قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى

بەت نومۇرى:close

external-link copy
44 : 24

يُقَلِّبُ ٱللَّهُ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَعِبۡرَةٗ لِّأُوْلِي ٱلۡأَبۡصَٰرِ

Аллах түн менен күндүздү узактыгына жана кыскалыгына, башталышына жана бүтүшүнө карап алмаштырып турат. Чындыгында бул айтылгандарда Аллахтын жаратуучулугуна далил болгон аят-белгилерде акыл ээлери үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын көрсөткөн сабактар бар. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 24

وَٱللَّهُ خَلَقَ كُلَّ دَآبَّةٖ مِّن مَّآءٖۖ فَمِنۡهُم مَّن يَمۡشِي عَلَىٰ بَطۡنِهِۦ وَمِنۡهُم مَّن يَمۡشِي عَلَىٰ رِجۡلَيۡنِ وَمِنۡهُم مَّن يَمۡشِي عَلَىٰٓ أَرۡبَعٖۚ يَخۡلُقُ ٱللَّهُ مَا يَشَآءُۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ

Аллах жер бетинде жүргөн бардык жан-жаныбарларды бел суудан жаратты. Алардын арасында жылан сыяктуу курсагы менен сойлоп жүргөндөрү бар, инсан же куш сыяктуу эки буту менен басып жүргөндөрү бар, үй жаныбарлары сыяктуу төрт буттап басып жүргөндөрү бар. Аллах айтылгандардан жана айтылбагандардан Өзү каалаганын жаратат. Чындыгында Аллах бардык нерсеге кудуреттүү, Аны эч бир нерсе алсырата албайт. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 24

لَّقَدۡ أَنزَلۡنَآ ءَايَٰتٖ مُّبَيِّنَٰتٖۚ وَٱللَّهُ يَهۡدِي مَن يَشَآءُ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ

Биз Мухаммадга (ага Аллахтын саламаттыгы-тынчтыгы болсун) эч кандай бүдөмүгү жок ачык-айкын аят-белгилерди түшүрдүк. Аллах Өзү каалаган адамга бурмалануусу жок туура жолго түшүүгө ийгилик берет. Ал жол аны бейишке жеткирет. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 24

وَيَقُولُونَ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَبِٱلرَّسُولِ وَأَطَعۡنَا ثُمَّ يَتَوَلَّىٰ فَرِيقٞ مِّنۡهُم مِّنۢ بَعۡدِ ذَٰلِكَۚ وَمَآ أُوْلَٰٓئِكَ بِٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Эки жүздүүлөр: «Биз Аллахка жана пайгамбарга ыйман келтирдик, Аллахка жана пайгамбарга моюн сундук»,– деп айтышат. Кийин алардын бир тобу жүз буруп кетишет. Алар Аллахтын жана Анын элчисинин Анын жолунда согушуу ж.б. тууралуу келген буйругуна баш ийишпейт. Бирок алар ага чейин Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирдик, моюн сундук деп ойлошкон эле. Аллахка жана Анын элчисине моюн сунуудан баш тарткан ал адамдар өздөрүн ыймандуубуз дешсе дагы алар ыймандуу эмес. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 24

وَإِذَا دُعُوٓاْ إِلَى ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ لِيَحۡكُمَ بَيۡنَهُمۡ إِذَا فَرِيقٞ مِّنۡهُم مُّعۡرِضُونَ

Эгерде ал эки жүздүүлөрдүн арасындагы талаш-тартыштарга пайгамбар өкүм кылсын деп аларды Аллахка жана Анын элчисине чакырса, алар эки жүздүүлүктөрү себептүү ошол замат анын өкүмүнөн баш тартып кетишет. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 24

وَإِن يَكُن لَّهُمُ ٱلۡحَقُّ يَأۡتُوٓاْ إِلَيۡهِ مُذۡعِنِينَ

Эгерде чындык алар тарапта экенин жана ал алардын кызыкчылыгына карап өкүм кыларын билишсе, алар ага моюн сунуп келишет. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 24

