[1] Ар бир адамдын напсиси аны көбүнчө оңой, жыргал, бирок күнөө иштерге азгырат. Ал эми, күнөөнүн убактылуу жыргалчылыгы өтүп кетээри менен, же болбосо, өлүм убактысы келгенде ар бир адамдын напсиси өзүнүн ээсин (демек өзүн) кетирген күнөөлөрү, катачылыктары үчүн жемелейт. Бул кеч болсо да, өз күнөөсүнө бушайман болгон напси. Ал эми ыйманы күчтүү момундардын напсиси, аларды күнөө ишке бара электе эле, өз ээсин «барба эле барба» деп айыптап, коргоп, насаат айтып турат.
[1] Эң назик деп эсептелген бармак сөөктөрүн орду-ордуна коюуга кудуреттүү болгон Аллах таала үчүн дененин башка сөөктөрүн өз ордуна чогултуу оор эмес.
[1] Ошол күн келгенге чейин «Күн Айга жете албайт жана түн күндүздөн өтүп кете албайт».(«Я-Син”-38) Ал эми, Кыяматта бул дүйнө жок болушу үчүн ааламдык кыйроолор башталат. Күндүн Ай менен кагылышып, биригип кетүүсү ошол кыйроонун бир гана окуясы.
[1] Кээ бирөөлөр өзүнүн дене мүчөлөрү жасаган күнөөлөрүнө күбөлүк берип турса да кууланып, түрлөнүп, ар кандай шылтоолорду айтып, өзүн актаганга жан талашат. Бирок, анын шылтоолору шоона эшпейт.
[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Аллахтан вахий (аяттар) келишин ушунчалык куса болуп күтөт болчу. Анан, Жебирейил периште келип, сагынткан аяттарды үйрөтө баштаганда, аяттар аягына чыккыча болбой, Жебирейилди ээрчип окуй берчу. «Эсимен чыгып калбаса экен» деп кооптонуусу да мунусуна шыкак болгон. Бирок, Аллах таала Курани Карим аяттарын Өз пайгамбарынын жүрөгүнө орноштуруу милдетин Өзүнө алган эле.