[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Аллахтан вахий (аяттар) келишин ушунчалык куса болуп күтөт болчу. Анан, Жебирейил периште келип, сагынткан аяттарды үйрөтө баштаганда, аяттар аягына чыккыча болбой, Жебирейилди ээрчип окуй берчу. «Эсимен чыгып калбаса экен» деп кооптонуусу да мунусуна шыкак болгон. Бирок, Аллах таала Курани Карим аяттарын Өз пайгамбарынын жүрөгүнө орноштуруу милдетин Өзүнө алган эле.