पवित्र कुरअानको अर्थको अनुवाद - किर्गिज अनुवाद : शम्सु द्दीन हकिमोव ।

Анъам

external-link copy
1 : 6

ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَجَعَلَ ٱلظُّلُمَٰتِ وَٱلنُّورَۖ ثُمَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِرَبِّهِمۡ يَعۡدِلُونَ

Асмандарды жана жерди жаратып, нур менен караңгылыктарды бар кылган Аллахка мактоолор![1] Кийин, Раббисине каапыр болгон адамдар Ага башкаларды тең (шерик) кылып жатышат! info

[1] Бул аяттагы көңүл бурууга ылайык болгон нерсе: Аллах “Нур” сөзүн жекелик сан түрүндө, “караңгылыктарды” көптүк түрүндө келтирди. Мунун мааниси, Аллахтын жолунан адаштырган азгырык-караңгылык жолдору санаксыз болгону менен Аллахка алып баруучу нурдуу, акыйкат жолу бирөө гана экенин билгизет.

التفاسير:

external-link copy
2 : 6

هُوَ ٱلَّذِي خَلَقَكُم مِّن طِينٖ ثُمَّ قَضَىٰٓ أَجَلٗاۖ وَأَجَلٞ مُّسَمًّى عِندَهُۥۖ ثُمَّ أَنتُمۡ تَمۡتَرُونَ

Ал (оболу) силерди ылайдан жаратты. Кийин (ушул дүйнөдө жашооңор үчүн, “өмүр” деген) мөөнөттү белгиледи. Анын алдында (дагы бир) белгиленген мөөнөт (Акырет жашоосу) бар. Ушундан кийин (о, каапырлар) силер дагы эле (Кыяматтан) шектенип жатасыңар. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 6

وَهُوَ ٱللَّهُ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَفِي ٱلۡأَرۡضِ يَعۡلَمُ سِرَّكُمۡ وَجَهۡرَكُمۡ وَيَعۡلَمُ مَا تَكۡسِبُونَ

Ал, Асмандарда да, Жерде да (жалгыз) Аллах. Ал силердин (бардык) жашыруун жана ашкере ишиңерди билет. Дегеле, бардык жасаган ишиңерди билип турат. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 6

وَمَا تَأۡتِيهِم مِّنۡ ءَايَةٖ مِّنۡ ءَايَٰتِ رَبِّهِمۡ إِلَّا كَانُواْ عَنۡهَا مُعۡرِضِينَ

Аларга (каапырларга) Раббисинин (чындыкты анык көргөзгөн) аяттарынын бири келээр замат (аны угуп, ой жүгүртүп көрүүнүн ордуна) дароо андан жүз буруп кетишти. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 6

فَقَدۡ كَذَّبُواْ بِٱلۡحَقِّ لَمَّا جَآءَهُمۡ فَسَوۡفَ يَأۡتِيهِمۡ أَنۢبَٰٓؤُاْ مَا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ

Алар өздөрүнө келген кезде акыйкатты[1] жалганга чыгарышты (жана шылдыңдашты). Эми жакында аларга шылдыңдаган нерселеринин кабары келет. info

[1] Курандагы кабарларды.

التفاسير:

external-link copy
6 : 6

أَلَمۡ يَرَوۡاْ كَمۡ أَهۡلَكۡنَا مِن قَبۡلِهِم مِّن قَرۡنٖ مَّكَّنَّٰهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ مَا لَمۡ نُمَكِّن لَّكُمۡ وَأَرۡسَلۡنَا ٱلسَّمَآءَ عَلَيۡهِم مِّدۡرَارٗا وَجَعَلۡنَا ٱلۡأَنۡهَٰرَ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهِمۡ فَأَهۡلَكۡنَٰهُم بِذُنُوبِهِمۡ وَأَنشَأۡنَا مِنۢ بَعۡدِهِمۡ قَرۡنًا ءَاخَرِينَ

Алар көрүшпөйбү: Биз алардан мурда нечендеген (каапыр) муундарды жок кылганбыз. (О, каапырлар!) Биз силерге бербеген жердеги орундарды аларга берген элек, (үстүнөн) жамгырды берекелүү жаадырып, астынан дарыяларды агызып койгон элек. Анан Биз аларды күнөөлөрү үчүн (апаат-кырсыктар менен) кыйратып, артынан башка муунду алып келдик. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 6

وَلَوۡ نَزَّلۡنَا عَلَيۡكَ كِتَٰبٗا فِي قِرۡطَاسٖ فَلَمَسُوهُ بِأَيۡدِيهِمۡ لَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٞ مُّبِينٞ

(О, Мухаммад!) Эгер Биз сага кагазга жазылган китепти (бүтүн бойдон) түшүрсөк жана аны өз колдору менен кармап көрүшсө да, каапыр болгон адамдар: “Бул - анык сыйкыр” – деп айтышмак. info
التفاسير:

external-link copy
8 : 6

وَقَالُواْ لَوۡلَآ أُنزِلَ عَلَيۡهِ مَلَكٞۖ وَلَوۡ أَنزَلۡنَا مَلَكٗا لَّقُضِيَ ٱلۡأَمۡرُ ثُمَّ لَا يُنظَرُونَ

Алар: “Ага (Мухаммадга жардам берүүчү) бир периште түшсө болбойт беле?” - дешет. Эгер биз периште түшүрчү болсок (жана алар аны өз көздөрү менен көргөндөн кийин деле ишенишпесе) анда, ошол замат иш бүтмөк. Аларга мөөнөт берилмек эмес.[1] info

[1] Анык, көрүнгөн далил келгенде ошол замат ишенбегендерге, мөөнөт берилбейт. Дароо “иштери бүтүрөлөт” (өлтүрүп), жок кылынат.

التفاسير: