Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução Quirguiz do (livro) o breve na interpretação do Nobre Al-Qur'án

Número de página:close

external-link copy
7 : 54

خُشَّعًا أَبۡصَٰرُهُمۡ يَخۡرُجُونَ مِنَ ٱلۡأَجۡدَاثِ كَأَنَّهُمۡ جَرَادٞ مُّنتَشِرٞ

Алар кабырдан басынган көз караш менен чыгышат, алардын сурак жайына жөнөп бараткан абалы каптаган чегирткелер сыяктуу. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 54

مُّهۡطِعِينَ إِلَى ٱلدَّاعِۖ يَقُولُ ٱلۡكَٰفِرُونَ هَٰذَا يَوۡمٌ عَسِرٞ

Ошол жайды көздөй чакыруучуга шашылган каапырлар: «Бул өтө оор күн» – дешет. Анткени анда кыйынчылыктар жана коркунучтар бар. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 54

۞ كَذَّبَتۡ قَبۡلَهُمۡ قَوۡمُ نُوحٖ فَكَذَّبُواْ عَبۡدَنَا وَقَالُواْ مَجۡنُونٞ وَٱزۡدُجِرَ

Оо, пайгамбар! Ал жалганчылардан мурун сенин дааватыңды Нухтун коому жалганга чыгарган. Биз аларга кулубуз Нухту жибергенде аны жалганга чыгарышты. Аны жинди деп айтышты. Эгерде дааватын таштабаса, аны ар кандай сөгүш сөздөр, мазактоо жана коркутуу менен жемелешти. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 54

فَدَعَا رَبَّهُۥٓ أَنِّي مَغۡلُوبٞ فَٱنتَصِرۡ

Ошондо Нух Раббисине жалбарып: «Чындыгында элим мага үстөмдүк кылып, мага жооп бербеди. Эми Өзүң аларга жазаңды берип, өч ал» – деди. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 54

فَفَتَحۡنَآ أَبۡوَٰبَ ٱلسَّمَآءِ بِمَآءٖ مُّنۡهَمِرٖ

Анан Биз тынымсыз төккөн суу менен асман эшиктерин ачтык. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 54

وَفَجَّرۡنَا ٱلۡأَرۡضَ عُيُونٗا فَٱلۡتَقَى ٱلۡمَآءُ عَلَىٰٓ أَمۡرٖ قَدۡ قُدِرَ

Жана Биз жерди жарып, ал суу атылып чыккан булактарга айланды. Анан абалкы тагдырда жазылган Аллахтын буйругунун негизинде асмандан түшкөн суу менен жерден чыккан суу кошулуп, Аллах сактап калгандардан башка бүт баарысын сууга чөктүрдү. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 54

وَحَمَلۡنَٰهُ عَلَىٰ ذَاتِ أَلۡوَٰحٖ وَدُسُرٖ

Биз Нухту тактай жана мыктары бар кемеге түшүрүп, аны жана аны менен бирге болгондорду сууга чөгүүдөн сактап калдык. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 54

تَجۡرِي بِأَعۡيُنِنَا جَزَآءٗ لِّمَن كَانَ كُفِرَ

Ал кеме Биздин көз алдыбызда жана камкордугубузда, Нухту жалганга чыгарган жана Аллах тараптан алып келген нерсеге каапырлык кылган коомуна каршы аны колдоо максатта бири-бирине урунган суу толкундарында сүзүп бара жатты. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 54

وَلَقَد تَّرَكۡنَٰهَآ ءَايَةٗ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ

Биз аларга берген бул жазаны сабак жана осуят кылып калтырдык. Эми андан сабак ала тургандар бар бекен? info
التفاسير:

external-link copy
16 : 54

فَكَيۡفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ

Жалганчылар үчүн азабым кандай болду жана аларды жок кылам деген эскертүүм кандай болду? info
التفاسير:

external-link copy
17 : 54

وَلَقَدۡ يَسَّرۡنَا ٱلۡقُرۡءَانَ لِلذِّكۡرِ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ

