[1] Биз «көтөрүлдү» деп которгон сөздүн арабчасы «Истиваа». «Аль-Муьжам аль-васийт» сөздүгүндє: ( استوى ) على كذا أو فوقه علا و صعد «Бир нерсеге истиваа кылуу – бул анын үстүнө көтөрүлүү жана бийик болуу» деп түшүндүрүлгөн. Табеиндердин арасынан чыккан белгилүү аалым Мужахид ибн Жабр дагы «Аллахтын истиваасы – бул Анын көтөрүлгөнү» деп тафсир кылган. ( «Сахихул Бухарий маьа Фатхил Баарий» 13/403). Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Аллах калк-калайыкты жаратканда Өзүнүн алдындагы, Арштын үстүндөгү Китепке: «Менин ырайымым ачуумдан үстөмдүк кылды» деп жазган». (Бухарий: 7404, Муслим: 2751, Термизий: 3543, Ибн Мажжа: 4295). Ошондой эле, ханафий мазхабынын имамдарынан бири Мулло Али Каары, Имам Аазамдын «Фикхул Акбар» китебине жазган түшүндүрмө (шарх) китебинде: و كذا لا يقال استواءه على العرش استيلاؤه «Аллахтын истиваасын «Анын Ээ болгону» (же ээлеп алганы) деп айтылбайт» деген. (92-бет).
[1] «Керемет ысымдар» (Аль-асмаа-ул-хуснаа) дегендин себеби, Аллахтын бардык ысымдары макталган, даңазаланган маанилерди билдирет. Аллах Таала: } { وَلِلَّهِ الْأَسْمَاءُ الْحُسْنَى فَادْعُوهُ بِهَا деген аятта пенделерди дубага (Өзүнөн бир нерсе суроого) буюрганда ошол ысымдар менен гана кайрылгыла деген.
[1] Ал үй-бүлөсү менен келе жатып, адашып калган. Күн суук болчу. Бул окуя Мусанын пайгамбарчылыгынын башталышы. Анткени, ага көрүнгөн нерсе, ал ойлогондой от эмес, Аллахтын жалындаган Нуру болчу. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам: «Аллахтын пардасы оттон же нурдан болот» деген. Муса адаттагыдай от-нур издеп барып, ал жерден Руханий Нурду – пайгамбарчылыкты табат.
[1] Бул өрөөндүн ыйыктыгынын себеби, Аллах таала дал ошол жерди сүйлөшүү үчүн тандаганында. Ыйык жерди бут кийим менен басууга мүмкүн эмес болгону себептүү Аллах таала «чокойуңду чеч» деп буюрууда. Ал эми, кээ бир тафсир аалымдары «Мунун себеби, Мусанын чокойу эшектин терисинен тигилген болчу» деп түшүндүрүшөт. Чындыкты Аллах гана билет.