Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Muhtasar Kur'an-ı Kerim Tefsiri Kırgızca Tercümesi

Sayfa numarası:close

external-link copy
283 : 2

۞ وَإِن كُنتُمۡ عَلَىٰ سَفَرٖ وَلَمۡ تَجِدُواْ كَاتِبٗا فَرِهَٰنٞ مَّقۡبُوضَةٞۖ فَإِنۡ أَمِنَ بَعۡضُكُم بَعۡضٗا فَلۡيُؤَدِّ ٱلَّذِي ٱؤۡتُمِنَ أَمَٰنَتَهُۥ وَلۡيَتَّقِ ٱللَّهَ رَبَّهُۥۗ وَلَا تَكۡتُمُواْ ٱلشَّهَٰدَةَۚ وَمَن يَكۡتُمۡهَا فَإِنَّهُۥٓ ءَاثِمٞ قَلۡبُهُۥۗ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ عَلِيمٞ

Эгерде сапарда жүрүп, карыз кагазын жазууга адам таппасаңар, анда карыздар тарап карызын төлөгөнгө чейин карыз берүүчүнүн укугуна кепилдик катары анын ээлигине күрөөлүк коёт. Эгер бири-бириңерге ишенсеңер, анда жазуу, күбөлөндүрүү жана күрөөгө коюу зарыл эмес. Бул учурда карыз карызкордун мойнундагы аманат болуп, ал аны карыз берүүчүгө төлөп берүүгө жана бул аманаттын эч нерсесин танбастан Аллахтан коркууга тийиш. Эгер ал танса, келишим мамилеге күбө болгон адам көрсөтмө берсин жана аны жашырбасын. Ал эми ким аны жашырса, анын жүрөгү бузуку жүрөк. Аллах кылганыңарды Билүүчү. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес. Жакында Ал силерге иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:

external-link copy
284 : 2

لِّلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۗ وَإِن تُبۡدُواْ مَا فِيٓ أَنفُسِكُمۡ أَوۡ تُخۡفُوهُ يُحَاسِبۡكُم بِهِ ٱللَّهُۖ فَيَغۡفِرُ لِمَن يَشَآءُ وَيُعَذِّبُ مَن يَشَآءُۗ وَٱللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٌ

Асмандар менен жердеги нерселер жаратууда, ээлик кылууда жана башкарууда жалгыз Аллахка таандык. Жүрөгүңөрдөгү нерсени ачыкка чыгарсаңар да, жашырсаңар да, Аллах аны билет жана силерге анын сыйлыгын же жазасын берет. Андан кийин кимди кааласа жакшылык жана ырайымдуулук менен кечирет, кимди кааласа адилеттүүлүк жана даанышмандык менен азаптайт. Аллах бүткүл нерсеге кудуреттүү. info
التفاسير:

external-link copy
285 : 2

ءَامَنَ ٱلرَّسُولُ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡهِ مِن رَّبِّهِۦ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَۚ كُلٌّ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَمَلَٰٓئِكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ لَا نُفَرِّقُ بَيۡنَ أَحَدٖ مِّن رُّسُلِهِۦۚ وَقَالُواْ سَمِعۡنَا وَأَطَعۡنَاۖ غُفۡرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيۡكَ ٱلۡمَصِيرُ

Мухаммад пайгамбар Раббиси тарабынан түшүрүлгөн бардык нерселерге ыйман келтирди жана ыймандуулар да ыйман келтиришти. Алардын баарысы Аллахка ыйман келтиришти, ошондой эле бардык периштелерине, пайгамбарларга түшүргөн бардык китептерине жана аларга жиберген бардык элчилерине ыйман келтирип: «Биз Аллахтын элчилеринен эч кимисин бөлбөйбүз» – дешти. Жана алар айтышты: «Бизге буйруганыңды жана тыйганыңды уктук. Жана буйруганыңды аткарып, тыйганыңды таштоо менен Сага моюн сундук. Оо, Раббибиз! Бизди кечиришиңди суранабыз. Бардык иштерибизде бир гана Сага кайтабыз». info
التفاسير:

