتَّبِعُونَ ٱلشَّهَوَٰتِ أَن تَمِيلُواْ مَيۡلًا عَظِيمٗا

Аллах силердин тообоңорду кабыл кылууну, күнөөңөрдү кечирүүнү каалайт. Ал эми кумар-каалоосунан чыга албаган адамдар, силердин түз жолдон алыс адашууңарды каалайт. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 4

يُرِيدُ ٱللَّهُ أَن يُخَفِّفَ عَنكُمۡۚ وَخُلِقَ ٱلۡإِنسَٰنُ ضَعِيفٗا

Аллах Таала шариятын силерге жеңил кылууну каалайт, колуңардан келбеген нерсеге буйрубайт. Анткени ал инсан биологиялык жактан да, физикалык жактан да алсыз экенин билет info
التفاسير:

external-link copy
29 : 4

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَأۡكُلُوٓاْ أَمۡوَٰلَكُم بَيۡنَكُم بِٱلۡبَٰطِلِ إِلَّآ أَن تَكُونَ تِجَٰرَةً عَن تَرَاضٖ مِّنكُمۡۚ وَلَا تَقۡتُلُوٓاْ أَنفُسَكُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِكُمۡ رَحِيمٗا

Оо, Аллахка ишенген, пайгамбарды ээрчиген момундар, бири-бириңдин мал-мүлкүңдү жаман жолдор менен алып жебегиле, мисалы: тартып алуу, урдоо,пара алуу ж.б. Бири-бириңе ыраазы болуп келишип алды-берди кылган соодаңар адал. Мунун акчасын жегиле жана пайдалангыла. Бири-бириңерди өлтүрбөгүлө, өзүңөрдү өзүңөр да өлтүрбөгүлө, өлүмгө алып барбагыла. Аллах Таала чынында силерге ырайымдуу. Анын ырайымынын бири белгиси, каныңарды малыңарды жана абийириңерди бири-бириңе арам кылганы info
التفاسير:

external-link copy
30 : 4

وَمَن يَفۡعَلۡ ذَٰلِكَ عُدۡوَٰنٗا وَظُلۡمٗا فَسَوۡفَ نُصۡلِيهِ نَارٗاۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرًا

Мына ушул бирөөнүн малын жеш, адам өлтүрүү сыяктуу тыюу салынган күнөөлүү иштерди билбестен же унутуп эмес, билип туруп атайын кылгандарды кыямат күнү Аллах Таала тозокко киргизет, анын оту таптуу азабы катуу. Мындай кылуу Аллах Таалага жеңил; Ал буга Кудуреттүү, эч нерсеге күчү жетпей калбайт. info
التفاسير:

external-link copy
31 : 4

إِن تَجۡتَنِبُواْ كَبَآئِرَ مَا تُنۡهَوۡنَ عَنۡهُ نُكَفِّرۡ عَنكُمۡ سَيِّـَٔاتِكُمۡ وَنُدۡخِلۡكُم مُّدۡخَلٗا كَرِيمٗا

Оо, ыймандуулар, Аллахка шерик кошуу, ата-эненин каргышына калуу, адмм өлтүрүү, сүткордук кылуу сыяктуу чөн күнөөлөрдөн сактансаңар, кичине күнөөлөрүңөрдү кечирем. Анан кереметтүү жай бейишке киргизем info
التفاسير:

external-link copy
32 : 4

وَلَا تَتَمَنَّوۡاْ مَا فَضَّلَ ٱللَّهُ بِهِۦ بَعۡضَكُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖۚ لِّلرِّجَالِ نَصِيبٞ مِّمَّا ٱكۡتَسَبُواْۖ وَلِلنِّسَآءِ نَصِيبٞ مِّمَّا ٱكۡتَسَبۡنَۚ وَسۡـَٔلُواْ ٱللَّهَ مِن فَضۡلِهِۦٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٗا

Оо, ыйман келтиргендер, бири-бириңердеги Аллах ыроологон артыкчылыктарга көралбастык кылбагыла; Аллах Таала эркектерге гана тиешелүү кылган нерсеге аялдардын үмүт кылуусу болбойт. Ар биринде өзүнө жараша үлүшү бар. Аллах Тааладан Ал бере турган нерсени көбөйтүүсүн сурангыла; Аллах Таала чынында бардык нерсени Билүүчү жана ар бирине өзүнө ылайыгын берет. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 4

وَلِكُلّٖ جَعَلۡنَا مَوَٰلِيَ مِمَّا تَرَكَ ٱلۡوَٰلِدَانِ وَٱلۡأَقۡرَبُونَۚ وَٱلَّذِينَ عَقَدَتۡ أَيۡمَٰنُكُمۡ فَـَٔاتُوهُمۡ نَصِيبَهُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدًا

Баарыңарга ата-энесинен же жакын туугандарынан калган мурасты ала турган тууганчылыкты жаратып койдук. Силерге жардам берүүгө жана артыңарда турууга ишенимдүү келишим түзгөн дос-жардамчыларыңарга мурастан насибин бергиле. Аллах Таала чынында баардык нерсеге Күбө болуучу, силердин ыйманыңарга жана келишимиңерге да күбө. Бул, досторго мурас берүү исламдын баштапкы учурунда бар болчу, кийин бул өкүм жокко чыккан. info
التفاسير:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• سعة رحمة الله بعباده؛ فهو سبحانه يحب التوبة منهم، والتخفيف عنهم، وأما أهل الشهوات فإنما يريدون بهم ضلالًا عن الهدى.
Аллахтын пенделерине ырайымы чексиз; Ал алардын тообосун жакшы көрөт жана аны аларга жеңилдетет. Ал эми каалоо, кумарына ээрчигендер болсо аларды туура жолдон адаштыргысы келет info

• حفظت الشريعة حقوق الناس؛ فحرمت الاعتداء على الأنفس والأموال والأعراض، ورتبت أعظم العقوبة على ذلك.
Шарият адамдардын укугун коргойт; адамдардын жанына, малына жана абйирине шек келтирип душмандык кылуу арам, мындайлардын акыбети өтө жаман info

• الابتعاد عن كبائر الذنوب سبب لدخول الجنة ومغفرة للصغائر.
Чоң күнөөлөрдөн оолактап алыс болуу, кичине күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө жана бейишке кирүүгө себеп болот info

• الرضا بما قسم الله، وترك التطلع لما في يد الناس؛ يُجنِّب المرء الحسد والسخط على قدر الله تعالى.
Аллах Таала бөлүштүргөн нерсеге ыраазы болуп, адамдардын колундагы нерсеге суктануудан алыс болуу, кишини көралбастыктан, жек көрүүдөн сактайт. info