แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - คำแปลภาษาคีร์กีซ - โดยชัมชุดดีน หะกีมูฟ

หมายเลข​หน้า​:close

external-link copy
143 : 6

ثَمَٰنِيَةَ أَزۡوَٰجٖۖ مِّنَ ٱلضَّأۡنِ ٱثۡنَيۡنِ وَمِنَ ٱلۡمَعۡزِ ٱثۡنَيۡنِۗ قُلۡ ءَآلذَّكَرَيۡنِ حَرَّمَ أَمِ ٱلۡأُنثَيَيۡنِ أَمَّا ٱشۡتَمَلَتۡ عَلَيۡهِ أَرۡحَامُ ٱلۡأُنثَيَيۡنِۖ نَبِّـُٔونِي بِعِلۡمٍ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ

(Малдан) сегиз эркек-ургаачыны (жаратты): койдон экөө, эчкиден экөө. Айткын: “(Аллах) эки эркегин арам кылдыбы же эки ургаачысынбы. Же болбосо эки ургаачынын (ургаачы кой менен ургаачы эчкинин) курсагындагы балдарынбы? Эгер чынчыл болсоңор, мага илим менен (түшүндүрүп) айткылачы?! info
التفاسير:

external-link copy
144 : 6

وَمِنَ ٱلۡإِبِلِ ٱثۡنَيۡنِ وَمِنَ ٱلۡبَقَرِ ٱثۡنَيۡنِۗ قُلۡ ءَآلذَّكَرَيۡنِ حَرَّمَ أَمِ ٱلۡأُنثَيَيۡنِ أَمَّا ٱشۡتَمَلَتۡ عَلَيۡهِ أَرۡحَامُ ٱلۡأُنثَيَيۡنِۖ أَمۡ كُنتُمۡ شُهَدَآءَ إِذۡ وَصَّىٰكُمُ ٱللَّهُ بِهَٰذَاۚ فَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّنِ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبٗا لِّيُضِلَّ ٱلنَّاسَ بِغَيۡرِ عِلۡمٍۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ

Төөдөн экини (эркек-ургаачысын) жана уйдан экини (жаратты). Айткын: “(Аллах) эки эркегин арам кылды беле, же эки ургаачысынбы? Же болбосо, (бир төө, бир уйдан турган) эки ургаачынын жатынындагы нерсениби?! Же, Аллах силерге ушуну осуят кылганына күбө болдуңар беле?! Эч нерсени билбей туруп, адамдарды адаштыруу үчүн Аллахтын атынан жалган айткан адамдан залымыраак ким бар?! Аллах залым коомдорду туура жолго баштабайт! info
التفاسير:

external-link copy
145 : 6

قُل لَّآ أَجِدُ فِي مَآ أُوحِيَ إِلَيَّ مُحَرَّمًا عَلَىٰ طَاعِمٖ يَطۡعَمُهُۥٓ إِلَّآ أَن يَكُونَ مَيۡتَةً أَوۡ دَمٗا مَّسۡفُوحًا أَوۡ لَحۡمَ خِنزِيرٖ فَإِنَّهُۥ رِجۡسٌ أَوۡ فِسۡقًا أُهِلَّ لِغَيۡرِ ٱللَّهِ بِهِۦۚ فَمَنِ ٱضۡطُرَّ غَيۡرَ بَاغٖ وَلَا عَادٖ فَإِنَّ رَبَّكَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ

Айткын: «Мага (Аллах тарабынан) аян-кабар кылынган нерселердин арасынан тамактануучулар үчүн (силер айткан) арам нерсени таппай турам. Бир гана тарп, төгүлгөн кан, же доңуздун эти болсо - ал ыпылас, арам! Же фасыктык менен Аллахтан башкага арнап союлган болсо (бул дагы арам)». Ал эми, ким (ошол арамдан башка жегилик таппай) аргасыздыктан, араанын агытпай, (өзөктү жалгаганга чейинки) чектен чыкпай (жесе), албетте, сенин Раббиң Кечиримдүү, Ырайымдуу. info
التفاسير:

external-link copy
146 : 6

وَعَلَى ٱلَّذِينَ هَادُواْ حَرَّمۡنَا كُلَّ ذِي ظُفُرٖۖ وَمِنَ ٱلۡبَقَرِ وَٱلۡغَنَمِ حَرَّمۡنَا عَلَيۡهِمۡ شُحُومَهُمَآ إِلَّا مَا حَمَلَتۡ ظُهُورُهُمَآ أَوِ ٱلۡحَوَايَآ أَوۡ مَا ٱخۡتَلَطَ بِعَظۡمٖۚ ذَٰلِكَ جَزَيۡنَٰهُم بِبَغۡيِهِمۡۖ وَإِنَّا لَصَٰدِقُونَ

Жана, биз яхудилерге бардык (ай) туяктууларды арам кылган элек. Ал эми, уй-койлордон болсо, аларга жонундагы, ичегилериндеги (чарбы) майларынан жана сөөккө аралашкан (чучук) майларынан башка майларын арам кылган болчубуз. Бул алардын зулум кылганы үчүн биздин жазабыз. Жана чынында, биз - Акыйкатчылбыз. info
التفاسير: