قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى

بەت نومۇرى:close

external-link copy
45 : 4

وَٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِأَعۡدَآئِكُمۡۚ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَلِيّٗا وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ نَصِيرٗا

Оо, ыймандуулар, Аллах Таала душманыңарды силерге караганда жакшы билет, силерге алар тууралуу кабар берип, алардын душмандыгын баяндайт. Силерди алардын жамандыгынан сактоого Аллах Өзү жетиштүү Башчы. Алардын зыянынан, куулук-шумдугунан коргоп, силерге жардам берүүгө Аллах Өзү жетиштүү Жардамчы info
التفاسير:

external-link copy
46 : 4

مِّنَ ٱلَّذِينَ هَادُواْ يُحَرِّفُونَ ٱلۡكَلِمَ عَن مَّوَاضِعِهِۦ وَيَقُولُونَ سَمِعۡنَا وَعَصَيۡنَا وَٱسۡمَعۡ غَيۡرَ مُسۡمَعٖ وَرَٰعِنَا لَيَّۢا بِأَلۡسِنَتِهِمۡ وَطَعۡنٗا فِي ٱلدِّينِۚ وَلَوۡ أَنَّهُمۡ قَالُواْ سَمِعۡنَا وَأَطَعۡنَا وَٱسۡمَعۡ وَٱنظُرۡنَا لَكَانَ خَيۡرٗا لَّهُمۡ وَأَقۡوَمَ وَلَٰكِن لَّعَنَهُمُ ٱللَّهُ بِكُفۡرِهِمۡ فَلَا يُؤۡمِنُونَ إِلَّا قَلِيلٗا

Яхудилердин арасында Аллах Таала түшүргөн сөздөрдү өзгөрткөн жамандары бар. Сөздү Аллах Таала түшүргөн маани-маңызынан бурмалап, туура эмес, башка мааниде колдонушат. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) аларга бир ишти буйруган кезде, алар: сенин сөзүңдү уктук, бирок сенин буйругуңа баш ийбедик дешет. Анан шылдыңдап: биздин айтканыбызды укпасаң да угасың; деп, анан "рааина" (бизге күтө тур) деген сөздү бурмалап, пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) сөз тийгизип, диндин баркын түшүрүүнү максат кылып (ушул сөзгө уңгулаш болгон) "наадан" деген сөздү колдонушту. Эгер алар сенин айтканыңды уктук, бирок сенин буйругуңа баш ийбедик дегендин ордуна, сенин айтканыңды уктук, сенин буйругуңа баш ийдик дешкенде, ошондой эле, бизди укпасаң да угасың дебей, бизди ук дешкенде жана "рааина" дебей "унзурнаа" сенин айтканыңды биз түшүнүшүбүз үчүн бизди күтө тур дешкенде алардын өздөрүнө жакшы жана туура болмок; анткени мында пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) ылайыктуу жакшы адеп бар эле. Бирок алар минтишкен жок, Аллах Таала аларды каапырлыгы себептүү ырайымынан кууп каргыштады. Алар пайдалуу ыйманга келишпейт. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 4

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ ءَامِنُواْ بِمَا نَزَّلۡنَا مُصَدِّقٗا لِّمَا مَعَكُم مِّن قَبۡلِ أَن نَّطۡمِسَ وُجُوهٗا فَنَرُدَّهَا عَلَىٰٓ أَدۡبَارِهَآ أَوۡ نَلۡعَنَهُمۡ كَمَا لَعَنَّآ أَصۡحَٰبَ ٱلسَّبۡتِۚ وَكَانَ أَمۡرُ ٱللَّهِ مَفۡعُولًا

Оо, китеп берилген яхудилер жана христиандар, силердеги Тоорот жана Инжилде айтылгандарды тастыктаган, Биз Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) түшүргөн Куранга ишенгиле. Болбосо, жүзүңөрдү артыңарга каратып коёбуз же, ишемби күнү балук уулоого тыюу салынганда ага баш ийбеген "ишемби күн ээлерин" каргап, ырайымынан алыстатып, маймылга айландыргандай, силерди да каргайбыз. Аллахтын иши жана тагдыры сөзсүз болот. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 4

إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَغۡفِرُ أَن يُشۡرَكَ بِهِۦ وَيَغۡفِرُ مَا دُونَ ذَٰلِكَ لِمَن يَشَآءُۚ وَمَن يُشۡرِكۡ بِٱللَّهِ فَقَدِ ٱفۡتَرَىٰٓ إِثۡمًا عَظِيمًا

Өзү жараткан нерселердин бирин Ага шерик кылып алууну Аллах Таала чынында кечирбейт. Ширк жана каапырлыктан башка күнөөлөрүн каалаган адамынан Өзүнүн артыкчылыгы менен кечирип жиберет. Же Өзүнүнү адилдиги менен каалаган пендесин күнөөсүнө жараша жазалап, азаптайт. Аллахка башка нерсени шерик кылган адам өтө чоң күнөөнү жаратыптыр, ошол боюнча өтүп кетсе, анысы кечирилбейт info
التفاسير:

external-link copy
49 : 4

أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ يُزَكُّونَ أَنفُسَهُمۚ بَلِ ٱللَّهُ يُزَكِّي مَن يَشَآءُ وَلَا يُظۡلَمُونَ فَتِيلًا

Оо, элчи, тиги өзүн жана ишин мактап, аруулангандардын абалын билбейсиңби? Чыны, Жалгыз Аллах гана каалаган пендесин мактап, аруулайт; Анткени Ал жүрөктө жашырылгандарды билет, иш-аракеттериңердин сообу эч кемитилбейт, эгер ал курма данегинин чел кабыгындай болсо да info
التفاسير:

external-link copy
50 : 4

ٱنظُرۡ كَيۡفَ يَفۡتَرُونَ عَلَى ٱللَّهِ ٱلۡكَذِبَۖ وَكَفَىٰ بِهِۦٓ إِثۡمٗا مُّبِينًا

Оо, элчи, аларды карачы, өздөрүн мактоо менен Аллахка кандай жалган нерселерди жаратып жатышат! Мына ушунун өзү алардын адашуусуна анык, жетиштүү күнөө info
التفاسير:

external-link copy
51 : 4

أَلَمۡ تَرَ إِلَى ٱلَّذِينَ أُوتُواْ نَصِيبٗا مِّنَ ٱلۡكِتَٰبِ يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡجِبۡتِ وَٱلطَّٰغُوتِ وَيَقُولُونَ لِلَّذِينَ كَفَرُواْ هَٰٓؤُلَآءِ أَهۡدَىٰ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ سَبِيلًا

Оо, элчи,Аллах Таала Тоороттон илим берген яхудилердин абалын билбейсиңби жана ага таң калбайсыңбы? Алар Аллахтан башка нерсени сыйынууга ылайыктуу деп, ага ишенип, анан бутпарастардын кылык-жолун мактап: "Мухаммаддын сахабаларынын жолуна караганда булар туура жолдо" дешет. info
التفاسير:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• كفاية الله للمؤمنين ونصره لهم تغنيهم عما سواه.
Момундарга, аларга жардам берүүдө, муктажсыз кылууда Аллах Өзү жетиштүү info

• بيان جرائم اليهود، كتحريفهم كلام الله، وسوء أدبهم مع رسوله صلى الله عليه وسلم، وتحاكمهم إلى غير شرعه سبحانه.
Аллахтын сөзүн бурмалаганы, Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) адепсиздик кылганы, Аллахтын шариятынан башкача өкүм чыгарганы, булар яхудилердин бузук-күнөө иштеринен. info

• بيان خطر الشرك والكفر، وأنه لا يُغْفر لصاحبه إذا مات عليه، وأما ما دون ذلك فهو تحت مشيئة الله تعالى.
Ширк жана каапырлык өтө коркунучтуу, эгер адам ушунтип жүрүп өтүп кетсе, мунусу кечирилбейт. Ал эми бул экөөнөн башка күнөөлөрү Аллахтын каалоосунда, (кааласа, кечирет, кааласа, күнөөсүнө жараша азаптайт) info