Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução Quirguiz do (livro) o breve na interpretação do Nobre Al-Qur'án

Número de página:close

external-link copy
50 : 54

وَمَآ أَمۡرُنَآ إِلَّا وَٰحِدَةٞ كَلَمۡحِۭ بِٱلۡبَصَرِ

Эгерде Биз бир нерсени кааласак «бол!» деген сөздү гана айтып буйрук беребиз, ошондо ал каалаган нерсебиз көз ирмегенчелик тез ишке ашат. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 54

وَلَقَدۡ أَهۡلَكۡنَآ أَشۡيَاعَكُمۡ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ

Биз каапырлыкта силерге окшогон мурунку коомдорду жок кылганбыз. Эми андан сабак алып, каапырлыкты таштаган бирөө жарым барбы? info
التفاسير:

external-link copy
52 : 54

وَكُلُّ شَيۡءٖ فَعَلُوهُ فِي ٱلزُّبُرِ

Пенделердин кылган бүткүл иш-аракеттери сактоочу периштелердин китептеринде жазылган. Алар анын бирин дагы калтырбайт. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 54

وَكُلُّ صَغِيرٖ وَكَبِيرٖ مُّسۡتَطَرٌ

Майда жана чоң иш-аракеттер менен сөздөрдүн бүт баарысы Сакталган Тактадагы иш-аракеттер баракчаларында жазылган. Жакында алар анын сыйлыгын же жазасын алышат. info
التفاسير:

external-link copy
54 : 54

إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي جَنَّٰتٖ وَنَهَرٖ

Чындыгында Раббисинин буйруктарын аткарган жана тыйгандарын таштаган такыба адамдар бейиштерде жана аккан дарыялардын боюнда жыргалчылыкка батышат. info
التفاسير:

external-link copy
55 : 54

فِي مَقۡعَدِ صِدۡقٍ عِندَ مَلِيكٖ مُّقۡتَدِرِۭ

Алар бүткүл нерсеге ээлик кылган Падышанын жана эч бир нерсеге алсыз болбогон Кудуреттүүнүн алдында курулай сөз же күнөө болбогон акыйкат отурумда болушат. Эми сен алар Андан алышкан түбөлүктүү жыргалчылык жөнүндө сурабай эле кой. info
التفاسير:
Das notas do versículo nesta página:
• كتابة الأعمال صغيرها وكبيرها في صحائف الأعمال.
Иш-аракеттердин кичинеси да, чоңу да амал баракчаларында жазылат. info

• ابتداء الرحمن بذكر نعمه بالقرآن دلالة على شرف القرآن وعظم منته على الخلق به.
Мээримдүүнүн Өз жакшылыктарын Куранды айтуу менен баштоосу – Курандын кадыр-барктуулугуна жана адамзатка кылган улуу жакшылыгы экенине далил болот. info

• مكانة العدل في الإسلام.
Исламдагы адилеттүүлүктүн орду. info

• نعم الله تقتضي منا العرفان بها وشكرها، لا التكذيب بها وكفرها.
Аллахтын жакшылыктары бизден аларды жалганга чыгарууну жана танып кетүүнү эмес, тескерисинче аларды моюнга алууну жана шүгүр кылууну талап кылат. info