Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran.

Джин

Het doel van deze surah:
إبطال دين المشركين، ببيان حال الجنّ وإيمانهم بعد سماع القرآن.
Куранды уккандан кийин ыйман келтирген жиндердин абалын баяндоо аркылуу мушриктердин "динин" жокко жараксыздыгы (айтылды). info

external-link copy
1 : 72

قُلۡ أُوحِيَ إِلَيَّ أَنَّهُ ٱسۡتَمَعَ نَفَرٞ مِّنَ ٱلۡجِنِّ فَقَالُوٓاْ إِنَّا سَمِعۡنَا قُرۡءَانًا عَجَبٗا

Оо, пайгамбар! Үммөтүңө айт: «Аллах мага вахий кылды, жиндердин бир жамааты менин Куран окуганымды Нахла өрөөнүндө угушту. Качан алар өз коомуна кайтып келишкенде, аларга айтышты: «Чындыгында биз айкындык жана чечендик менен окулуп жаткан суктанарлык сөздү уктук. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 72

يَهۡدِيٓ إِلَى ٱلرُّشۡدِ فَـَٔامَنَّا بِهِۦۖ وَلَن نُّشۡرِكَ بِرَبِّنَآ أَحَدٗا

Биз уккан бул сөз ишенимде, сөздө жана иш-аракетте тууралыкка багыттайт экен. Ошондуктан биз ага ыйман келтирдик жана аны кимдир-бирөөгө түшүргөн Раббибизге ширк кылбайбыз. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 72

وَأَنَّهُۥ تَعَٰلَىٰ جَدُّ رَبِّنَا مَا ٱتَّخَذَ صَٰحِبَةٗ وَلَا وَلَدٗا

Ошондой эле мушриктер айткандай Ал Өзүнө эч кандай аял да, перзент да алган эмес. Раббибиздин улуулугу жана касиеттүүлүгү бийик болду. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 72

وَأَنَّهُۥ كَانَ يَقُولُ سَفِيهُنَا عَلَى ٱللَّهِ شَطَطٗا

Ал эми Иблис болсо, Аллахтын аялы бар, баласы бар деп Ага каршы бурмаланган жалаа сөздү айтып жүрүптүр. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 72

وَأَنَّا ظَنَنَّآ أَن لَّن تَقُولَ ٱلۡإِنسُ وَٱلۡجِنُّ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبٗا

Биз адамзат менен жиндерден болгон мушриктердин Анын аялы жана баласы бар деген ойлорунда жалган айтышпайт деп ойлогонбуз. Ошондуктан биз аларды ээрчип, айткан сөздөрүнө ишенгенбиз. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 72

وَأَنَّهُۥ كَانَ رِجَالٞ مِّنَ ٱلۡإِنسِ يَعُوذُونَ بِرِجَالٖ مِّنَ ٱلۡجِنِّ فَزَادُوهُمۡ رَهَقٗا

Караңгылык доордо адамзаттан болгон кээ бир эркектер коркунучтуу жерге жайланышканда айрым эркек жиндерден коргоо сурашып, арасынан кээ бири: «Мен бул өрөөндүн кожоюнунан анын коомунун акылсыздарынын зыянынан коргоо сураймын» – деп айтчы. Ошентип адамзаттан болгон эркектердин жиндерден болгон эркектерден болгон коркунучу жана сестенүүсү күч алчы. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 72

وَأَنَّهُمۡ ظَنُّواْ كَمَا ظَنَنتُمۡ أَن لَّن يَبۡعَثَ ٱللَّهُ أَحَدٗا

Эй, жиндер! Адамзат да силер ойлогондой, Аллах эч кимди өлгөндөн кийин сурак алуу үчүн жана сыйлык-жазасын берүү үчүн кайра тирилтпейт деп ойлогон. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 72

وَأَنَّا لَمَسۡنَا ٱلسَّمَآءَ فَوَجَدۡنَٰهَا مُلِئَتۡ حَرَسٗا شَدِيدٗا وَشُهُبٗا

Биз асман кабарларын издедик, бирок асман биз мурунтан кылып жүргөн сөз тыңшоодон аны коргогон күчтүү күзөтчү периштелерге толгонун жана ал асманга жакындагандардын баарына каршы атылган жалындуу отторго толгонун көрдүк. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 72

وَأَنَّا كُنَّا نَقۡعُدُ مِنۡهَا مَقَٰعِدَ لِلسَّمۡعِۖ فَمَن يَسۡتَمِعِ ٱلۡأٓنَ يَجِدۡ لَهُۥ شِهَابٗا رَّصَدٗا

Биз мурун асмандагы атайын орундарга олтуруп, андан периштелердин өз ара сүйлөшкөн сөздөрүн укчубуз. Кийин аны жер бетиндеги көзү ачыктарга айтып берет элек. Эми абал өзгөрдү. Арабыздан ким азыр сөз тыңшаган болсо, ал үчүн даярдалган жалындуу отту көрөт. Эгер ал жакындачу болсо, анда аны көздөй учуп, күйгүзүп жок кылат. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 72

وَأَنَّا لَا نَدۡرِيٓ أَشَرٌّ أُرِيدَ بِمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ أَمۡ أَرَادَ بِهِمۡ رَبُّهُمۡ رَشَدٗا

Биз бул катаал күзөтчүлүктүн себебин билбей жатабыз, муну менен жер бетиндегилерге жамандык келгени жатабы же Аллах аларга жакшылык каалап жатабы. Бизге болсо асман кабарлары токтотулду. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 72

وَأَنَّا مِنَّا ٱلصَّٰلِحُونَ وَمِنَّا دُونَ ذَٰلِكَۖ كُنَّا طَرَآئِقَ قِدَدٗا

Жиндер жамааты! Биздин арабызда такыба жакшылар бар жана арабызда каапырлар менен бузукулар да бар. Биздин топторубуз ар башка жана каалоолорубуз ар түрдүү эле. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 72

وَأَنَّا ظَنَنَّآ أَن لَّن نُّعۡجِزَ ٱللَّهَ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَن نُّعۡجِزَهُۥ هَرَبٗا

Жана Аллах биз үчүн бир нерсе кааласа, биз Андан кутула албастыгыбызды жана Ал бизди толук курчап турганы себептүү Андан качып кете албастыгыбызды анык түшүндүк. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 72

وَأَنَّا لَمَّا سَمِعۡنَا ٱلۡهُدَىٰٓ ءَامَنَّا بِهِۦۖ فَمَن يُؤۡمِنۢ بِرَبِّهِۦ فَلَا يَخَافُ بَخۡسٗا وَلَا رَهَقٗا

Качан биз тууралыкка жол көргөзгөн Куранды укканда, ага ыйман келтирдик. Кимде-ким Раббисине ыйман келтирсе, анда ал жакшылык иштеринин азаюусунан же мурунку күнөөлөрүнө күнөө кошулуусунан коркпойт. info
التفاسير:
Voordelen van de verzen op deze pagina:
• تأثير القرآن البالغ فيمَنْ يستمع إليه بقلب سليم.
Куранды таза жүрөк менен уккандар үчүн анын таасири күчтүү. info

• الاستغاثة بالجن من الشرك بالله، ومعاقبةُ فاعله بضد مقصوده في الدنيا.
Жиндерден жардам суроо Аллахка ширк кылууга жатат жана андай кылган адамдын дүйнөдөгү жазасы ал көздөгөндүн тескериси болот. info

• بطلان الكهانة ببعثة النبي صلى الله عليه وسلم.
Пайгамбардын келиши менен төлгөчүлүктүн жокко чыгуусу. info

• من أدب المؤمن ألا يَنْسُبَ الشرّ إلى الله.
Жамандыкты Аллахка шылтабастык – ыймандуунун адептеринен. info