external-link copy
286 : 2

لَا يُكَلِّفُ ٱللَّهُ نَفۡسًا إِلَّا وُسۡعَهَاۚ لَهَا مَا كَسَبَتۡ وَعَلَيۡهَا مَا ٱكۡتَسَبَتۡۗ رَبَّنَا لَا تُؤَاخِذۡنَآ إِن نَّسِينَآ أَوۡ أَخۡطَأۡنَاۚ رَبَّنَا وَلَا تَحۡمِلۡ عَلَيۡنَآ إِصۡرٗا كَمَا حَمَلۡتَهُۥ عَلَى ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِنَاۚ رَبَّنَا وَلَا تُحَمِّلۡنَا مَا لَا طَاقَةَ لَنَا بِهِۦۖ وَٱعۡفُ عَنَّا وَٱغۡفِرۡ لَنَا وَٱرۡحَمۡنَآۚ أَنتَ مَوۡلَىٰنَا فَٱنصُرۡنَا عَلَى ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡكَٰفِرِينَ

Аллах эч бир жанга анын мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча нерсени жүктөбөйт. Анткени Аллахтын дини жеңилдикке негизделген, анда эч кандай кыйынчылык жок. Ким жакшылык кылса, анын сыйлыгын алат, андан эч нерсе кемитилбейт. Ким жамандык кылса, анын жазасын тартат, аны башка бирөө көтөрбөйт. Пайгамбар жана ыймандуулар айтышты: «Оо, Раббибиз! Кайсы бир иште же сөздө атайлабастан ката кетирсек же унутуп калсак бизди азаптаба. Оо, Раббибиз! Сен бизден мурун зулумдуктары себептүү жазалаган жөөттөргө милдет кылгандай бизге оорчулукту жараткан жана аткара албаган иштерди милдет кылба, бизге кыйынчылыкты жараткан жана күчүбүз жетпеген буйруктарды жана тыюуларды жүктөбө, күнөөлөрүбүздү кеч, бизди кечир жана бизге айкөлдүгүң менен ырайым кыл. Сен биздин Комкорчубузсуң жана Колдоочубузсуң, каапырлар коомуна каршы бизге жардам бер». info
التفاسير:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• جواز أخذ الرهن لضمان الحقوق في حال عدم القدرة على توثيق الحق، إلا إذا وَثِقَ المتعاملون بعضهم ببعض.
Укуктук документтерди ырастоо мүмкүн болбогон учурда укуктардын кепилдиги катары күрөө алууга уруксат. Эгерде тараптар бири-бирине ишенген болсо, анда зарыл эмес. info

• حرمة كتمان الشهادة وإثم من يكتمها ولا يؤديها.
Күбөлүктү жашыруу арам жана аны жашырып, аткарбагандар күнөөкөр. info

• كمال علم الله تعالى واطلاعه على خلقه، وقدرته التامة على حسابهم على ما اكتسبوا من أعمال.
Аллах тааланын илими жана жараткандары тууралуу билгичтиги кемчиликсиз жана алардан иш-аракеттери үчүн сурак алууда кудуреттүүлүгү чексиз. info

• تقرير أركان الإيمان وبيان أصوله.
Ыймандын түркүктөрүн жана анын негиздеринин баяндоо. info

• قام هذا الدين على اليسر ورفع الحرج والمشقة عن العباد، فلا يكلفهم الله إلا ما يطيقون، ولا يحاسبهم على ما لا يستطيعون.
Бул дин жеңилдикке, пенделердин түйшүгүн жана кыйынчылыгын жок кылууга негизделген. Аллах аларга мүмкүнчүлүктөрү жеткен нерселерди гана милдет кылат жана аларды колунан келбеген нерселер үчүн жоопко тартпайт. info