Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - Përkthimi kirgizisht - Shemsudin Hakimov

Наба

external-link copy
1 : 78

عَمَّ يَتَسَآءَلُونَ

Алар (бири-биринен) эмне жөнүндө сурашууда?[1] info

[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Аллах таала тарабынан алып келген улук кабарлар араб тилинде «Набаь» деп аталат. Бул улук кабарлардын акыйкат экенине далил-белгилер канчалык көп болгонуна карабай, көпчүлүк мушриктер ага ишенишкен эмес жана бири-бирине «Мухаммад айткан нерселер жалган болуш керек-ээ? Сен эмне дейсиң?» деген сыяктуу суроолорду беришкен. Ошондой эле, алардын шектенүүлөрү ар кандай болуп, өз ара талашып-тартышып турушкан. Айрыкча алар Акырет кабарларын жокко чыгарууда көп талашып-тартышышкан. “Набаь” сүрөсү ушул окуяларды чагылдыруу менен башталат.

التفاسير:

external-link copy
2 : 78

عَنِ ٱلنَّبَإِ ٱلۡعَظِيمِ

Улук Кабар жөнүндө. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 78

ٱلَّذِي هُمۡ فِيهِ مُخۡتَلِفُونَ

Алар ал (Улук Кабар) жөнүндө талашып-тартышышат эле.[1] info

[1] Кийинки аятта Аллах таала мушриктер ишенбеген кыямат тез эле келип калаарын жана ошол күндө өздөрү «жалган» деген тозокту өз көздөрү менен көрүп, анык билип алышаарын эки ирет кайталоо менен айтат.

التفاسير:

external-link copy
4 : 78

كَلَّا سَيَعۡلَمُونَ

Жок, андай эмес! Жакында билип алышат! info
التفاسير:

external-link copy
5 : 78

ثُمَّ كَلَّا سَيَعۡلَمُونَ

Дагы бир ирет андай эмес! Жакында билип алышат. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 78

أَلَمۡ نَجۡعَلِ ٱلۡأَرۡضَ مِهَٰدٗا

Биз силерге жерди жайылган (төшөк сыяктуу) кылып койбодукпу?! info
التفاسير:

external-link copy
7 : 78

وَٱلۡجِبَالَ أَوۡتَادٗا

Тоолорду (бекем) казыктар (сыяктуу кылып жаратпадыкпы?) info
التفاسير:

external-link copy
8 : 78

وَخَلَقۡنَٰكُمۡ أَزۡوَٰجٗا

Жана Биз силерди жуп-түгөй[1] кылып жараттык. info

[1] Эркек-ургаачы

التفاسير:

external-link copy
9 : 78

وَجَعَلۡنَا نَوۡمَكُمۡ سُبَاتٗا

Уйкуңарды (денеңер үчүн) ырыхат кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 78

وَجَعَلۡنَا ٱلَّيۡلَ لِبَاسٗا

Түндү (силерге) кийим (сыяктуу) кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 78

وَجَعَلۡنَا ٱلنَّهَارَ مَعَاشٗا

Күндүздү жашоо үчүн жараттык. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 78

وَبَنَيۡنَا فَوۡقَكُمۡ سَبۡعٗا شِدَادٗا

Жана силердин үстүңөргө бекем жети (кабат) асманды куруп, info
التفاسير:

external-link copy
13 : 78

وَجَعَلۡنَا سِرَاجٗا وَهَّاجٗا

ысык-нурлуу чыракты (күндү) жараттык. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 78

وَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلۡمُعۡصِرَٰتِ مَآءٗ ثَجَّاجٗا

Жана (силерге) булуттардан мол суу түшүрдүк, info
التفاسير:

external-link copy
15 : 78

لِّنُخۡرِجَ بِهِۦ حَبّٗا وَنَبَاتٗا

чыгарып берүү үчүн дан азыктарды жана өсүмдүктөрдү. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 78

وَجَنَّٰتٍ أَلۡفَافًا

Жана да калың бак-бостондорду. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 78

إِنَّ يَوۡمَ ٱلۡفَصۡلِ كَانَ مِيقَٰتٗا

Албетте (ыймандуу менен каапыр) ажыратыла турган (Кыямат) күн (Аллах тарабынан) белгиленген убакыт. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 78

يَوۡمَ يُنفَخُ فِي ٱلصُّورِ فَتَأۡتُونَ أَفۡوَاجٗا

Ал күнү Сур (чоор) тартылат. Анан силер топ-топ болуп (Раббиңерге сурак бергени) келесиңер. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 78

وَفُتِحَتِ ٱلسَّمَآءُ فَكَانَتۡ أَبۡوَٰبٗا

(Кыямат күн башталганда) асман ачылып (жарылып) эшиктер (пайда ) болот. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 78

