Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - Përkthimi kirgizisht - Shemsudin Hakimov

аль-Камар

external-link copy
1 : 54

ٱقۡتَرَبَتِ ٱلسَّاعَةُ وَٱنشَقَّ ٱلۡقَمَرُ

Кыямат жакындашты жана Ай (экиге) бөлүндү.[1] info

[1] Мекке мушриктери пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламга «Эгер бир моожиза көргөзсөң – ыйман келтиребиз» дешкенде, ал Аллахка дуба кылат. Аллах асмандагы айга кол жаңсоону буюрат. Буйрукту аткарганда... ай экиге бөлүнөт.

التفاسير:

external-link copy
2 : 54

وَإِن يَرَوۡاْ ءَايَةٗ يُعۡرِضُواْ وَيَقُولُواْ سِحۡرٞ مُّسۡتَمِرّٞ

Алар (Курайш каапырлары) моожизаны көрүп турса да, (чындыктан) жүз үйрүп «Бул – ар дайымкы сыйкыр» - дей баштады. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 54

وَكَذَّبُواْ وَٱتَّبَعُوٓاْ أَهۡوَآءَهُمۡۚ وَكُلُّ أَمۡرٖ مُّسۡتَقِرّٞ

Жана (пайгамбарды) жалганчыга чыгарып, өздөрүнүн каалоолорун ээрчиди. Бирок, ар бир иш (Кыяматта) өз ордун табат. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 54

وَلَقَدۡ جَآءَهُم مِّنَ ٱلۡأَنۢبَآءِ مَا فِيهِ مُزۡدَجَرٌ

Аларга (абалкы каапыр коомдордун) жүрөк үшүткөн кабарлары келген эле. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 54

حِكۡمَةُۢ بَٰلِغَةٞۖ فَمَا تُغۡنِ ٱلنُّذُرُ

(Аларга келген Куран) далил-даанышмандыктын жеткен чеги эле. Эми аларга эскертүүчүлөр пайда бербейт. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 54

فَتَوَلَّ عَنۡهُمۡۘ يَوۡمَ يَدۡعُ ٱلدَّاعِ إِلَىٰ شَيۡءٖ نُّكُرٍ

Сен дагы алардан жүз үйрү(п, Кыяматтагы жазаланышын күт)! Ал эми, Чакыруучу (Исрафил периште Сур кернейин тартып) жагымсыз нерсеге (Махшар майданына) чакырган күндө... info
التفاسير: