Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran.

Pagina nummer:close

external-link copy
32 : 9

يُرِيدُونَ أَن يُطۡفِـُٔواْ نُورَ ٱللَّهِ بِأَفۡوَٰهِهِمۡ وَيَأۡبَى ٱللَّهُ إِلَّآ أَن يُتِمَّ نُورَهُۥ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡكَٰفِرُونَ

Каапырлар жана каапырлык жолун жолдогондор ушундай жалган жалааларды жабуу менен жана Мухаммад алып келген нерсени жалганга чыгаруу менен Исламды жок кылууну жана аны жокко чыгарууну каалашат. Андагы келген Аллахтын жалгыздыгы жана пайгамбар алып келген нерселер акыйкат экендиги тууралуу ачык-айкын далилдерди жокко чыгарышат. Аллах таала сөзсүз Өз динин толуктайт, ачыкка чыгарат жана башкалардан үстөм кылат. Каапырлар Аллахтын динин толук болушун, ачыкка чыгышын жана үстөм болушун каалашпаса дагы Аллах аны толуктайт, ачыкка чыгарат жана үстөм кылат. Эгерде Аллах бир ишти кааласа, анда башкалардын каалоолору жокко чыгат. info
التفاسير:

external-link copy
33 : 9

هُوَ ٱلَّذِيٓ أَرۡسَلَ رَسُولَهُۥ بِٱلۡهُدَىٰ وَدِينِ ٱلۡحَقِّ لِيُظۡهِرَهُۥ عَلَى ٱلدِّينِ كُلِّهِۦ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡمُشۡرِكُونَ

Аллах таала Өз элчиси Мухаммадды Куран менен жиберди. Ошондой эле каапырлар жаман көрүшсө да динде келген далилдер жана өкүмдөр аркылуу аны башка диндерден үстөм кылыш үчүн акыйкат дин болгон Ислам дини менен жиберди. info
التفاسير:

external-link copy
34 : 9

۞ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِنَّ كَثِيرٗا مِّنَ ٱلۡأَحۡبَارِ وَٱلرُّهۡبَانِ لَيَأۡكُلُونَ أَمۡوَٰلَ ٱلنَّاسِ بِٱلۡبَٰطِلِ وَيَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِۗ وَٱلَّذِينَ يَكۡنِزُونَ ٱلذَّهَبَ وَٱلۡفِضَّةَ وَلَا يُنفِقُونَهَا فِي سَبِيلِ ٱللَّهِ فَبَشِّرۡهُم بِعَذَابٍ أَلِيمٖ

Оо, ыйман келтиргендер жана Аллахтын шариятын аткаргандар! Чындыгында жөөттөрдүн көпчүлүк аалымдары жана христиандардын көпчүлүк кечилдери адамдардын мал-мүлктөрүн шарият уруксат бербеген жолдо алышат. Алар паракорлук жана башка жолдор менен алышат, ошондой эле адамдарды Аллахтын динине кирүүдөн тыйышат. Эй, пайгамбар! Алтын-күмүштү жыйнап алып, парз болгон зекетти беришпеген адамдарга кыямат күнүндө аларды өкүндүргөн жан ооруткан азапты кабарла! info
التفاسير:

external-link copy
35 : 9

يَوۡمَ يُحۡمَىٰ عَلَيۡهَا فِي نَارِ جَهَنَّمَ فَتُكۡوَىٰ بِهَا جِبَاهُهُمۡ وَجُنُوبُهُمۡ وَظُهُورُهُمۡۖ هَٰذَا مَا كَنَزۡتُمۡ لِأَنفُسِكُمۡ فَذُوقُواْ مَا كُنتُمۡ تَكۡنِزُونَ

Кыямат күнү алар чогулткан жана акысын бербеген нерселери тозок отуна кызытылат. Качан чоктой кызарганда алардын маңдайларына, капталдарына жана аркаларына басылат жана аларга эскертүү ирээтинде: «Мына бул силер жыйнаган жана милдет акыларын бербеген байлыктарыңар. Эми жыйнаган жана акысын бербеген нерсеңердин акыбетин көргүлө, азабын таткыла» – деп айтылат. info
التفاسير:

external-link copy
36 : 9

إِنَّ عِدَّةَ ٱلشُّهُورِ عِندَ ٱللَّهِ ٱثۡنَا عَشَرَ شَهۡرٗا فِي كِتَٰبِ ٱللَّهِ يَوۡمَ خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ مِنۡهَآ أَرۡبَعَةٌ حُرُمٞۚ ذَٰلِكَ ٱلدِّينُ ٱلۡقَيِّمُۚ فَلَا تَظۡلِمُواْ فِيهِنَّ أَنفُسَكُمۡۚ وَقَٰتِلُواْ ٱلۡمُشۡرِكِينَ كَآفَّةٗ كَمَا يُقَٰتِلُونَكُمۡ كَآفَّةٗۚ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلۡمُتَّقِينَ

Чындыгында жыл ичиндеги айлардын саны Аллахтын өкүмүндө жана тагдырында он эки ай. Аллах оболу асмандар менен жерди жаратканда муну тагдыр китебинде бекемдеген. Бул он эки айдын ичиндеги төрт айында Аллах согушууну тыйган. Алар катар келген зуль-каада, зуль-хижжа, мухаррам айлары жана өзүнчө келген ражаб айы. Жыл ичиндеги айлардын саны жана алардын төртөөсүндө согушуу тыйылган деп айтылган мына ушул нерселер – туура дин. Андыктан бул ыйык айларда согушуп, анын ыйыктыгына шек келтирип өзүңөргө өзүңөр зулумдук кылбагыла. Бардык мушриктердин силер менен согушкандай силер дагы алар менен баарыңар согушкула. Билгиле, Аллах Өз колдоосу жана бекем кылуусу менен Анын буйруктарын аткарган, тыйгандарын таштаган такыба адамдар менен бирге. Ким Аллах менен бирге болсо, аны эч ким жеңе албайт. info
التفاسير:
Voordelen van de verzen op deze pagina:
• دين الله ظاهر ومنصور مهما سعى أعداؤه للنيل منه حسدًا من عند أنفسهم.
Дин душмандары өздөрүндөгү көрө албастыктарынан улам көздөгөн максаттарына канчалык аракет кылышпасын акыры Аллахтын дини жеңет жана үстөм болот. info

• تحريم أكل أموال الناس بالباطل، والصد عن سبيل الله تعالى.
Адамдардын мал-мүлктөрүн арам жолдо жештин жана аларды Аллахтын жолунан тосуунун арамдыгы. info

• تحريم اكتناز المال دون إنفاقه في سبيل الله.
Аллах жолуна сарптабай мал-мүлк чогултуунун арамдыгы. info

• الحرص على تقوى الله في السر والعلن، خصوصًا عند قتال الكفار؛ لأن المؤمن يتقي الله في كل أحواله.
Аллахтан ачык жана жашыруун коркууга умтулуу. Айрыкча каапырлар менен согушкан учурда. Анткени ыймандуу адам Аллахтан бардык абалда коркот. info