Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran.

Pagina nummer:close

external-link copy
12 : 35

وَمَا يَسۡتَوِي ٱلۡبَحۡرَانِ هَٰذَا عَذۡبٞ فُرَاتٞ سَآئِغٞ شَرَابُهُۥ وَهَٰذَا مِلۡحٌ أُجَاجٞۖ وَمِن كُلّٖ تَأۡكُلُونَ لَحۡمٗا طَرِيّٗا وَتَسۡتَخۡرِجُونَ حِلۡيَةٗ تَلۡبَسُونَهَاۖ وَتَرَى ٱلۡفُلۡكَ فِيهِ مَوَاخِرَ لِتَبۡتَغُواْ مِن فَضۡلِهِۦ وَلَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ

Эки деңиз бирдей эмес, алардын бирөөсү тузсуз таза суу, ал тузсуз болгону үчүн аны ичүү жеңил, ал эми экинчиси өтө туздуу болгону үчүн аны ичүү мүмкүн эмес. Силер бул айтылган эки деңиздин ар биринен жумшак эттүү балыктарды жейсиңер жана алардан берметтерди, маржандарды кооздукка тагыныш үчүн чыгарып аласыңар. Эй, назар салуучу! Силер соода-сатык аркылуу Аллахтын жакшылыктарын издеп, деңизди жарып алдыга да, артка да сүзгөн кемелерди көрөсүңөр. Балким силер Аллахтын берген жакшылыктарына шүгүр кыларсыңар. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 35

يُولِجُ ٱلَّيۡلَ فِي ٱلنَّهَارِ وَيُولِجُ ٱلنَّهَارَ فِي ٱلَّيۡلِ وَسَخَّرَ ٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَۖ كُلّٞ يَجۡرِي لِأَجَلٖ مُّسَمّٗىۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمۡ لَهُ ٱلۡمُلۡكُۚ وَٱلَّذِينَ تَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦ مَا يَمۡلِكُونَ مِن قِطۡمِيرٍ

Аллах түндү күздүзгө киргизип аны узартат жана күндүздү түнгө киргизип аны узартат. Ошондой эле Ал Күн менен Айды моюн сундурду. Алардын ар бири Аллах билген белгилүү бир мөөнөткө чейин жүрүшөт. Ал кыямат күн. Мына ошолордун баарысын силердин Раббиңер Аллах өлчөп белгилейт жана жүргүзөт. Бийлик Ага гана таандык. Андан башка силер сыйынып жаткан кудайлар данектин кабыгындай нерсеге да ээлик кылышпайт, анан Менден башка аларга кантип сыйынып жатасыңар?! info
التفاسير:

external-link copy
14 : 35

إِن تَدۡعُوهُمۡ لَا يَسۡمَعُواْ دُعَآءَكُمۡ وَلَوۡ سَمِعُواْ مَا ٱسۡتَجَابُواْ لَكُمۡۖ وَيَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ يَكۡفُرُونَ بِشِرۡكِكُمۡۚ وَلَا يُنَبِّئُكَ مِثۡلُ خَبِيرٖ

Эгерде силер кудайларыңарга дуба кылсаңар, алар дубаңарды угушпайт. Алар эч нерсени укпаган жансыз заттар. Эгер алар силердин дубаңарды угушат дей турган болсок, алар силерге жооп бере алышпайт. Алар кыямат күнү силердин ширктериңерден жана сыйынганыңардан баш тартышат. Оо, пайгамбар! Сага Аллахтан башка эч ким чындык кабарды айтпайт. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 35

۞ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ أَنتُمُ ٱلۡفُقَرَآءُ إِلَى ٱللَّهِۖ وَٱللَّهُ هُوَ ٱلۡغَنِيُّ ٱلۡحَمِيدُ