وَسُيِّرَتِ ٱلۡجِبَالُ فَكَانَتۡ سَرَابًا

Жана тоолор (ордунан) учурулуп, закым болуп калат! info
التفاسير:

external-link copy
21 : 78

إِنَّ جَهَنَّمَ كَانَتۡ مِرۡصَادٗا

Албетте, тозок күтүп туруучу (жана) info
التفاسير:

external-link copy
22 : 78

لِّلطَّٰغِينَ مَـَٔابٗا

чектен чыккан адамдар үчүн кайтып баруучу орун! info
التفاسير:

external-link copy
23 : 78

لَّٰبِثِينَ فِيهَآ أَحۡقَابٗا

Алар анда кылымдар бою турушат. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 78

لَّا يَذُوقُونَ فِيهَا بَرۡدٗا وَلَا شَرَابًا

Ал жерде не салкындык не суусундук татышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 78

إِلَّا حَمِيمٗا وَغَسَّاقٗا

Болгону (тозокулардын денесинен аккан) сасык ириң жана (ичегилерди тилип, үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу (менен гана “азыктанышат”) info
التفاسير:

external-link copy
26 : 78

جَزَآءٗ وِفَاقًا

(Бул – күнөөлөрүнө) ылайык жаза! info
التفاسير:

external-link copy
27 : 78

إِنَّهُمۡ كَانُواْ لَا يَرۡجُونَ حِسَابٗا

Алар (Акыреттеги) эсеп – китепке ишенишпеген. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 78

وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا كِذَّابٗا

Жана Биздин аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышкан. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 78

وَكُلَّ شَيۡءٍ أَحۡصَيۡنَٰهُ كِتَٰبٗا

Биз бардык иштерди тизмектеп, китеп кылып жазып койгонбуз. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 78

فَذُوقُواْ فَلَن نَّزِيدَكُمۡ إِلَّا عَذَابًا

Эми, (жазаңарды) таткыла! Биз силерге азапты гана көбөйтөбүз! info
التفاسير:

external-link copy
31 : 78

إِنَّ لِلۡمُتَّقِينَ مَفَازًا

Ал эми, такыба кишилерге ийгилик жайы (бейиш), info
التفاسير:

external-link copy
32 : 78

حَدَآئِقَ وَأَعۡنَٰبٗا

бак-бостондор, жүзүмдүктөр, info
التفاسير:

external-link copy
33 : 78

وَكَوَاعِبَ أَتۡرَابٗا

жаш, бир курактагы, көкүрөгү тикчийген селкилер, info
التفاسير:

external-link copy
34 : 78

وَكَأۡسٗا دِهَاقٗا

жана («Рахийк» деп аталган аябай даамдуу шарап менен) мелмилдеп турган кеселер бар. info
التفاسير:

external-link copy
35 : 78

لَّا يَسۡمَعُونَ فِيهَا لَغۡوٗا وَلَا كِذَّٰبٗا

Ал жерде пайдасы жок жана күнөө-жалган сөздөрдү угушпайт. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 78

جَزَآءٗ مِّن رَّبِّكَ عَطَآءً حِسَابٗا

(Булар) Раббиң тарабынан берилген сыйлык-белектер! info
التفاسير:

external-link copy
37 : 78

رَّبِّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا ٱلرَّحۡمَٰنِۖ لَا يَمۡلِكُونَ مِنۡهُ خِطَابٗا

(Ушул сыйлыкты берген Рабби) асмандар менен жердин, ал экөөнүн арасындагы бардык нерселердин да Раббиси болгон Ырайымдуу Зат. (Ошондуктан, ал күнү эч ким Анын уруксаты болмоюнча) сөз сүйлөөгө батына албайт. info
التفاسير:

external-link copy
38 : 78

يَوۡمَ يَقُومُ ٱلرُّوحُ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ صَفّٗاۖ لَّا يَتَكَلَّمُونَ إِلَّا مَنۡ أَذِنَ لَهُ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَقَالَ صَوَابٗا

Рух (Жебирейил периште) жана (башка бардык) периштелер сап-сап болуп турган (ошол) күнү Ырайымдуу Зат уруксат бергендер гана (сүйлөп,) чын сөздү айтышат. info
التفاسير:

external-link copy
39 : 78

ذَٰلِكَ ٱلۡيَوۡمُ ٱلۡحَقُّۖ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ مَـَٔابًا

Бул – чындап болуучу Күн. Ал эми, ким кааласа (жакшы амалдарды кылат жана) Раббисине (ошол амалдар менен) кайтууну(н жолдорун бекем) кармайт. info
التفاسير:

external-link copy
40 : 78

إِنَّآ أَنذَرۡنَٰكُمۡ عَذَابٗا قَرِيبٗا يَوۡمَ يَنظُرُ ٱلۡمَرۡءُ مَا قَدَّمَتۡ يَدَاهُ وَيَقُولُ ٱلۡكَافِرُ يَٰلَيۡتَنِي كُنتُ تُرَٰبَۢا

Биз силерди жакын(да келе турган) азаптан эскерткен элек. Ал күндө адам баласы эки колу эмне алып келгенин көрөт жана каапыр адам: «кана эми, (ушундай азапка дуушар болгондон көрө) топурак эле болуп калсам!!!» - дейт. info
التفاسير: