Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Muhtasar Kur'an-ı Kerim Tefsiri Kırgızca Tercümesi

external-link copy
51 : 41

وَإِذَآ أَنۡعَمۡنَا عَلَى ٱلۡإِنسَٰنِ أَعۡرَضَ وَنَـَٔا بِجَانِبِهِۦ وَإِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ فَذُو دُعَآءٍ عَرِيضٖ

Эгерде Биз инсанга ден-соолук, амандык сыяктуу жакшылыктарды берсек, ал Аллахты эстөөнү жана Ага моюн сунууну унутуп, кырын салып текеберленип калат. А эгер анын башына оору, кедейлик келсе, ал Аллахка башына түшкөн балээден куткар деп арыз-муңун айтып, узак дубаларды кылып баштайт. Ал Раббисинин ага берген жакшылыктарына шүгүр кылбайт жана Анын сыноолоруна сабыр кылбайт. info
التفاسير:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• علم الساعة عند الله وحده.
Кыяматтын качан болорун Аллах гана билет. info

• تعامل الكافر مع نعم الله ونقمه فيه تخبط واضطراب.
Каапыр адамдын Аллахтын жакшылыктары менен жамандыктарына карата болгон мамилесинде катачылык жана экиленүү бар. info

• إحاطة الله بكل شيء علمًا وقدرة.
Аллахтын илими жана кудурети бүткүл нерсени өзүмө камтып алат. info