Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling - Shamsoeddin Hakimov

ас-Саффат

external-link copy
1 : 37

وَٱلصَّٰٓفَّٰتِ صَفّٗا

Сап тартып турган периштелерге ант! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 37

فَٱلزَّٰجِرَٰتِ زَجۡرٗا

(Шамалдарды) айдоочу периштелерге ант! info
التفاسير:

external-link copy
3 : 37

فَٱلتَّٰلِيَٰتِ ذِكۡرًا

(Ар дайым) Зикирди (Куранды) окуп туруучу периштелерге ант! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 37

إِنَّ إِلَٰهَكُمۡ لَوَٰحِدٞ

Силердин кудайыңар чынында Жалгыз! info
التفاسير:

external-link copy
5 : 37

رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا وَرَبُّ ٱلۡمَشَٰرِقِ

(Ал) асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси. Жана Ал чыгыштардын (жана батыштардын) да Раббиси! info
التفاسير:

external-link copy
6 : 37

إِنَّا زَيَّنَّا ٱلسَّمَآءَ ٱلدُّنۡيَا بِزِينَةٍ ٱلۡكَوَاكِبِ

Чынында, Биз Дүйнө асманын жылдыздар зыйнаты менен кооздодук. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 37

وَحِفۡظٗا مِّن كُلِّ شَيۡطَٰنٖ مَّارِدٖ

Жана (асмандарды) ар бир бейбаш шайтандан сактадык. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 37

لَّا يَسَّمَّعُونَ إِلَى ٱلۡمَلَإِ ٱلۡأَعۡلَىٰ وَيُقۡذَفُونَ مِن كُلِّ جَانِبٖ

Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт.[1] (Эгер угууга аракет кылса) ар тараптан (учар жылдыздар менен) атып урулат. info

[1] Асмандарда эң жогорку жамаат-периштелер жамааты бар. Алардын арасында Аллах билдирген жана буюрган келечек кабарлары жөнүндө өз-ара сөз болушу табигый. Ал эми, жер бетиндеги жин-шайтандар кээ бир таза эмес адамдар менен байланыш түзүп, аларга келечек кабарларын билдирип турууну убада берет. Ал адамдар - палчылар, көзү ачыктар, бакшылар. Ошентип, бир бакшы-көзү ачык менен байланыш түзгөн жин-шайтандар жогорку асмандардагы жогорку жамааттын сөздөрүн уурдоо үчүн жогорку асманды аңдып, сагалашат. Бирок, «Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт».

التفاسير:

external-link copy
9 : 37

دُحُورٗاۖ وَلَهُمۡ عَذَابٞ وَاصِبٌ

(Ушинтип) айдап жиберилет. Аларга (тиги дүйнөдө) үзгүлтүксүз азап бар. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 37

إِلَّا مَنۡ خَطِفَ ٱلۡخَطۡفَةَ فَأَتۡبَعَهُۥ شِهَابٞ ثَاقِبٞ

Ал эми, кимиси (кайып кабарынан) бир гана сөз уурдап алган болсо, ага күйдүрүп жиберүүчү куйруктуу жылдыз кууп жетет (жана өрттөп жиберет). info
التفاسير:

external-link copy
11 : 37

فَٱسۡتَفۡتِهِمۡ أَهُمۡ أَشَدُّ خَلۡقًا أَم مَّنۡ خَلَقۡنَآۚ إِنَّا خَلَقۡنَٰهُم مِّن طِينٖ لَّازِبِۭ

Сен алардан (мушриктерден) сурачы, аларды жаратуу кыйынга турабы же Биз жараткан (асман, жер, периште сыяктуу) нерселердиби? Биз аларды жабышчаак ылайдан эле жаратып койгонбуз. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 37

بَلۡ عَجِبۡتَ وَيَسۡخَرُونَ

Сен (алардын ишенбегенине) таң каласың. Алар (болсо, сени) шылдыңдашат. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 37

وَإِذَا ذُكِّرُواْ لَا يَذۡكُرُونَ

Эгер эскертилчү болсо, эсине (акылына) келбейт. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 37

وَإِذَا رَأَوۡاْ ءَايَةٗ يَسۡتَسۡخِرُونَ

Эгер бир аят-далил көрүшсө (андан бетер) шылдыңдашат. info
التفاسير:

external-link copy
15 : 37

وَقَالُوٓاْ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ مُّبِينٌ

Жана: «Бул анык сыйкыр» дешет. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 37

أَءِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابٗا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ

(Дагы алар:) «Эгер биз өлүп, сөөк жана топурак болуп калсак, кайрадан тирилебизби? info
التفاسير:

external-link copy
17 : 37

أَوَءَابَآؤُنَا ٱلۡأَوَّلُونَ

Илгерки ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилеби)?!» – дешет. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 37

قُلۡ نَعَمۡ وَأَنتُمۡ دَٰخِرُونَ

Айткын: «Ооба. Силер (мушрик ата-бабаңар дагы) кор болгон абалыңарда (тирилесиңер). info
التفاسير:

external-link copy
19 : 37

فَإِنَّمَا هِيَ زَجۡرَةٞ وَٰحِدَةٞ فَإِذَا هُمۡ يَنظُرُونَ

Ал болгону (Исрафил периште тарта турган «Сур» кернейинин) бир гана добушу. Анан алар (тирилип, Кыямат окуяларына) карап турган болушат» info
التفاسير:

external-link copy
20 : 37

وَقَالُواْ يَٰوَيۡلَنَا هَٰذَا يَوۡمُ ٱلدِّينِ

Жана: «Оо, бизге кайгы! Бул Кыямат го!» (дешет. Ошондо аларга кайыптан үн угулат:) info
التفاسير:

external-link copy
21 : 37

هَٰذَا يَوۡمُ ٱلۡفَصۡلِ ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ

«Бул силер «жалган» деген Ажыратуу Күнү!» info
التفاسير:

external-link copy
22 : 37

۞ ٱحۡشُرُواْ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ وَأَزۡوَٰجَهُمۡ وَمَا كَانُواْ يَعۡبُدُونَ

«Залим (каапыр) адамдарды (каапыр) жубайлары менен, сыйынган «кудайларын» кошуп чогулткула! info
التفاسير:

external-link copy
23 : 37

مِن دُونِ ٱللَّهِ فَٱهۡدُوهُمۡ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلۡجَحِيمِ

Аллахтан башка(га сыйынышкан эле). Жана тозок жолуна айдагыла! info
التفاسير:

external-link copy
24 : 37

وَقِفُوهُمۡۖ إِنَّهُم مَّسۡـُٔولُونَ

Жана аларды (Махшар майданында) токтоткула.[1] Алардан суралат: info

[1] Жакшылардан ажыратылган жамандар жөнүндө ушундай өкүм кылынат.

التفاسير: