قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى

external-link copy
24 : 39

أَفَمَن يَتَّقِي بِوَجۡهِهِۦ سُوٓءَ ٱلۡعَذَابِ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ وَقِيلَ لِلظَّٰلِمِينَ ذُوقُواْ مَا كُنتُمۡ تَكۡسِبُونَ

Аллах туура жолго салган, дүйнөдө ийгилик берген жана акыретте бейишке киргизген адам менен каапырлык кылып ошол жолдо өлгөн, колу-буту кишенделип тозокко кирген адам тең болобу? Ал жер сүргөн жүзү менен тозоктон коргоно албайт. Каапырлык жана күнөө кылып өздөрүнө зыян бергендерге жемелөө катары айтылат: «Өзүңөр кылган каапырлык менен күнөөлөрдүн азабын таткыла! Бул силердин жазаңар». info
التفاسير:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• أهل الإيمان والتقوى هم الذين يخشعون لسماع القرآن، وأهل المعاصي والخذلان هم الذين لا ينتفعون به.
Ыймандуулар менен такыбалар Куранды жан дили менен берилип угушат. Ал эми күнөөкөрлөр менен жоготууга учурагандар андан эч кандай пайда алышпайт. info

• التكذيب بما جاءت به الرسل سبب نزول العذاب إما في الدنيا أو الآخرة أو فيهما معًا.
Пайгамбарлар алып келген нерселерди жалганга чыгаруу бул дүйнөдө же акыретте же экөөсүндө тең азаптын түшүүсүнө себеп болот. info

• لم يترك القرآن شيئًا من أمر الدنيا والآخرة إلا بيَّنه، إما إجمالًا أو تفصيلًا، وضرب له الأمثال.
Дүйнөгө жана акыретке байланыштуу кандай гана иш болбосун, ал тууралуу жалпы же жеке түрдө Куранда сөзсүз баяндалган жана ага мисалдар келтирилген. info