Эй, адамдар! Силер бардык иштериңерде, бүткүл абалдарыңарда Аллахка муктажсыңар. Ал эми Аллах эч бир нерседе силерге муктаж эмес. Ал бул дүйнөдө жана акыретте пенделерине тагдыр кылган нерседе мактоого татыктуу. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 35

إِن يَشَأۡ يُذۡهِبۡكُمۡ وَيَأۡتِ بِخَلۡقٖ جَدِيدٖ

Эгерде Ал силерди кыйратып жок кылууну кааласа жок кылып коймок жана силердин ордуңарга Ага сыйынган, Ага эч нерсени шерик кылбаган башка жаңы адамдарды алып келип коймок. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 35

وَمَا ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ بِعَزِيزٖ

Силерди кыйратып жок кылуу жана ордуңарга жаңы адамдарды алып келүү Аллах үчүн оор эмес. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 35

وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٞ وِزۡرَ أُخۡرَىٰۚ وَإِن تَدۡعُ مُثۡقَلَةٌ إِلَىٰ حِمۡلِهَا لَا يُحۡمَلۡ مِنۡهُ شَيۡءٞ وَلَوۡ كَانَ ذَا قُرۡبَىٰٓۗ إِنَّمَا تُنذِرُ ٱلَّذِينَ يَخۡشَوۡنَ رَبَّهُم بِٱلۡغَيۡبِ وَأَقَامُواْ ٱلصَّلَوٰةَۚ وَمَن تَزَكَّىٰ فَإِنَّمَا يَتَزَكَّىٰ لِنَفۡسِهِۦۚ وَإِلَى ٱللَّهِ ٱلۡمَصِيرُ

Эч бир күнөөкөр башка күнөөкөрдүн күнөөлөрүн көтөрбөйт. Ар бир күнөөкөр өз күнөөсүн гана көтөрөт. Эгер оор күнөөлөрү бар адам алардын кээ бирлерин көтөрүшүүгө башкаларды чакырса, анын күнөөлөрүнөн эч бири ага жүктөлбөйт, эгер ал чакырылган адам анын жакыны болсо дагы. Оо, пайгамбар! Чындыгында сен кайыптагы Раббисинен корккон, намазды толук түрдө аткарышкан адамдарды гана Аллахтын азабынан коркута аласың. Мына ошолор гана сенин коркутууңдан пайда алышат. Кимде-ким күнөөлөрдөн (алардын эң чоң ширк кылуу) тазаланган болсо, анда ал өзү үчүн гана тазаланган болот. Анткени мунун пайдасы анын өзүнө кайтат. Аллах анын моюн сунуусуна муктаж эмес жана кыяматта сурак берүү, жаза же сыйлык алуу үчүн кайтуу Аллахка гана болот. info
التفاسير:
Voordelen van de verzen op deze pagina:
• تسخير البحر، وتعاقب الليل والنهار، وتسخير الشمس والقمر: من نعم الله على الناس، لكن الناس تعتاد هذه النعم فتغفل عنها.
Деңизди моюн сундуруу, түн менен күндүн алмашуусу, Күн менен Айды моюн сундуруу Аллахтын адамдарга берген жакшылыктарынан. Бирок адамдар бул жакшылыктарды адаттагыдай кабылдашып, аларга көңүл бурбай калышкан. info

• سفه عقول المشركين حين يدعون أصنامًا لا تسمع ولا تعقل.
Мушриктердин кем акылдыгы, анткени алар укпаган жана акыл жүгүртө албаган айкелдерге дуба кылып жатышат. info

• الافتقار إلى الله صفة لازمة للبشر، والغنى صفة كمال لله.
Аллахка болгон муктаждык адамдардын ажырагыс сыпаты. Ал эми беймуктаждык Аллахтын толуктук сыпаты. info

• تزكية النفس عائدة إلى العبد؛ فهو يحفظها إن شاء أو يضيعها.
Жан дүйнөнү тазартуу пенденин өзүнө кайтат. Демек, ал аны кааласа сактайт же жоготот. info