Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling van de samenvatting van de tafsier van de Heilige Koran.

Бакара

Het doel van deze surah:
الأمر بتحقيق الخلافة في الأرض بإقامة الإسلام، والاستسلام لله، والتحذير من حال بني إسرائيل.
Ислам динин тургузуп, Аллахка моюн сунуп жана Исраил урпактарынын абалынан эскертип, жер бетиндеги орун басарлыкты ишке ашырууга болгон буйрук. info

external-link copy
1 : 2

الٓمٓ

«Алим, лаам, миим» – бул Курандын кээ бир сүрөөлөрү башталган тамгалардан. Алар жекече келгенде «алим, ба, та ж.б.» сыяктуу өзүнө эч кандай маанини камтыбаган алфавит тамгалары. Булардын даанышман сыры жана мааниси бар, анткени Куранда даанышмандыксыз эч нерсе келген эмес. Анын негизги даанышман сырларынан: алар билген жана сүйлөгөндө колдонгон тамгалардан турган Куран китеби менен чакырык таштоого ишарат кылынган. Ошондуктан бул сүрөөдө келген сыяктуу бул тамгалардан кийин көбүнчө ыйык Куран жөнүндө сөз болот. info
التفاسير:

external-link copy
2 : 2

ذَٰلِكَ ٱلۡكِتَٰبُ لَا رَيۡبَۛ فِيهِۛ هُدٗى لِّلۡمُتَّقِينَ

Бул улуу Курандын Аллах тараптан түшкөнүндө жана анын сөздөрүндө, маанисинде эч кандай шек-күмөн жок. Ал – Аллахтын сөзү. Ал такыба адамдарды Аллахка жеткирген жолго багыттайт. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 2

ٱلَّذِينَ يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡغَيۡبِ وَيُقِيمُونَ ٱلصَّلَوٰةَ وَمِمَّا رَزَقۡنَٰهُمۡ يُنفِقُونَ

Алар кайыпка ишенишет. Ал эми кайып бул – Аллах жана Анын элчиси кабар берген акырет күнү сыяктуу ж.б. бизге көрүнбөгөн жана сезүү органдары менен сезилбеген бардык нерселер. Алар намаздарын Аллах шариятта көрсөткөндөй, шарттары, парздары, важиптери жана сүннөттөрү менен толук аткарышат. Алар Аллахтан сооп үмүт кылып, Аллах берген ырыскыларынан парз зекеттерин жана ыктыярдуу садакаларын беришет. Оо, пайгамбар! Алар Аллах сага түшүргөн вахийге жана сенден мурунку бардык пайгамбарларга түшкөн нерселерге, аларды бири-биринен ажыратпастан ыйман келтиришет, ошондой эле акыретке жана андагы сыйлык жана жазага чын жүрөктөрүнөн терең ишенишет. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 2

وَٱلَّذِينَ يُؤۡمِنُونَ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَ وَمَآ أُنزِلَ مِن قَبۡلِكَ وَبِٱلۡأٓخِرَةِ هُمۡ يُوقِنُونَ

Алар кайыпка ишенишет. Ал эми кайып бул – Аллах жана Анын элчиси кабар берген акырет күнү сыяктуу ж.б. бизге көрүнбөгөн жана сезүү органдары менен сезилбеген бардык нерселер. Алар намаздарын Аллах шариятта көрсөткөндөй, шарттары, парздары, важиптери жана сүннөттөрү менен толук аткарышат. Алар Аллахтан сооп үмүт кылып, Аллах берген ырыскыларынан парз зекеттерин жана ыктыярдуу садакаларын беришет. Оо, пайгамбар! Алар Аллах сага түшүргөн вахийге жана сенден мурунку бардык пайгамбарларга түшкөн нерселерге, аларды бири-биринен ажыратпастан ыйман келтиришет, ошондой эле акыретке жана андагы сыйлык жана жазага чын жүрөктөрүнөн терең ишенишет. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 2

أُوْلَٰٓئِكَ عَلَىٰ هُدٗى مِّن رَّبِّهِمۡۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُفۡلِحُونَ

Мына ушул сыпаттарга ээ адамдар туура жолдо болушат. Алар үмүт кылган нерселерине ээ болуу жана корккон нерселеринен кутулуу менен дүйнөдө жана акыретте жеңишке жетишет. info
التفاسير:
Voordelen van de verzen op deze pagina:
• الثقة المطلقة في نفي الرَّيب دليل على أنه من عند الله؛ إذ لا يمكن لمخلوق أن يدعي ذلك في كلامه.
Шек-күмөндү четке кагуудагы толук ишеним – Курандын Аллах тараптан экендигине далил болот. Анткени жаратылгандар мындай сөздү айтуулары мүмкүн эмес. info

• لا ينتفع بما في القرآن الكريم من الهدايات العظيمة إلا المتقون لله تعالى المعظِّمون له.
Ыйык Курандагы улуу багыттоолордон Аллах тааладан корккондор жана Аны улуктагандар гана пайда алышат. info

• من أعظم مراتب الإيمانِ الإيمانُ بالغيب؛ لأنه يتضمن التسليم لله تعالى في كل ما تفرد بعلمه من الغيب، ولرسوله بما أخبر عنه سبحانه.
Ыймандын эң жогорку даражаларынын бири – кайыпка ишенүү. Анткени ал өзүнө кайып илимине гана таандык болгон бардык нерселерде Аллах таалага жана Анын элчиси Андан алып келген кабарларга моюн сунууну камтыйт. info

• كثيرًا ما يقرن الله تعالى بين الصلاة والزكاة؛ لأنَّ الصلاة إخلاص للمعبود، والزكاة إحسان للعبيد، وهما عنوان السعادة والنجاة.
Аллах таала көп учурда намаз менен зекетти бирге айтат. Анткени намаз – Аллахка болгон ыкластуулук, ал эми зекет – жаратылгандарга болгон жакшылык. Бул экөөсү бактылуулуктун жана кутулуунун белгиси. info

• الإيمان بالله تعالى وعمل الصالحات يورثان الهداية والتوفيق في الدنيا، والفوز والفلاح في الأُخرى.
Аллах таалага ыйман келтирүү жана жакшылык иштерди кылуу бул дүйнөдө туура жолго түшүп, ийгиликке жетүүгө жана акыретте жеңишке жетип, ийгилик табууга себеп болот. info