Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Muhtasar Kur'an-ı Kerim Tefsiri Kırgızca Tercümesi

Sayfa numarası:close

external-link copy
47 : 41

۞ إِلَيۡهِ يُرَدُّ عِلۡمُ ٱلسَّاعَةِۚ وَمَا تَخۡرُجُ مِن ثَمَرَٰتٖ مِّنۡ أَكۡمَامِهَا وَمَا تَحۡمِلُ مِنۡ أُنثَىٰ وَلَا تَضَعُ إِلَّا بِعِلۡمِهِۦۚ وَيَوۡمَ يُنَادِيهِمۡ أَيۡنَ شُرَكَآءِي قَالُوٓاْ ءَاذَنَّٰكَ مَا مِنَّا مِن شَهِيدٖ

Кыяматтын илими Аллахтын Өзүнө гана кайтарылат. Ал анын качан болорун Өзү гана билет, аны Андан башка эч ким билбейт. Мөмө-жемиштердин аларды сактоочу бүчүрлөрдөн чыгуусу, ургаачынын боюна бүтүп жана төрөөсү Анын илими менен гана болот. Ал алардын эч бирин өткөрүп жибербейт. Кыяматта Аллах менен катар айкелгендерге сыйынган мушриктерди бул кылгандары үчүн Аллах аларды жемелеп: «Силер шериктер деп ойлогон Менин шериктерим кайда?» – дегенде мушриктер айтышат: «Сенин алдыңда мойнубузга алабыз, Сенин шеригиң бар деп арабыздан азыр эч ким күбөлүккө өтпөйт». info
التفاسير:

external-link copy
48 : 41

وَضَلَّ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَدۡعُونَ مِن قَبۡلُۖ وَظَنُّواْ مَا لَهُم مِّن مَّحِيصٖ

Алар дуба кылышкан айкелдери аларды таштап кетишти жана Аллахтын азабынан качып кутула албастарын анык билишти. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 41

لَّا يَسۡـَٔمُ ٱلۡإِنسَٰنُ مِن دُعَآءِ ٱلۡخَيۡرِ وَإِن مَّسَّهُ ٱلشَّرُّ فَيَـُٔوسٞ قَنُوطٞ

Инсан өзүнө ден-соолук, байлык жана бала-чака сыяктуу жакшылыктарды сурагандан эч тажабайт. Эгер ал кедейликке же ооруга туш болсо, анда ал Аллахтын ырайымынан таптакыр эле үмүт үзүп коёт. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 41

وَلَئِنۡ أَذَقۡنَٰهُ رَحۡمَةٗ مِّنَّا مِنۢ بَعۡدِ ضَرَّآءَ مَسَّتۡهُ لَيَقُولَنَّ هَٰذَا لِي وَمَآ أَظُنُّ ٱلسَّاعَةَ قَآئِمَةٗ وَلَئِن رُّجِعۡتُ إِلَىٰ رَبِّيٓ إِنَّ لِي عِندَهُۥ لَلۡحُسۡنَىٰۚ فَلَنُنَبِّئَنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِمَا عَمِلُواْ وَلَنُذِيقَنَّهُم مِّنۡ عَذَابٍ غَلِيظٖ

Эгерде Биз ага ден-соолук, байлык берсек жана аны башына түшкөн балээден, оорудан саламат кылсак ал мындай деп гана айтат: «Бул мага буйрук экен. Анткени мен ага татыктуумун. Мен кыямат болот деп эч ойлобойм. Эгер кыямат болуп калчу болсо деле Аллахтын алдында мен үчүн байлык жана мал-мүлк бар. Ал мага аны дүйнөдө татыктуу болгонум себептүү бергени сымал акыретте да мага аларды берет». Биз Аллахка каапырлык кылгандарга алардын кылган каапырлыгы менен күнөөлөрүнүн кабарын сөзсүз айтабыз жана аларга чектен ашкан катаал азапты таттырабыз. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 41

