Përkthimi i kuptimeve të Kuranit Fisnik - Përkthimi kirgizisht - Shemsudin Hakimov

external-link copy
153 : 3

۞ إِذۡ تُصۡعِدُونَ وَلَا تَلۡوُۥنَ عَلَىٰٓ أَحَدٖ وَٱلرَّسُولُ يَدۡعُوكُمۡ فِيٓ أُخۡرَىٰكُمۡ فَأَثَٰبَكُمۡ غَمَّۢا بِغَمّٖ لِّكَيۡلَا تَحۡزَنُواْ عَلَىٰ مَا فَاتَكُمۡ وَلَا مَآ أَصَٰبَكُمۡۗ وَٱللَّهُ خَبِيرُۢ بِمَا تَعۡمَلُونَ

Ошондо, силер эч кимге карабай (тоо) таянып (качып) жөнөдүңөр. Пайгамбар болсо, (“Оо, Аллахтын пенделери бери келгиле!” - деп) эң акыркыңардын арасында силерди чакырып жатты. Кийин Аллах, силер жетпей калган жеңишке жана силерге жеткен жеңилүүгө капа болбошуңар үчүн кайгы үстүнө (андан да чоңураак) кайгы берди.[1] Аллах силердин ишиңерден Кабардар. info

[1] Бул аятта айтылган “(чоңураак) кайгы” мусулмандар арасында “пайгамбар өлтүрүлүптүр” деген суук кабардын тарап кетиши. Мусулмандар үчүн, жеңилүү, олжодон куржалак калуу сыяктуу кайгылар бул суук кабардын алдында эч капа болбой турган нерсеге айланып калды.

التفاسير: