แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - คำแปลภาษาคีร์กีซ สำหรับหนังสืออรรถาธิบายอัลกุรอานอย่างสรุป (อัลมุคตะศ็อร ฟีตัฟซีร อัลกุรอานิลกะรีม)

หมายเลข​หน้า​:close

external-link copy
220 : 2

فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِۗ وَيَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلۡيَتَٰمَىٰۖ قُلۡ إِصۡلَاحٞ لَّهُمۡ خَيۡرٞۖ وَإِن تُخَالِطُوهُمۡ فَإِخۡوَٰنُكُمۡۚ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ ٱلۡمُفۡسِدَ مِنَ ٱلۡمُصۡلِحِۚ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ لَأَعۡنَتَكُمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٞ

Бул дүйнөдө жана акыретте силерге эмне пайдалуу экенине ой жүгүртүүңөр үчүн ушулар шарият кылынды. Оо, пайгамбар! Сахабаларың сенден жетимдерди кепилдикке алуу, алар менен болгон мамиледе кандай иш жүргүзүү керектигин жана аларды каржылоодо, тамак-ашы жана турак-жайы бирге болгондо алардын мал-мүлкүн аралаштырса болобу деп сурашат. Алар жооп кылып айт: «Алардын мал-мүлкүнөн төлөм акы албастан же аралаштырбастан аны жөнгө салуу менен жакшылык кылганыңар — силер үчүн Аллахтын алдында жакшыраак жана сообу көбүрөөк. Бул алардын мал-мүлкү үчүн жакшы, анткени муну менен мал-мүлктөрү сакталат. Эгерде силер турмуш-тиричиликте, турак-жайда жана башка нерселерде алардын мал-мүлкүн өзүңөрдүкүнө кошуп шериктеш болсоңор, мунун эч кандай жамандыгы жок. Анткени алар диндеш бир тууганыңар, ал эми бир туугандар бири-бирине жардам беришет жана бири-биринин иштерине көмөктөшөт. Аллах жетимдердин мал-мүлкүнө шериктеш болгон камкорчулардын кимиси жамандыкты, кимиси жакшылыкты көздөгөнүн жакшы билет. Эгерде жетимдер маселесинде силерге кыйынчылык жаратууну кааласа, анда кыйынчылык жаратмак. Бирок Ал силер үчүн алар менен болгон мамилени жеңилдетип койду. Анткени Анын шарияты жеңилдикке негизделген. Чындыгында Аллах эч бир нерсеге жеңилбеген Кудуреттүү, Өз жаратуусунда, башкаруусунда жана шариятында Даанышман. info
التفاسير:

external-link copy
221 : 2

وَلَا تَنكِحُواْ ٱلۡمُشۡرِكَٰتِ حَتَّىٰ يُؤۡمِنَّۚ وَلَأَمَةٞ مُّؤۡمِنَةٌ خَيۡرٞ مِّن مُّشۡرِكَةٖ وَلَوۡ أَعۡجَبَتۡكُمۡۗ وَلَا تُنكِحُواْ ٱلۡمُشۡرِكِينَ حَتَّىٰ يُؤۡمِنُواْۚ وَلَعَبۡدٞ مُّؤۡمِنٌ خَيۡرٞ مِّن مُّشۡرِكٖ وَلَوۡ أَعۡجَبَكُمۡۗ أُوْلَٰٓئِكَ يَدۡعُونَ إِلَى ٱلنَّارِۖ وَٱللَّهُ يَدۡعُوٓاْ إِلَى ٱلۡجَنَّةِ وَٱلۡمَغۡفِرَةِ بِإِذۡنِهِۦۖ وَيُبَيِّنُ ءَايَٰتِهِۦ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ

Оо, ыймандуулар! Аллахка ширк кылган мушрик аялдар жалгыз Аллахка ыйман келтирип, Ислам динине кирмейинче аларга үйлөнбөгүлө. Чындыгында айкелдерге сыйынган эркин аял сулуулугу жана байлыгы менен силерге жагып турса да, ага караганда Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирген күн аял жакшыраак. Ошондой эле мусулман аялдарды мушрик эркектерге турмушка бербегиле. Чындыгында эркин мушрик силерге жагып турса да, ага караганда Аллахка ыйман келтирген кул жакшыраак. Ширк менен сыпатталган эркектер жана аялдар сөздөрү жана иш-аракеттери менен тозокко алып баруучу нерселерге чакырышат, ал эми Аллах Өзүнүн уруксаты жана жакшылыгы менен бейишке кирүүгө жана күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болгон жакшылык иштерге чакырат жана Өзүнүн аят-белгилерин ачык баяндайт. Балким алар көрсөткөн нерселерден сабак алып, аларды иш жүзүндө аткарышат. info
التفاسير:

external-link copy
222 : 2

وَيَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلۡمَحِيضِۖ قُلۡ هُوَ أَذٗى فَٱعۡتَزِلُواْ ٱلنِّسَآءَ فِي ٱلۡمَحِيضِ وَلَا تَقۡرَبُوهُنَّ حَتَّىٰ يَطۡهُرۡنَۖ فَإِذَا تَطَهَّرۡنَ فَأۡتُوهُنَّ مِنۡ حَيۡثُ أَمَرَكُمُ ٱللَّهُۚ إِنَّ ٱللَّهَ يُحِبُّ ٱلتَّوَّٰبِينَ وَيُحِبُّ ٱلۡمُتَطَهِّرِينَ

