[1] Бул сүрө арак арам боло элек мезгилде (Мекке шаарында) түшкөн. Кийин сахабалар Мединага көчүп келгенде арак (шарап) баскыч-баскычы менен тап-такыр арам кылынган.
[1] Аллах таала дагы бир аятта мындай деген: «Аллах силерди алсыз жаратты. Алсыздыктан кийин күч-кубат берди. Анан күч-кубаттан кийин кайрадан алсыз жана картайган адам кылды. Ал Өзү каалагандай жаратат. Ал - Билүүчү, Кудуреттүү!».
[1] Адамдардын арасындагы бай киши өзүнө гана тиешелүү мүлктү кулдарына бөлүштүрүп берип, өзү да ошолордун бири болуп калуусун эч качан каалабаганы сыяктуу, Аллах таала дагы Өзү жараткан нерселерди Өзүнө шерик кылынуусун жана адамдар жалгыз Аллахка багытталышы зарыл болгон ибадат-сыйынууну башка "кудайларга" (Аллахтын кулдарына) бөлүп берип, аларды Аллах менен тең кылып коюууларын эч качан каалабайт! Инсаниятка өмүр деген нээматты Аллахтын бир Өзү берген соң, ибадатты да Анын бир Өзүнө багыттоо керек.