Ibisobanuro bya qoran ntagatifu - Ibisobanuro bya Qur'an Ntagatifu mu rurimi rw'igi Kyrgyistani - Sham'sudini Hakimuv.

numero y'urupapuro:close

external-link copy
65 : 16

وَٱللَّهُ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَحۡيَا بِهِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَآۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّقَوۡمٖ يَسۡمَعُونَ

Аллах асмандан суу түшүрүп, аны менен жерди - өлгөнүнөн соң - тирилтти. Албетте, мында уга билген адамдар үчүн үлгү-сабак бар. info
التفاسير:

external-link copy
66 : 16

وَإِنَّ لَكُمۡ فِي ٱلۡأَنۡعَٰمِ لَعِبۡرَةٗۖ نُّسۡقِيكُم مِّمَّا فِي بُطُونِهِۦ مِنۢ بَيۡنِ فَرۡثٖ وَدَمٖ لَّبَنًا خَالِصٗا سَآئِغٗا لِّلشَّٰرِبِينَ

Чынында, силер үчүн айбандарда (алардын жаратылышында) үлгү-сабак бар: Биз алардын ичиндеги акылет менен кандын арасынан, ичкендер үчүн жагымдуу болгон таза сүттү (чыгарып,) силерге ичиребиз. info
التفاسير:

external-link copy
67 : 16

وَمِن ثَمَرَٰتِ ٱلنَّخِيلِ وَٱلۡأَعۡنَٰبِ تَتَّخِذُونَ مِنۡهُ سَكَرٗا وَرِزۡقًا حَسَنًاۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ

Дагы силер курмалардын, жүзүмдөрдүн мөмөлөрүнөн шарап[1] жана эң мыкты ырыскыларды аласыңар. Албетте, мында акылын иштеткен коом үчүн сабак бар. info

[1] Бул сүрө арак арам боло элек мезгилде (Мекке шаарында) түшкөн. Кийин сахабалар Мединага көчүп келгенде арак (шарап) баскыч-баскычы менен тап-такыр арам кылынган.

التفاسير:

external-link copy
68 : 16

وَأَوۡحَىٰ رَبُّكَ إِلَى ٱلنَّحۡلِ أَنِ ٱتَّخِذِي مِنَ ٱلۡجِبَالِ بُيُوتٗا وَمِنَ ٱلشَّجَرِ وَمِمَّا يَعۡرِشُونَ

(О, Мухаммад) Сенин Раббиң бал аарыга (мындай деп) вахий-илхам кылды: “Уяларыңды тоолорго, дарактарга, адамдар жасай турган үйлөргө кургун! info
التفاسير:

external-link copy
69 : 16

ثُمَّ كُلِي مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ فَٱسۡلُكِي سُبُلَ رَبِّكِ ذُلُلٗاۚ يَخۡرُجُ مِنۢ بُطُونِهَا شَرَابٞ مُّخۡتَلِفٌ أَلۡوَٰنُهُۥ فِيهِ شِفَآءٞ لِّلنَّاسِۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗ لِّقَوۡمٖ يَتَفَكَّرُونَ

Андан кийин ар түрдүү мөмөлөрдөн жеп, Раббиң сен үчүн жасап койгон оңой-жеңил “жолдордон” (учун) жүргүн!” Анын (аарынын) ичинен ар түрдүү ичиле турган (бал) чыгат. Анда адамдар үчүн шыпаа бар. Албетте, мында (бал аарынын жашоосунда) пикир жүргүзгөн адамдар үчүн сабак бар. info
التفاسير:

external-link copy
70 : 16

وَٱللَّهُ خَلَقَكُمۡ ثُمَّ يَتَوَفَّىٰكُمۡۚ وَمِنكُم مَّن يُرَدُّ إِلَىٰٓ أَرۡذَلِ ٱلۡعُمُرِ لِكَيۡ لَا يَعۡلَمَ بَعۡدَ عِلۡمٖ شَيۡـًٔاۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمٞ قَدِيرٞ

(О, инсандар), силерди Аллах жаратты. Кийин Өзү өлтүрөт. Силердин араңарда (бардык нерсени) билген соң эч нерсени билбей (эс-тутумун жоготуп) калышы үчүн эң төмөн жашоого (карылык мезгилге) кайтарылгандары да бар. Аллах - Билүүчү, Кудуреттүү.[1] info

[1] Аллах таала дагы бир аятта мындай деген: «Аллах силерди алсыз жаратты. Алсыздыктан кийин күч-кубат берди. Анан күч-кубаттан кийин кайрадан алсыз жана картайган адам кылды. Ал Өзү каалагандай жаратат. Ал - Билүүчү, Кудуреттүү!».

التفاسير:

external-link copy
71 : 16

وَٱللَّهُ فَضَّلَ بَعۡضَكُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ فِي ٱلرِّزۡقِۚ فَمَا ٱلَّذِينَ فُضِّلُواْ بِرَآدِّي رِزۡقِهِمۡ عَلَىٰ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ فَهُمۡ فِيهِ سَوَآءٌۚ أَفَبِنِعۡمَةِ ٱللَّهِ يَجۡحَدُونَ

Аллах бирөөңөрдү башкаңардан ырыскыда (дүйнө-мүлктө) жогору кылды. Эми, ырыскысы бийик кылынгандар (өз каалоосу менөн) кол астындагы кулдарына ырысын (тең) бөлүштүрүп берип, дүйнө мүлктө баары тең болуп калышы мүмкүнбү? Аллахтын нээматын четке кагып жатышабы?![1] info

[1] Адамдардын арасындагы бай киши өзүнө гана тиешелүү мүлктү кулдарына бөлүштүрүп берип, өзү да ошолордун бири болуп калуусун эч качан каалабаганы сыяктуу, Аллах таала дагы Өзү жараткан нерселерди Өзүнө шерик кылынуусун жана адамдар жалгыз Аллахка багытталышы зарыл болгон ибадат-сыйынууну башка "кудайларга" (Аллахтын кулдарына) бөлүп берип, аларды Аллах менен тең кылып коюууларын эч качан каалабайт! Инсаниятка өмүр деген нээматты Аллахтын бир Өзү берген соң, ибадатты да Анын бир Өзүнө багыттоо керек.

التفاسير:

external-link copy
72 : 16

وَٱللَّهُ جَعَلَ لَكُم مِّنۡ أَنفُسِكُمۡ أَزۡوَٰجٗا وَجَعَلَ لَكُم مِّنۡ أَزۡوَٰجِكُم بَنِينَ وَحَفَدَةٗ وَرَزَقَكُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِۚ أَفَبِٱلۡبَٰطِلِ يُؤۡمِنُونَ وَبِنِعۡمَتِ ٱللَّهِ هُمۡ يَكۡفُرُونَ

Аллах силерге өзүңөрдөн жуп-жубай жаратып, (ал) жубайыңардан перзенттерди, неберелерди жаратып, силерге таза ырыскылардан берди. Эми, алар (Аллахтын жеке өзүнө сыйынуунун ордуна) жалган кудайларга ыйман келтирип жатышабы?! Аллахтын жакшылыгына каапыр болуп (тааныбай) жатышабы?! info
التفاسير: