Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran.

Pagina nummer:close

external-link copy
16 : 42

وَٱلَّذِينَ يُحَآجُّونَ فِي ٱللَّهِ مِنۢ بَعۡدِ مَا ٱسۡتُجِيبَ لَهُۥ حُجَّتُهُمۡ دَاحِضَةٌ عِندَ رَبِّهِمۡ وَعَلَيۡهِمۡ غَضَبٞ وَلَهُمۡ عَذَابٞ شَدِيدٌ

Мухаммадга түшкөн бул динге адамдар жооп бергенден кийин ал тууралуу жалган далилдер менен талашып-тартышкандардын далилдери Раббисинин жана ыймандуулардын алдында пайдасыз жана жокко чыгарылат. Алардын эч таасири болбойт. Аларга каапырлыктары жана акыйкатты четке каккандыктары үчүн Аллахтын каары болот жана кыямат күнү аларды катаал азап күтүп турат. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 42

ٱللَّهُ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ وَٱلۡمِيزَانَۗ وَمَا يُدۡرِيكَ لَعَلَّ ٱلسَّاعَةَ قَرِيبٞ

Аллах Куранды эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат менен түшүрдү. Ошондой эле адамдардын ортосунда калыс өкүм кылыш үчүн адилеттикти түшүрдү. Алар жалганга чыгарып жаткан кыямат сааты жакын калган чыгар. Кайсы бир нерсе келе жатса, демек бул анын жакын экенинен кабар берет. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 42

يَسۡتَعۡجِلُ بِهَا ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِهَاۖ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مُشۡفِقُونَ مِنۡهَا وَيَعۡلَمُونَ أَنَّهَا ٱلۡحَقُّۗ أَلَآ إِنَّ ٱلَّذِينَ يُمَارُونَ فِي ٱلسَّاعَةِ لَفِي ضَلَٰلِۭ بَعِيدٍ

Ага ишенбегендер анын батыраак келишин шаштырышат. Анткени алар суракка, сооп-сыйлыкка жана жазага ишенишпейт. Ал эми Аллахка ыйман келтиргендер болсо ага баруудан коркушат жана алар анын эч кандай шек-күмөнү жок акыйкат экенин анык билишет. Каямат сааты тууралуу талашып-тартышкандар жана анын болору тууралуу шектенгендер акыйкатка туура келбегендей анык адашууда! info
التفاسير:

external-link copy
19 : 42

ٱللَّهُ لَطِيفُۢ بِعِبَادِهِۦ يَرۡزُقُ مَن يَشَآءُۖ وَهُوَ ٱلۡقَوِيُّ ٱلۡعَزِيزُ

Аллах пенделерине Боорукер. Ал Өзү каалаган пендесине ырыскы берип,ырыскысын кенен кылат жана ырайым, даанышандыгы менен Өзү каалаган пендесинин ырыскысын тарытат. Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, Ал душмандарынан өч алууга Кудуреттүү. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 42

مَن كَانَ يُرِيدُ حَرۡثَ ٱلۡأٓخِرَةِ نَزِدۡ لَهُۥ فِي حَرۡثِهِۦۖ وَمَن كَانَ يُرِيدُ حَرۡثَ ٱلدُّنۡيَا نُؤۡتِهِۦ مِنۡهَا وَمَا لَهُۥ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ مِن نَّصِيبٍ

Кимде-ким акырет сообуна жетем деп ага ылайык иш-аракеттерди кылса, Биз анын сооп-сыйлыгын эселеп беребиз. Бир жакшылык иш он эседен жети жүз эсеге чейин эселеп-эселеп көбөйтүлөт. Ал эми ким дүйнөнү гана кааласа, Биз ага жазылган насибин беребиз. Бирок ал дүйнөнү артык көргөнү үчүн акыретте эч кандай энчиге ээ болбойт. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 42

أَمۡ لَهُمۡ شُرَكَٰٓؤُاْ شَرَعُواْ لَهُم مِّنَ ٱلدِّينِ مَا لَمۡ يَأۡذَنۢ بِهِ ٱللَّهُۚ وَلَوۡلَا كَلِمَةُ ٱلۡفَصۡلِ لَقُضِيَ بَيۡنَهُمۡۗ وَإِنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ لَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ

Же болбосо ал мушриктердин Аллахтан башка кудайлары барбы жана алар Аллах Өз шариятында уруксат бербеген ширк кылуу, адалды арам же арамды адал кылуу сыяктуу нерселерди аларга динден деп шарият кылып беришеби? Эгер Аллах талашып-тартышкандардын ортосунда өкүм кылууга атайын бир мөөнөттү белгилебегенде жана аларды ошого чейин калтырам дебегенде, анда алардын ортосунда сөзсүз өкүм кылмак. Чындыгында Аллахка ширк жана күнөө кылып өздөрүнө зулумдук кылгандарды кыямат күнү күткөн кыйноочу азап бар. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 42

تَرَى ٱلظَّٰلِمِينَ مُشۡفِقِينَ مِمَّا كَسَبُواْ وَهُوَ وَاقِعُۢ بِهِمۡۗ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فِي رَوۡضَاتِ ٱلۡجَنَّاتِۖ لَهُم مَّا يَشَآءُونَ عِندَ رَبِّهِمۡۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَضۡلُ ٱلۡكَبِيرُ

Оо, пайгамбар! Сен ширк жана күнөө кылып өздөрүнө зулумдук кылгандарды күнөөлөрү себептүү жазалануудан жана сөзсүз ишке ашуучу жазадан коркушкандарын көрөсүң. Аларга тообосуз коркунуч эч пайда бербейт. Ал эми булардан айырмаланып Аллахка, Анын элчилерине ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандар ырахаттанган абалда бейиш бакчаларында болушат. Алар үчүн Раббисинин алдында алар каалагандай түгөнбөс жакшылыктын түрлөрү болот. Мына ушул эч бир жакшылык тең келбегендей улуу жакшылык. info
التفاسير:
Voordelen van de verzen op deze pagina:
• خوف المؤمن من أهوال يوم القيامة يعين على الاستعداد لها.
Ыймандуунун кыяматтагы үрөй учурган нерселерден коркуусу анын ага даярдык көрүүсүнө түрткү берет. info

• لطف الله بعباده حيث يوسع الرزق على من يكون خيرًا له، ويضيّق على من يكون التضييق خيرًا له.
Аллахтын пенделерине болгон боорукерлиги. Анткени кимге ырыскынын көптүгү жакшы болсо, ага аны кенен кылат, кимге ырыскынын тардыгы жакшы болсо, ага аны тар кылат. info

• خطر إيثار الدنيا على الآخرة.
Дүйнөнү акыреттен артык көрүүнүн коркунучу. info