وَإِذَآ أَنۡعَمۡنَا عَلَى ٱلۡإِنسَٰنِ أَعۡرَضَ وَنَـَٔا بِجَانِبِهِۦ وَإِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ فَذُو دُعَآءٍ عَرِيضٖ

Эгерде Биз инсанга ден-соолук, амандык сыяктуу жакшылыктарды берсек, ал Аллахты эстөөнү жана Ага моюн сунууну унутуп, кырын салып текеберленип калат. А эгер анын башына оору, кедейлик келсе, ал Аллахка башына түшкөн балээден куткар деп арыз-муңун айтып, узак дубаларды кылып баштайт. Ал Раббисинин ага берген жакшылыктарына шүгүр кылбайт жана Анын сыноолоруна сабыр кылбайт. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 41

قُلۡ أَرَءَيۡتُمۡ إِن كَانَ مِنۡ عِندِ ٱللَّهِ ثُمَّ كَفَرۡتُم بِهِۦ مَنۡ أَضَلُّ مِمَّنۡ هُوَ فِي شِقَاقِۭ بَعِيدٖ

Оо, пайгамбар! Ал жалганчы мушриктерге айт: «Айткылачы, эгер бул Куран Аллах тараптан болуп, кийин силер ага каапырлык кылып, жалганга чыгарган болсоңор, анда силердин абалыңар кандай болот? Акыйкаттын ачыктыгына жана анын далилдеринин күчтүүлүгүнө карабастан ага баш ийбестик кылган адамдан да көбүрөөк адашкан ким бар? info
التفاسير:

external-link copy
53 : 41

سَنُرِيهِمۡ ءَايَٰتِنَا فِي ٱلۡأٓفَاقِ وَفِيٓ أَنفُسِهِمۡ حَتَّىٰ يَتَبَيَّنَ لَهُمۡ أَنَّهُ ٱلۡحَقُّۗ أَوَلَمۡ يَكۡفِ بِرَبِّكَ أَنَّهُۥ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدٌ

Биз курайш каапырларынын бул Куран тууралуу шектенүүлөрүн жок кылып, ал шек-күмөнсүз акыйкат экени анык болгонго чейин аларга Аллахтын мусулмандарга ачып койгон жер мейкиндигиндеги аят-белгилерибизди көргөзөбүз жана ошондой эле Биз Меккени багынтуу менен аларга өздөрүндөгү аят-белгилерди көргөзөбүз. Куран Аллах тараптан экендигине Ал Өзү күбө бергени мушриктерге жетиштүү эмеспи? Аллахтан да күчтүү күбөлүккө өтүүчү ким бар? Эгерде алар акыйкатты каалашканда, анда аларга Раббисинин күбөлүгү жетиштүү болмок. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 41

أَلَآ إِنَّهُمۡ فِي مِرۡيَةٖ مِّن لِّقَآءِ رَبِّهِمۡۗ أَلَآ إِنَّهُۥ بِكُلِّ شَيۡءٖ مُّحِيطُۢ

Чындыгында мушриктер кыяматта кайра тирилүүнү жокко чыгарышканы үчүн Раббисине жолугуудан шектенүүдө. Алар акыретке ыйман келтиришпейт. Ошондуктан жакшылык иштерди кылып ага даярдык көрүшпөйт. Акыйкатта Аллах илими жана кудурети менен бүткүл нерсени Өзүнө камтып алат. info
التفاسير:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• علم الساعة عند الله وحده.
Кыяматтын качан болорун Аллах гана билет. info

• تعامل الكافر مع نعم الله ونقمه فيه تخبط واضطراب.
Каапыр адамдын Аллахтын жакшылыктары менен жамандыктарына карата болгон мамилесинде катачылык жана экиленүү бар. info

• إحاطة الله بكل شيء علمًا وقدرة.
Аллахтын илими жана кудурети бүткүл нерсени өзүмө камтып алат. info