Vertaling van de betekenissen Edele Qur'an - De Kirgizische vertaling - Shamsoeddin Hakimov

Pagina nummer:close

external-link copy
89 : 2

وَلَمَّا جَآءَهُمۡ كِتَٰبٞ مِّنۡ عِندِ ٱللَّهِ مُصَدِّقٞ لِّمَا مَعَهُمۡ وَكَانُواْ مِن قَبۡلُ يَسۡتَفۡتِحُونَ عَلَى ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ فَلَمَّا جَآءَهُم مَّا عَرَفُواْ كَفَرُواْ بِهِۦۚ فَلَعۡنَةُ ٱللَّهِ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ

Качан аларга Аллахтан өздөрүндө болгон нерсени (Тооратты) тастыктаган бир китеп (Куран) келгенде жана мындан мурун каапырларга (араб мушриктерине) каршы (дал ушул китеп жана ушул пайгамбардан) жардам күтүп жатышкан болчу. Анан, качан аларга өздөрү таанып-билген нерсе келгенде, ага каапыр болушту![1] Каапырларга Аллахтын наалаты болсун! info

[1] Медина яхудилери Тооратта алдын ала кабар берилген пайгамбарды жакын арада биздин арабыздан чыгат деп күтүп жатышкан. Анткени, алар эгер араб мушриктери менен согушуп калчу болсо, «жакында биздин арабыздан бир пайгамбар чыгат. Биз ошол пайгамбар менен келип, силерге көргүлүктү көргөзөбүз» деп коркутушчу. Анан ошол – өздөрү күткөн, тааныган пайгамбар өздөрүнүн (хижаздыктардын) арасынан, чыкты. Бирок улуту яхуди эмес, араб (Мухаммад) эле. Ага Аллах таала Куран китебин түшүрдү. «Аларга Аллахтын алдынан өздөрүндө болгон нерсени (Тооратты) тастыктаган бир китеп (жана пайгамбар) келди». Бирок..., яхудилер кечээ гана өздөрү өтө ынтызарлык менен күтүп жаткан пайгамбардан жана ага түшүрүлгөн Курандан жүз бурушту жана каапыр болушту.

التفاسير:

external-link copy
90 : 2

بِئۡسَمَا ٱشۡتَرَوۡاْ بِهِۦٓ أَنفُسَهُمۡ أَن يَكۡفُرُواْ بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ بَغۡيًا أَن يُنَزِّلَ ٱللَّهُ مِن فَضۡلِهِۦ عَلَىٰ مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦۖ فَبَآءُو بِغَضَبٍ عَلَىٰ غَضَبٖۚ وَلِلۡكَٰفِرِينَ عَذَابٞ مُّهِينٞ

Аллах Өзүнүн пазилетин пенделеринин арасынан Өзү каалаган адамга (Мухаммадга) түшүргөнүнө көралбастык кылып, Аллах түшүргөн нерсеге каапыр болуулары – өздөрүнө сатып алган нерселери кандай жаман! Ошентип, алар (Аллахтын) ачуу(су)нун үстүнө дагы (кошумча) каар менен кайтышты.[1] Каапырларга кор кылуучу азап бар. info

[1] Алар Тооратты бурмалаганда Аллах ачууланган эле. Эми Куранга каапыр болушканда Аллахтын кошумча каарына калышты.

التفاسير:

external-link copy
91 : 2

وَإِذَا قِيلَ لَهُمۡ ءَامِنُواْ بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ قَالُواْ نُؤۡمِنُ بِمَآ أُنزِلَ عَلَيۡنَا وَيَكۡفُرُونَ بِمَا وَرَآءَهُۥ وَهُوَ ٱلۡحَقُّ مُصَدِّقٗا لِّمَا مَعَهُمۡۗ قُلۡ فَلِمَ تَقۡتُلُونَ أَنۢبِيَآءَ ٱللَّهِ مِن قَبۡلُ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ

Аларга “Аллах түшүргөн нерсеге ыйман келтиргиле” деп айтылса, биз өзүбүзгө түшүрүлгөн нерсеге (Тооратка) ыйман келтиребиз” дешти жана андан башкасына (Куранга) ал чындык жана алардагы нерсени тастыктоочу болгонуна карабай каапыр болушту, (Оо, Мухаммад!) аларга айт: “Эгер (Тооратка) ыйман келтирген болсоңор, анда эмне үчүн мурда (Тоорат менен өкүм кылган) пайгамбарларды өлтүрчүсүңөр?!" info
التفاسير:

external-link copy
92 : 2

۞ وَلَقَدۡ جَآءَكُم مُّوسَىٰ بِٱلۡبَيِّنَٰتِ ثُمَّ ٱتَّخَذۡتُمُ ٱلۡعِجۡلَ مِنۢ بَعۡدِهِۦ وَأَنتُمۡ ظَٰلِمُونَ

Жана силерге Муса анык далилдер алып келгенден кийин деле, өзүңөргө зулум кылган абалда (билип туруп) музоого сыйындыңар! info
التفاسير:

external-link copy
93 : 2

وَإِذۡ أَخَذۡنَا مِيثَٰقَكُمۡ وَرَفَعۡنَا فَوۡقَكُمُ ٱلطُّورَ خُذُواْ مَآ ءَاتَيۡنَٰكُم بِقُوَّةٖ وَٱسۡمَعُواْۖ قَالُواْ سَمِعۡنَا وَعَصَيۡنَا وَأُشۡرِبُواْ فِي قُلُوبِهِمُ ٱلۡعِجۡلَ بِكُفۡرِهِمۡۚ قُلۡ بِئۡسَمَا يَأۡمُرُكُم بِهِۦٓ إِيمَٰنُكُمۡ إِن كُنتُم مُّؤۡمِنِينَ

Ошондо, Биз үстүңөргө “Тур” тоосун көтөрүп, “Биз берген нерсени (динди) бекем кармагыла жана (моюн сунуп) уккула” деп, ант-убадаңарды алганда, алар “уктук бирок, моюн сунбадык” дешкен жана каапырчылыктары себептүү жүрөктөрүнө музоо(го сыйынуу) сиңирилген! (Оо, Мухаммад) аларга айт: “Эгер “ыймандуу” болсоңор «ыйманыңар» буюрган нерселер кандай жаман!” info
التفاسير: