[1] Мушрик-каапырлар Кыямат коогалаңы башталганда же болбосо, Кыяматта кайра тирилип, өздөрү жалганга чыгарган нерсенин чындык экенин көргөндө каапыр болгонуна кайгырышат жана эгер кайра өмүр берилчү болсо, сөзсүз мусулман болобуз дешет.
[1] Мушриктер залым, наадан болгону себептүү ушул сөздөрдү айткан. Анык далилдерди көрүп туруп, каршылык кылганы залымдыгы болсо, “периште келсин” деген талаптары наадандыктын белгиси. Анткени, Аллахтын периштелери келсе жөн келмек беле, аларга жаза-азап алып келет! Ал убакытта алардын азапка салынышы адилет-акыйкат болот.
[1] Куранды “Зикир” (эскерүү) деп атагандын себеби, анын ичинде турмуш-тиричиликтеги бардык адал-арамдар, Шарият эрежелери, кайып кабарлары... кыскасы бардык нерселердин эскерме - баяны бар. Аллах бул УЛУК МЫЙЗАМДЫ түшүрүп, аны Өз пайгамбарынын жүрөгүндө сактады. Абалкы момундар (сахабалар) аны пайгамбардын оозунан жазып алуу менен бирге жаттап, жүрөктөрүнө сактап, өздөрүнөн кийинки муундарга өткөрдү. Мына ушинтип, Куран Кыяматка чейин момундардын жүрөгүндө жана жазуу (китеп) түрүндө эч бир мааниси, эч бир сөз-тамгасы өзгөртүүгө учурабастан сакталып турат. Бул - Аллахтын убадасы! Бул - Аллахтын сактоосу!