Биз Куранды эскерүү жана сабак алуу үчүн жеңил кылдык. Эми андагы осуяттардан сабак ала тургандар бар бекен? info
التفاسير:

external-link copy
18 : 54

كَذَّبَتۡ عَادٞ فَكَيۡفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ

Аад коому Худ пайгамбарды жалганга чыгарды. Ойлонгула, эй, Мекке калкы! Менин азабым алар үчүн кандай болду? Менин башкаларга азап тууралуу эскертмем кандай болду? info
التفاسير:

external-link copy
19 : 54

إِنَّآ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ رِيحٗا صَرۡصَرٗا فِي يَوۡمِ نَحۡسٖ مُّسۡتَمِرّٖ

Биз аларга жаман жана каргашалуу күндө алар тозокко барганга чейин токтобогон ызгаардуу шамал жибердик. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 54

تَنزِعُ ٱلنَّاسَ كَأَنَّهُمۡ أَعۡجَازُ نَخۡلٖ مُّنقَعِرٖ

Ал адамдарды жерден жулуп алып, аларды тамыры менен жулунган курмалар сыяктуу башы менен жерге ыргытты. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 54

فَكَيۡفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ

Ойлонгула, эй, Мекке калкы! Менин азабым алар үчүн кандай болду? Менин башкаларга азап тууралуу эскертмем кандай болду? info
التفاسير:

external-link copy
22 : 54

وَلَقَدۡ يَسَّرۡنَا ٱلۡقُرۡءَانَ لِلذِّكۡرِ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ

Биз Куранды эскерүү жана сабак алуу үчүн жеңил кылдык. Эми андагы осуяттардан сабак ала тургандар бар бекен? info
التفاسير:

external-link copy
23 : 54

كَذَّبَتۡ ثَمُودُ بِٱلنُّذُرِ

Самуд дагы Салих пайгамбардын эскертмесин жалганга чыгарды. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 54

فَقَالُوٓاْ أَبَشَرٗا مِّنَّا وَٰحِدٗا نَّتَّبِعُهُۥٓ إِنَّآ إِذٗا لَّفِي ضَلَٰلٖ وَسُعُرٍ

Алар жактырбагандай айтышты: «Биз өзүбүздөн эле болгон бир адамды ээрчимек белек? Эгерде биз бул абалда аны ээрчисек, анда тууралыктан алыстап, четтеп кетебиз жана кыйынчылыкка кабылабыз. info
التفاسير:

external-link copy
25 : 54

أَءُلۡقِيَ ٱلذِّكۡرُ عَلَيۡهِ مِنۢ بَيۡنِنَا بَلۡ هُوَ كَذَّابٌ أَشِرٞ

Вахий жалгыз ага эле түштүбү жана ал баарыбыздан өзгөчөбү? Жок! Ал жеткен жалганчы, текебер». info
التفاسير:

external-link copy
26 : 54

سَيَعۡلَمُونَ غَدٗا مَّنِ ٱلۡكَذَّابُ ٱلۡأَشِرُ

Алар кыямат күнү ким жеткен жалганчы, текебер экенин, ал менен тигилердин кимиси жакшы экенин билишет. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 54

إِنَّا مُرۡسِلُواْ ٱلنَّاقَةِ فِتۡنَةٗ لَّهُمۡ فَٱرۡتَقِبۡهُمۡ وَٱصۡطَبِرۡ

Биз таштан төөнү чыгардык жана аны аларга сыноо үчүн жибердик. Оо, Салих! Эми сен алар аны эмне кыларын жана аларга эмне болорун көз салып күт жана алардын зыяндарына сабыр кыл! info
التفاسير:
Das notas do versículo nesta página:
• مشروعية الدعاء على الكافر المصرّ على كفره.
Каапырлыктан кайтпаган каапырга каршы дуба кылуу шариятта бар. info

• إهلاك المكذبين وإنجاء المؤمنين سُنَّة إلهية.
Жалганчыларды жок кылуу жана ыймандууларды куткаруу – Аллахтын тутунган жолу. info

• تيسير القرآن للحفظ وللتذكر والاتعاظ.
Куранды жаттоонун, эскерүүнүн жана сабак алуунун жеңилдиги. info