Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - El Muhtesar fi tefsir el Kuran el Kerim - Përkthimi kirgizisht

Ya Sin

Qëllimet e sures:
إثبات الرسالة والبعث ودلائلهما.
Элчиликти, кайра тирилүүнү жана алардын белгилерин тастыктоо. info

external-link copy
1 : 36

يسٓ

Йаа-сиин. Ушуга окшогон аяттын түшүндүрмөсү бакара сүрөөсүнүн башында келген. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 36

وَٱلۡقُرۡءَانِ ٱلۡحَكِيمِ

Аяттары бекемделген жана алдынан да, артынан да жалган келе албаган Куран менен Аллах ант берди. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 36

إِنَّكَ لَمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

Оо, пайгамбар! Чындыгында сен Аллах пенделерин жалгыз Өзүнө сыйынууга жана ибадат кылууга буйруу үчүн жиберген пайгамбарлардансың. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 36

عَلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ

Түз жолдо жана туура шариятта. Бул түз жол жана туура шарият эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, ыймандуу пенделерине Ырайымдуу Раббиң тараптан түшкөн. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 36

تَنزِيلَ ٱلۡعَزِيزِ ٱلرَّحِيمِ

Түз жолдо жана туура шариятта. Бул түз жол жана туура шарият эч кимге жеңилбеген Кудуреттүү, ыймандуу пенделерине Ырайымдуу Раббиң тараптан түшкөн. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 36

لِتُنذِرَ قَوۡمٗا مَّآ أُنذِرَ ءَابَآؤُهُمۡ فَهُمۡ غَٰفِلُونَ

Биз аны сага араб коомун коркутуп, эскертиш үчүн түшүрдүк. Аларга эскертүүчү пайгамбар келген эмес, алар ыйманга жана Аллахка сыйынууга көңүл бурушпайт. Ошондой эле эскертүү жетпеген бардык коомдордун абалы ушундай, алар эскертүүчү пайгамбарларга муктаж. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 36

لَقَدۡ حَقَّ ٱلۡقَوۡلُ عَلَىٰٓ أَكۡثَرِهِمۡ فَهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ

Алардын көпчүлүгүнө Аллахтын азабы милдет болду. Анткени ага чейин аларга пайгамбардын өз оозу менен Аллахтын акыйкаты жеткен, бирок алар Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиришкен жок жана аларга келген акыйкатты иш жүзүндө аткарышкан жок. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 36

إِنَّا جَعَلۡنَا فِيٓ أَعۡنَٰقِهِمۡ أَغۡلَٰلٗا فَهِيَ إِلَى ٱلۡأَذۡقَانِ فَهُم مُّقۡمَحُونَ

Алардын бул нерседеги мисалы моюндарына кишен салынып, жаактарынан ылдый моюндары менен кошо колдору байланган адамдар сыяктуу. Алар баштарын асманга көтөрүп турууга аргасыз. Андыктан алар аны ылдый кыла алышпайт. Мына ошолор Аллахка ыйман келтирүүдөн кишенделгендер, алар Ага моюн сунушпайт жана Ал үчүн баштарын да ийишпейт. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 36

وَجَعَلۡنَا مِنۢ بَيۡنِ أَيۡدِيهِمۡ سَدّٗا وَمِنۡ خَلۡفِهِمۡ سَدّٗا فَأَغۡشَيۡنَٰهُمۡ فَهُمۡ لَا يُبۡصِرُونَ

Биз аларды алдынан да, артынан да акыйкаттан тосуп койдук жана алардын көздөрүн акыйкатты көрүүдөн бууп койдук. Андыктан алар аны пайда ала тургандай көрө алышпайт. Бул нерсе алар баш ийбестик кылып, каапырлыктан баш тартпагандан кийин болду. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 36

وَسَوَآءٌ عَلَيۡهِمۡ ءَأَنذَرۡتَهُمۡ أَمۡ لَمۡ تُنذِرۡهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ

Оо, Мухаммад! Сен акыйкатка каршы чыккан каапырларды коркутасыңбы же коркутпайсыңбы, аларга баары бир. Алар сен Аллах тараптан алып келген нерсеге ыйман келтиришпейт. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 36

إِنَّمَا تُنذِرُ مَنِ ٱتَّبَعَ ٱلذِّكۡرَ وَخَشِيَ ٱلرَّحۡمَٰنَ بِٱلۡغَيۡبِۖ فَبَشِّرۡهُ بِمَغۡفِرَةٖ وَأَجۡرٖ كَرِيمٍ

Чындыгында сенин эскертмеңден бул Куранды чындык дегендер, андагы келгенге ээрчигендер жана эч ким көрбөй тургандай жалгыз калган учурда Раббисинен корккон адамдар чындап пайда алышат. Мына ушундай сыпаттарга ээ болгондорго аларды кубандырган нерсени кабар бер, Аллах алардын күнөөлөрүн өчүрөт жана кечирет, ошондой эле акыретте аларды улуу сыйлык болгон бейишке кирүү күтүп турат. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 36

إِنَّا نَحۡنُ نُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰ وَنَكۡتُبُ مَا قَدَّمُواْ وَءَاثَٰرَهُمۡۚ وَكُلَّ شَيۡءٍ أَحۡصَيۡنَٰهُ فِيٓ إِمَامٖ مُّبِينٖ

Чындыгында Биз кыямат күнү сурак алуу үчүн өлүктөрдү кайра тирилтебиз жана алар дүйнө жашоосунда кылган жакшылык жана жамандык иштерин жазып коёбуз, ошондой эле алар өлгөндөн кийин артында калтырып кеткен сообу улануучу садака же каапырлык сыяктуу жамандыктарын да жазып коёбуз. Биз бүткүл нерселерди анык Китепте (Лаухуль Махфузда) эсептеп жазып койгонбуз. info
التفاسير:
Dobitë e ajeteve të kësaj faqeje:
• العناد مانع من الهداية إلى الحق.
Баш ийбестик акыйкат жолго түшүүнү тосот. info

• العمل بالقرآن وخشية الله من أسباب دخول الجنة.
Куранда келгенди аткаруу жана Аллахтан коркуу бейишке кирүүнүн себептеринен. info

• فضل الولد الصالح والصدقة الجارية وما شابههما على العبد المؤمن.
Такыба баланын, сообу улануучу садаканын жана башка ушуга окшогон нерселердин ыймандуу адамга тийгизген жакшылыгы. info