أَفِي قُلُوبِهِم مَّرَضٌ أَمِ ٱرۡتَابُوٓاْ أَمۡ يَخَافُونَ أَن يَحِيفَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِمۡ وَرَسُولُهُۥۚ بَلۡ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ

Алардын жүрөгүндө айыкпас оору барбы? Же алар анын Аллахтын элчиси экендигине шектенип жатышабы? Же Аллах менен Анын элчиси аларга адилетсиз өкүм кылат деп коркуп жатышабы? Мындай кылышканы бул айтылган нерселер үчүн эмес! Тескерисинче, алар анын өкүмүнөн баш тартып, ага баш ийбестик кылышканы себептүү өздөрүндөгү оору бар үчүн ушундай! info
التفاسير:

external-link copy
51 : 24

إِنَّمَا كَانَ قَوۡلَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ إِذَا دُعُوٓاْ إِلَى ٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ لِيَحۡكُمَ بَيۡنَهُمۡ أَن يَقُولُواْ سَمِعۡنَا وَأَطَعۡنَاۚ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ

Ал эми ал ыймандуулардын арасында өкүм кылуу үчүн алар Аллахка жана пайгамбарга чакырылса, алар: «Биз анын сөзүн уктук жана буйругуна моюн сундук» – деген сөздү гана айтышат. Ушул сыпаттарга ээ адамдар – мына ошолор бул дүйнөдө жана акыретте жеңишке жеткендер. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 24

وَمَن يُطِعِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَيَخۡشَ ٱللَّهَ وَيَتَّقۡهِ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡفَآئِزُونَ

Ким Аллахка жана Анын элчисине моюн сунса, алардын өкүмүн кабыл алса, күнөө жолдордон корксо, Аллахтын буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Анын азабынан коргонсо, мына ошолор гана бул дүйнө менен акырет жакшылыктарына жеткен жеңүүчүлөр. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 24

۞ وَأَقۡسَمُواْ بِٱللَّهِ جَهۡدَ أَيۡمَٰنِهِمۡ لَئِنۡ أَمَرۡتَهُمۡ لَيَخۡرُجُنَّۖ قُل لَّا تُقۡسِمُواْۖ طَاعَةٞ مَّعۡرُوفَةٌۚ إِنَّ ٱللَّهَ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ

Эки жүздүүлөр Аллахтын аты менен чамалары жетишинче аябай бекемделген ант беришип: «Эгер сен бизди согушка чыгууга буйрусаң, сөзсүз чыгабыз»,– дешет. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Ант ичпегиле! Силердин жалганыңар белгилүү. Баш ийип жатабыз дегениңер да белгилүү. Аллах силердин кылганыңардан кабардар. Силер иштериңерди канчалык жашырсаңар да алардын эч бири Ага жашыруун эмес». info
التفاسير:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• تنوّع المخلوقات دليل على قدرة الله.
Жаратылган жаратылыш, жан-жаныбарлардын ар кандай түрдө болушу Аллахтын кудуреттүүлүгүнө далил болот. info

• من صفات المنافقين الإعراض عن حكم الله إلا إن كان الحكم في صالحهم، ومن صفاتهم مرض القلب والشك، وسوء الظن بالله.
Алардын кызыкчылыгына чечилбеген абалдан башка бардык учурларда Аллахтын өкүмүнөн баш тартуу эки жүздүүлөрдүн сыпаттарынан. Ошондой эле шектенүү, Аллах тууралуу жаман ойдо болуу сыңары жүрөк оорулары да алардын сыпаттарынан. info

• طاعة الله ورسوله والخوف من الله من أسباب الفوز في الدارين.
Аллахка жана Анын элчисине моюн сунуу жана Аллахтан коркуу эки дүйнөдө жеңишке жетүүнүн себептеринен. info

• الحلف على الكذب سلوك معروف عند المنافقين.
Жалган ант берүү эки жүздүүлөргө мүнөздүү белгилүү сыпат. info