Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Muhtasar Kur'an-ı Kerim Tefsiri Kırgızca Tercümesi

Sayfa numarası:close

external-link copy
249 : 2

فَلَمَّا فَصَلَ طَالُوتُ بِٱلۡجُنُودِ قَالَ إِنَّ ٱللَّهَ مُبۡتَلِيكُم بِنَهَرٖ فَمَن شَرِبَ مِنۡهُ فَلَيۡسَ مِنِّي وَمَن لَّمۡ يَطۡعَمۡهُ فَإِنَّهُۥ مِنِّيٓ إِلَّا مَنِ ٱغۡتَرَفَ غُرۡفَةَۢ بِيَدِهِۦۚ فَشَرِبُواْ مِنۡهُ إِلَّا قَلِيلٗا مِّنۡهُمۡۚ فَلَمَّا جَاوَزَهُۥ هُوَ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَهُۥ قَالُواْ لَا طَاقَةَ لَنَا ٱلۡيَوۡمَ بِجَالُوتَ وَجُنُودِهِۦۚ قَالَ ٱلَّذِينَ يَظُنُّونَ أَنَّهُم مُّلَٰقُواْ ٱللَّهِ كَم مِّن فِئَةٖ قَلِيلَةٍ غَلَبَتۡ فِئَةٗ كَثِيرَةَۢ بِإِذۡنِ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ مَعَ ٱلصَّٰبِرِينَ

Талут аскерлери менен шаардан чыкканда аларга: «Аллах силерди бир дарыя менен сынайт. Ким андан ичсе, ал менин жолумда эмес жана согушта мени менен бирге болбойт. Ким андан ичпесе, ал менин жолумда жана согушта мени менен бирге болот. Ал эми ким чыдабай колу менен бир кочуш суу сузуп ичсе, эч нерсе эмес» – деди. Аскерлердин көбү ичип алышты, аз гана бөлүгү катуу чаңкаганына карабай чыдап ичишкен жок. Талут жана аны менен бирге болгон ыймандуулар дарыядан өткөндө, анын кээ бир жоокерлери: «Бүгүн биз Жалут жана анын аскерлерине туруштук бере албайбыз» – дешти. Ошондо кыямат күнү Аллахка жолугарына толук ишенгендер: «Канчалаган аз сандагы ыймандуулар тобу Аллахтын уруксаты жана жардамы менен көп сандагы каапырлардын тобунун үстүнөн жеңишке жетишкен. Жеңишке жетүүдө көптүк эмес, ыйман маанилүү». Аллах сабырдуу пенделери менен бирге, аларды колдойт жана жардам берет. info
التفاسير:

external-link copy
250 : 2

وَلَمَّا بَرَزُواْ لِجَالُوتَ وَجُنُودِهِۦ قَالُواْ رَبَّنَآ أَفۡرِغۡ عَلَيۡنَا صَبۡرٗا وَثَبِّتۡ أَقۡدَامَنَا وَٱنصُرۡنَا عَلَى ٱلۡقَوۡمِ ٱلۡكَٰفِرِينَ

Качан алар Жалут менен анын аскерлеринин алдына чыкканда, Аллахка кайрылып: «Раббибиз! Жүрөгүбүзгө сабырдуулукту нөшөрлөтүп куй, душман алдында качпашыбыз жана жеңилип калбашыбыз үчүн кадамдарыбызды бекем кыл жана Өз кудуретиң жана колдооң менен каапыр коомго каршы бизге жардам бер» – деп дуба кылышты. info
التفاسير:

external-link copy
251 : 2

فَهَزَمُوهُم بِإِذۡنِ ٱللَّهِ وَقَتَلَ دَاوُۥدُ جَالُوتَ وَءَاتَىٰهُ ٱللَّهُ ٱلۡمُلۡكَ وَٱلۡحِكۡمَةَ وَعَلَّمَهُۥ مِمَّا يَشَآءُۗ وَلَوۡلَا دَفۡعُ ٱللَّهِ ٱلنَّاسَ بَعۡضَهُم بِبَعۡضٖ لَّفَسَدَتِ ٱلۡأَرۡضُ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ ذُو فَضۡلٍ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ

Аллахтын каалоосу менен аларды жеңишти жана Дауд алардын башчысы Жалутту өлтүрдү. Аллах ага падышалыкты жана пайгамбарлыкты берди, ага илимдин каалаган түрлөрүнөн үйрөтүп, дүйнөдө жана акыретте пайдасы тийген нерселерди ага топтоду. Эгерде кээ бир адамдар аркылуу башкалардын бузукулугун токтотуу – Аллахтын тутунган жолу болбогондо, анда жер бети бузукулардын башкаруусу менен бузулуп кетмек. Бирок Аллах бардык макулуктарга жакшылык кылуучу. info
التفاسير:

external-link copy
252 : 2

تِلۡكَ ءَايَٰتُ ٱللَّهِ نَتۡلُوهَا عَلَيۡكَ بِٱلۡحَقِّۚ وَإِنَّكَ لَمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

Булар Аллахтын ачык-айкын аяттары. Оо, пайгамбар! Биз аны сага окуп беребиз, алар өзүнө акыйкат кабарларды жана адилет өкүмдөрдү камтыган жана акыйкатта сен ааламдардын Раббисинин элчилериненсиң. info
التفاسير:
Bu sayfadaki ayetlerin faydaları:
• من حكمة القائد أن يُعرِّض جيشه لأنواع الاختبارات التي يتميز بها جنوده ويعرف الثابت من غيره.
Жол башчынын өз аскерлерин айырмалап, алардын кимиси туруктуу экенин билиш үчүн аларды ар кандай сыноолорго дуушар кылуу анын акылмандыгынан. info

• العبرة في النصر ليست بمجرد كثرة العدد والعدة فقط، وإنما معونة الله وتوفيقه أعظم الأسباب للنصر والظَّفَر.
Жеңишке жетүүдө тек гана сандын көптүгү жана даярдыгы маанилүү эмес, жеңишке жетүүнүн эң чоң себеби – Аллахтын жардамы жана ийгилиги. info

• لا يثبت عند الفتن والشدائد إلا من عَمَرَ اليقينُ بالله قلوبَهم، فمثل أولئك يصبرون عند كل محنة، ويثبتون عند كل بلاء.
Козголоңдордо жана кыйынчылыктарда жүрөгүндө Аллахка болгон терең ишиним орногондор гана бекем турушат. Андайлар бардык сыноолорго чыдашат жана ар бир кыйынчылыкка туруштук беришет. info

• الضراعة إلى الله تعالى بقلب صادق متعلق به من أعظم أسباب إجابة الدعاء، ولا سيما في مواطن القتال.
Аллах таалага чын жүрөктөн жалынып-жалбаруу – дубанын кабыл болушунун эң чон себептеринен, айрыкча согуш майдандарында. info

• من سُنَّة الله تعالى وحكمته أن يدفع شر بعض الخلق وفسادهم في الأرض ببعضهم.
Кээ бирлердин жер бетиндеги жамандыгын жана бузукулугун башка бирөөлөр аркылуу токтотуу – Аллах тааланын тутунган жолу. info