Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - Përkthimi kirgizisht - Shemsudin Hakimov

Аaраф

external-link copy
1 : 7

الٓمٓصٓ

Алиф, Лам, Мим, Сод.[1] info

[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.

التفاسير:

external-link copy
2 : 7

كِتَٰبٌ أُنزِلَ إِلَيۡكَ فَلَا يَكُن فِي صَدۡرِكَ حَرَجٞ مِّنۡهُ لِتُنذِرَ بِهِۦ وَذِكۡرَىٰ لِلۡمُؤۡمِنِينَ

(О, Мухаммад! Бул Куран) Аны менен (адамдарды) эскертүүң үчүн жана момундарга сабак-эскертүү болуусу үчүн сага түшүрүлгөн китеп. Жүрөгүңдө андан эч шектенүү болбосун! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 7

ٱتَّبِعُواْ مَآ أُنزِلَ إِلَيۡكُم مِّن رَّبِّكُمۡ وَلَا تَتَّبِعُواْ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَۗ قَلِيلٗا مَّا تَذَكَّرُونَ

(О, адамдар!) Силерге Раббиңер тарабынан түшүрүлгөн нерсеге (Куранга) ээрчигиле! Андан башкасын жол башчы тутуп, ээрчибегиле! Азыраак эскерип жатасыңар! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 7

وَكَم مِّن قَرۡيَةٍ أَهۡلَكۡنَٰهَا فَجَآءَهَا بَأۡسُنَا بَيَٰتًا أَوۡ هُمۡ قَآئِلُونَ

Биз канчалаган айыл-шаарларды (сөзүбүздү укпай койгону себептүү) жок кылдык! Биздин азап аларга түндөгү же күндүзгү уйку мезгилинде келген. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 7

فَمَا كَانَ دَعۡوَىٰهُمۡ إِذۡ جَآءَهُم بَأۡسُنَآ إِلَّآ أَن قَالُوٓاْ إِنَّا كُنَّا ظَٰلِمِينَ

Биздин азап келгенде алардын: “(Өзүбүзгө) зулум кылуучу болуп калдык” дегенден башка “доосу” калган жок! info
التفاسير:

external-link copy
6 : 7

فَلَنَسۡـَٔلَنَّ ٱلَّذِينَ أُرۡسِلَ إِلَيۡهِمۡ وَلَنَسۡـَٔلَنَّ ٱلۡمُرۡسَلِينَ

Биз албетте, пайгамбарлар жиберилген(эл)дерди да, пайгамбарлардын өзүн да суракка тартабыз. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 7

فَلَنَقُصَّنَّ عَلَيۡهِم بِعِلۡمٖۖ وَمَا كُنَّا غَآئِبِينَ

Кийин, албетте, аларга (жасаган иштерин) билип, айтып беребиз. Биз (эч бир мезгилде) жок эмес элек. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 7

وَٱلۡوَزۡنُ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡحَقُّۚ فَمَن ثَقُلَتۡ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ

Ал (кыямат) күнү (сооп-күнөөнү) тартуу акыйкат-адилдик менен болот. Кимдин (сообу) оор келсе, ошолор гана тозоктон кутулуучулар. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 7

وَمَنۡ خَفَّتۡ مَوَٰزِينُهُۥ فَأُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ خَسِرُوٓاْ أَنفُسَهُم بِمَا كَانُواْ بِـَٔايَٰتِنَا يَظۡلِمُونَ

Ал эми, кимдин (сообу күнөөсүнөн) жеңил келсе, алар - Биздин аяттарыбызга моюн сунбагандары себептүү - өздөрүнө зыян кылгандар! info
التفاسير:

external-link copy
10 : 7

وَلَقَدۡ مَكَّنَّٰكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَجَعَلۡنَا لَكُمۡ فِيهَا مَعَٰيِشَۗ قَلِيلٗا مَّا تَشۡكُرُونَ

Аныгында биз силерди жерде мекендештирип, анда силерге (жыргал) жашоо себептерин жаратып бердик. Азыраак шүгүр кылып жатасыңар! info
التفاسير:

external-link copy
11 : 7

وَلَقَدۡ خَلَقۡنَٰكُمۡ ثُمَّ صَوَّرۡنَٰكُمۡ ثُمَّ قُلۡنَا لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ ٱسۡجُدُواْ لِأٓدَمَ فَسَجَدُوٓاْ إِلَّآ إِبۡلِيسَ لَمۡ يَكُن مِّنَ ٱلسَّٰجِدِينَ

Биз силерди (атаңар Адамдан) жаратып, (эң жакшы) келбет-сүрөт бердик. Кийин Биз периштелерге: “Адамга сажда кылгыла!” дегенибизде, баары сажда кылышты. Бир гана Иблис сажда кылуучулардан болбоду. info
التفاسير: