[1] Картайганда Адам баласынын бардык түзүлүшү: дене-түзүлүшү, акыл-эси, ой тутуму, бардыгы начарлайт. Эгер жаштык, курчтук мезгилде акылдарын иштетип, туура жолду таап албаса, картайганда Акыйкатка кайтуу оор болот.
[1] Акындар көбүнчө туруксуз, апыртма, сөздүн кооздугу үчүн жалгандарды сүйлөгөн кишилер болот. Ырлардын көбү жалгандан куралат. Акыйкатка дал келбейт. Ал эми, Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам өмүрүндө жалган сүйлөп көргөн эмес. Аны акын, Куранды ыр дегендер жаңылышат.