[1] Бул аяттагы көңүл бурууга ылайык болгон нерсе: Аллах “Нур” сөзүн жекелик сан түрүндө, “караңгылыктарды” көптүк түрүндө келтирди. Мунун мааниси, Аллахтын жолунан адаштырган азгырык-караңгылык жолдору санаксыз болгону менен Аллахка алып баруучу нурдуу, акыйкат жолу бирөө гана экенин билгизет.
[1] Анык, көрүнгөн далил келгенде ошол замат ишенбегендерге, мөөнөт берилбейт. Дароо “иштери бүтүрөлөт” (өлтүрүп), жок кылынат.