แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - คำแปลภาษาคีร์กีซ สำหรับหนังสืออรรถาธิบายอัลกุรอานอย่างสรุป (อัลมุคตะศ็อร ฟีตัฟซีร อัลกุรอานิลกะรีม)

external-link copy
15 : 25

قُلۡ أَذَٰلِكَ خَيۡرٌ أَمۡ جَنَّةُ ٱلۡخُلۡدِ ٱلَّتِي وُعِدَ ٱلۡمُتَّقُونَۚ كَانَتۡ لَهُمۡ جَزَآءٗ وَمَصِيرٗا

Оо, пайгамбар! Аларга: «Силерге сыпатталып айтылган ушул азап жакшыбы же жыргалчылыгы токтобой дайым уланган түбөлүк бейиш жакшыбы?» – деп айт. Аллах аны ыймандуу пенделеринин ичинен такыбаларына сыйлык жана кыямат күнү алардын кайтып барар жайы болот деп убада кылган. info
التفاسير:
ประโยชน์​ที่​ได้รับ​:
• الجمع بين الترهيب من عذاب الله والترغيب في ثوابه.
Аллахтын азабынан коркутуу жана Анын сообуна кызыктыруу ыкмасын бирге колдонуу керек. info

• متع الدنيا مُنْسِية لذكر الله.
Дүйнө жыргалчылыктары Аллахты эстөөнү унуттурат. info

• بشرية الرسل نعمة من الله للناس لسهولة التعامل معهم.
Пайгамбарлардын адамзаттан болушу – Аллахтын адамдарга кылган жакшылыгы. Анткени алар менен мамиле кылуу жеңил. info

• تفاوت الناس في النعم والنقم اختبار إلهي لعباده.
Жакшылыктагы жана кыйынчылыктагы адамдардын ортосундагы айырмачылыктар – Аллахтын пенделерине кылган сыноосу. info