Оо, пайгамбар! Сахабаларың сенден этек кир (белгилүү бир убакыттарда аялдын жатынынан чыккан кан) тууралуу сурашат? Аларга жооп кылып айт: «Этек кир эркекке да, аялга да зыяндуу. Ошондуктан ал учурда аялдар менен жыныстык мамиле кылуудан сактангыла жана алардын каны токтоп, андан жуунуп тазаланмайынча аларга кошулуу максатта жакындабагыла. Эгерде этек кири бүтүп, андан тазаланган болсо, анда алар менен силерге уруксат берилген жолдо адатта кошулуучу жагынан кошула бергиле. Чындыгында Аллах күнөөлөрүнө көп тообо кылгандарды жана ыплас нерселерден тазаланган адамдарды жакшы көрөт». info
التفاسير:

external-link copy
223 : 2

نِسَآؤُكُمۡ حَرۡثٞ لَّكُمۡ فَأۡتُواْ حَرۡثَكُمۡ أَنَّىٰ شِئۡتُمۡۖ وَقَدِّمُواْ لِأَنفُسِكُمۡۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّكُم مُّلَٰقُوهُۗ وَبَشِّرِ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Жер түшүм берген сыяктуу аялдарыңар да силерге бала-чака төрөп берген эгинзарыңар. Ал эгинзарга (жыныс мүчөсүнө) каалаган тараптан, каалагандай абалда алды жагына гана кошулгула. Өзүңөр үчүн жакшылык иштерди камдагыла. Алардын бири – эркек киши аялы менен кошулганда Аллахка жакындоону көздөөсү жана таза урпакты үмүт кылуусу. Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларын таштап Андан корккула. Мунун ичинде Аллах силерге шарият кылган аялдардын маселелери да камтылган. Билгиле, кыямат күнү Ага жолугасыңар, Анын алдында турасыңар, Ал иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет. Оо, пайгамбар! Ыймандуулар Раббисине жолукканда жана Анын асыл Жүзүн көргөн кезде аларды кубанычка бөлөгөн түбөлүк жыргалчылыкты аларга сүйүнчүлө. info
التفاسير:

external-link copy
224 : 2

وَلَا تَجۡعَلُواْ ٱللَّهَ عُرۡضَةٗ لِّأَيۡمَٰنِكُمۡ أَن تَبَرُّواْ وَتَتَّقُواْ وَتُصۡلِحُواْ بَيۡنَ ٱلنَّاسِۚ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٞ

Аллахтын аты менен берилген антты жакшылык кылуудан, такыбалыктан жана адамдарды жараштыруудан тосуучу далил кылып албагыла. Тескерисинче, эгер жакшылык кылбайм деп ант берсеңер, анда жакшылыкты кылгыла жана бузган антыңардын жазасын (каффаратын) өтөгүлө. Аллах силердин сөздөрүңөрдү угат, иш-аракеттериңерди билет жана жакында анын сыйлыгын же жазасын берет. info
التفاسير:
ประโยชน์​ที่​ได้รับ​:
• تحريم النكاح بين المسلمين والمشركين، وذلك لبُعد ما بين الشرك والإيمان.
Ширк менен ыймандын ортосундагы алыстыктан улам мусулмандар менен мушриктердин ортосунда нике кыюунун арамдыгы. info

• دلت الآية على اشتراط الولي عند عقد النكاح؛ لأن الله تعالى خاطب الأولياء لمّا نهى عن تزويج المشركين.
Аят никеге турууда камкорчунун (валийдин) күбө болуусу шарт экенине далил. Анткени Аллах таала мушриктерге турмушка бербегиле деп камкорчуларга кайрылды. info

• حث الشريعة على الطهارة الحسية من النجاسات والأقذار، والطهارة المعنوية من الشرك والمعاصي.
Шарият сырткы ыплас жана булганыч нерселерден таза болууга, ошондой эле ички күнөөлөрдөн жана ширктен таза болууга үндөйт. info

• ترغيب المؤمن في أن يكون نظره في أعماله - حتى ما يتعلق بالملذات - إلى الدار الآخرة، فيقدم لنفسه ما ينفعه فيها.
Ыймандуу адамды иш-аракеттеринде, ал тургай ырахаттанууга байланышкан нерселерде да акыретке назар салууга жана ал үчүн өзүнө пайдалуу нерселерди камдоого үндөдү. info