[1] Риваяттарда айтылганына караганда, пайгамбарыбыз жиберген Абдуллах бин Жахш башчылыгындагы согушчандар отряды бир каапырды өлтүрүп, мал-мүлкүн олжолоп алышат. Бул окуя “шахрул-харам” (согуш тыюу салынган) айлардан бири Ражаб айында жүз берет. Мединадагы яхудийлер менен мушриктер бул окуяны катуу айыптап чыкканда, жогорудагы аят түшөт. Ал аяттын өкүмү боюнча “шахрул-харам” айларында басып алуучулук согушу тап-такыр арам. Ал эми, коргонуучулук согушуна уруксат.
[1] “Хамр” сөздүктө “ороп алуу” деп которулат. Ушундан улам адамдын акыл-эсин тап-такыр ороп, кулпулап сала турган ар кандай нерсе – ал азбы, көппү, суюкпу, коюубу, ачыганбы, ачыбаганбы, буудайданбы же башкаданбы – “хамр” (арак) болуп эсептелинет. “Майсир” сөздүктө “жан кейитпей, жеңил жол менен жетүү” дегенди туюндурат. Эки тараптан акча сайылып өткөрүлө турган утуш оюндарынын бардыгы – майсир (кумар) болуп саналат, ал лотереябы, бильярдбы же шахматпы, картабы же нардабы,– мунун айырмасы жок. Ал эми, ат жарыштыруу, төө жарыштыруу, ок жарыштыруу оюндары – эгер кумар болбосо – буларга уруксат.