قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى

Аз-Зумар

سۈرىنىڭ مەقسەتلىرىدىن:
الدعوة للتوحيد والإخلاص، ونبذ الشرك.
Бир Кудайга сыйынуу ишенимине жана ыкластуулукка чакыруу, ширк кылуудан тыюу. info

external-link copy
1 : 39

تَنزِيلُ ٱلۡكِتَٰبِ مِنَ ٱللَّهِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَكِيمِ

Куран китеби эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү жана жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман Аллах тараптан гана түшкөн. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 39

إِنَّآ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ فَٱعۡبُدِ ٱللَّهَ مُخۡلِصٗا لَّهُ ٱلدِّينَ

Оо, пайгамбар! Биз сага акыйкатты камтыган Куранды түшүрдүк. Андагы кабарлардын баарысы чындык жана өкүмдөрдүн баарысы адилеттүү. Андыктан ширкти таштап, жалгыз Аллахка гана чын ыкластан сыйын! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 39

أَلَا لِلَّهِ ٱلدِّينُ ٱلۡخَالِصُۚ وَٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَ مَا نَعۡبُدُهُمۡ إِلَّا لِيُقَرِّبُونَآ إِلَى ٱللَّهِ زُلۡفَىٰٓ إِنَّ ٱللَّهَ يَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡ فِي مَا هُمۡ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَنۡ هُوَ كَٰذِبٞ كَفَّارٞ

Ширктен таза болгон дин Аллахка гана таандык! Ал эми Аллахтан башка кудайларды жана тагуттарды колдоочу тутуп аларга сыйынгандар бул кылгандарынын шылтоосу катары мындай деп айтышат: «Биз аларга бизди Аллахка бир аз болсо да жакындатсын, муктаждыктарыбызды Ага айтсын жана Анын алдында бизге ортомчулук кылышсын деп гана сыйынабыз». Чындыгында Аллах Ага гана сыйынган ыймандуулар менен мушрик каапырлардын ортосундагы Аллахты жалгыздоого байланышкан талаш-тартыштары тууралуу кыяматта өкүм кылат. Аллахтын шериги бар деп жана Анын жакшылыктарын танып кеткендерге Ал акыйкатка карай ийгилик бербейт. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 39

لَّوۡ أَرَادَ ٱللَّهُ أَن يَتَّخِذَ وَلَدٗا لَّٱصۡطَفَىٰ مِمَّا يَخۡلُقُ مَا يَشَآءُۚ سُبۡحَٰنَهُۥۖ هُوَ ٱللَّهُ ٱلۡوَٰحِدُ ٱلۡقَهَّارُ

Эгерде Аллах балалуу болушун каалаганда, анда жараткандардын арасынан Өзү каалаганын тандап, аны бала кылып алмак. Аллах мушриктердин айткандарынан аруу! Ал Өз затында, сыпаттарында жана иш-аракеттеринде Жалгыз. Бул нерселерде Анын шериги жок. Ал бүткүл макулуктарды Багынтуучу. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 39

خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ بِٱلۡحَقِّۖ يُكَوِّرُ ٱلَّيۡلَ عَلَى ٱلنَّهَارِ وَيُكَوِّرُ ٱلنَّهَارَ عَلَى ٱلَّيۡلِۖ وَسَخَّرَ ٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَۖ كُلّٞ يَجۡرِي لِأَجَلٖ مُّسَمًّىۗ أَلَا هُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡغَفَّٰرُ

Ал асмандар менен жерди улуу даанышмандык үчүн жаратты. Залымдар айткандай жөндөн-жөн эле жараткан жок. Түндү күндүзгө киргизет, күндүздү түнгө киргизет. Алардын бири келсе, экинчиси кетет. Жана Күндү менен Айды моюн сундурду. Ал экөөсүнүн ар бири бул жашоо бүтө турган белгиленген убакытка чейин жүрөт. Чындыгында Ал Өз душмандарынан өч алган жана эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, тообо кылган пенделеринин күнөөлөрүн Кечирүүчү. info
التفاسير:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• الداعي إلى الله يحتسب الأجر من عنده، لا يريد من الناس أجرًا على ما يدعوهم إليه من الحق.
Аллахка даават кылган адам сооп-сыйлыкты Андан гана үмүт кылат. Акыйкатка чакырганы үчүн адамдардан сыйлык күтпөйт. info

• التكلّف ليس من الدِّين.
Ашыкча убаракерчилик динден эмес. info

• التوسل إلى الله يكون بأسمائه وصفاته وبالإيمان وبالعمل الصالح لا غير.
Аллахка ортомчулук кылуу (тавассул) Анын ысым-сыпаттары, ыйман келтирүү жана жакшылык иштерди ортого салуу менен гана болот. info