[1] “Уф-ф” деп айтуу бул ата-эненин көңүлү үчүн эң жеңил зыян. Сөгүнүү же денесине залакат жеткирүү эмес. Болгону, “тажадым” маанисиндеги үшкүрүк. Ислам ушул сөздөн кайтарган соң башкасын айтпаса да түшүнүктүү болуш керек.
[1] Аллах адам баласынын ички сулуулугуна карайт. Тазалануу, салих адамдардан болуу, ички тазалыктан башталат. Ислам инсандын Аллахка болгон түз ниетин жана иш-амалдарын Аллах ыраазылыгы үчүн гана аткарууну ички (руханий) тазалык деп эсептейт.