Tradução dos significados do Nobre Qur’an. - Tradução quirguiz - Shamsuddin Hakimov

external-link copy
23 : 17

۞ وَقَضَىٰ رَبُّكَ أَلَّا تَعۡبُدُوٓاْ إِلَّآ إِيَّاهُ وَبِٱلۡوَٰلِدَيۡنِ إِحۡسَٰنًاۚ إِمَّا يَبۡلُغَنَّ عِندَكَ ٱلۡكِبَرَ أَحَدُهُمَآ أَوۡ كِلَاهُمَا فَلَا تَقُل لَّهُمَآ أُفّٖ وَلَا تَنۡهَرۡهُمَا وَقُل لَّهُمَا قَوۡلٗا كَرِيمٗا

«Раббиң өкүм (буйрук) кылды: Өзүнөн башка (кудай)ларга ибадат кылбайсың, ата-энеңе жакшылык кыласың, эгер алардан бирөөсү же экөө тең сенин алдыңда картайган жашка жетсе, аларга «уф-ф» дебейсиң, аларды(н сөздөрүн) кайрыбайсың жана улук (сылык) сөздөрдү гана сүйлөйсүң».[1] info

[1] “Уф-ф” деп айтуу бул ата-эненин көңүлү үчүн эң жеңил зыян. Сөгүнүү же денесине залакат жеткирүү эмес. Болгону, “тажадым” маанисиндеги үшкүрүк. Ислам ушул сөздөн кайтарган соң башкасын айтпаса да түшүнүктүү болуш керек.

التفاسير: