पवित्र कुरअानको अर्थको अनुवाद - किर्गिज अनुवाद : शम्सु द्दीन हकिमोव ।

رقم الصفحة:close

external-link copy
95 : 6

۞ إِنَّ ٱللَّهَ فَالِقُ ٱلۡحَبِّ وَٱلنَّوَىٰۖ يُخۡرِجُ ٱلۡحَيَّ مِنَ ٱلۡمَيِّتِ وَمُخۡرِجُ ٱلۡمَيِّتِ مِنَ ٱلۡحَيِّۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُۖ فَأَنَّىٰ تُؤۡفَكُونَ

Аллах данды да, данекти да жаруучу![1] Өлүктөн тирүүнү чыгарат жана тирүүдөн өлүктү чыгарат![2] (Ал) ушундай Аллах! Дагы (Ага ибадат кылбай) кайда кетип баратасыңар?! info

[1] Бардык жемиштер, дарактар, өсүмдүктөр дан менен данектен чыгат. Аллах дан менен данекти жарбаганда бардык макулуктар ырыскысы жок калмак. Улуу кудуретине, Даанышмандыгына даңк!
[2] Бир тамчы суу – спермадан, кыймылсыз каткан жумурткадан жан-жаныбарларды чыгарды, жашоо белгиси жок дан-данектен өсүмдүк-дарактарды чыгарды. Жана кайра эле жаныбар, өсүмдүктөрдөн кыймылсыз уруктарды, жансыз жумуртканы жана дан-данекти чыгарат.

التفاسير:

external-link copy
96 : 6

فَالِقُ ٱلۡإِصۡبَاحِ وَجَعَلَ ٱلَّيۡلَ سَكَنٗا وَٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَ حُسۡبَانٗاۚ ذَٰلِكَ تَقۡدِيرُ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡعَلِيمِ

(Ал түндү) жарып таңды чыгаруучу жана Ал түндү башпаанек, Күн менен Айды эсеп (убакытты билдирип туруучу нерселерден) кылды. Бул – Кудуретүү, Билүүчү Аллахтын тагдыры. info
التفاسير:

external-link copy
97 : 6

وَهُوَ ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلنُّجُومَ لِتَهۡتَدُواْ بِهَا فِي ظُلُمَٰتِ ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِۗ قَدۡ فَصَّلۡنَا ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَعۡلَمُونَ

Ал жылдыздарды силер, аны менен деңиздердин жана кургактыктын караңгылыгында жол табууңар үчүн жараткан. Биз (Өз кудуретибизге далил болгон) белгилерди, билген адамдар үчүн (ушинтип) толук баян кылдык. info
التفاسير:

external-link copy
98 : 6

وَهُوَ ٱلَّذِيٓ أَنشَأَكُم مِّن نَّفۡسٖ وَٰحِدَةٖ فَمُسۡتَقَرّٞ وَمُسۡتَوۡدَعٞۗ قَدۡ فَصَّلۡنَا ٱلۡأٓيَٰتِ لِقَوۡمٖ يَفۡقَهُونَ

Ал силердин жаратылууңарды бир гана жандан (Адам-Атадан) баштаган. (Бардык адамдар) түбөлүк жайда жана убактылуу орундарда (болушат).[1] Түшүнгөн адамдар үчүн Биз далилдерди толук баян кылдык. info

[1] Түбөлүк жай экөө: же бейиш же тозок болот. Ошол эки жайга келгенге чейин бардык адамдар бир нече убактылуу орундарда: биринчи атанын белинде, кийин эне жатынында, кийин ушул дүйнө жашоосунда, андан соң барзах (мүрзө) жашоосунда Аллах белгилеген мөөнөттө убактылуу болушат.

التفاسير:

external-link copy
99 : 6

وَهُوَ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَخۡرَجۡنَا بِهِۦ نَبَاتَ كُلِّ شَيۡءٖ فَأَخۡرَجۡنَا مِنۡهُ خَضِرٗا نُّخۡرِجُ مِنۡهُ حَبّٗا مُّتَرَاكِبٗا وَمِنَ ٱلنَّخۡلِ مِن طَلۡعِهَا قِنۡوَانٞ دَانِيَةٞ وَجَنَّٰتٖ مِّنۡ أَعۡنَابٖ وَٱلزَّيۡتُونَ وَٱلرُّمَّانَ مُشۡتَبِهٗا وَغَيۡرَ مُتَشَٰبِهٍۗ ٱنظُرُوٓاْ إِلَىٰ ثَمَرِهِۦٓ إِذَآ أَثۡمَرَ وَيَنۡعِهِۦٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكُمۡ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يُؤۡمِنُونَ

Ал асмандан (адамдар, айбандар жана өсүмдүктөр күткөн) сууну түшүрдү. Кийин Биз ал (суу) менен түрдүү өнүп-өскөн нерселерди чыгардык. Алардан көгөргөн өсүмдүктөрдү, алардан болсо, тизилген дандарды (машактарды) чыгарабыз. (Ошондой эле) курмадан - анын муун-бутактарынан (терип алуучулар үчүн) ийилген кош шиңгилдер (чыгарылат). (Биз) жүзүм бактары менен бирге зайтундан, анардан бири-бирине окшогон жана окшобогондорун чыгарабыз. (О, адамдар!) Силер алардын ар биринин түйгөн жана бышып жетилген мөмөлөрүнө карагыла. Албетте, бул байкооңордо ыймандуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) далилдер бар. info
التفاسير:

external-link copy
100 : 6

وَجَعَلُواْ لِلَّهِ شُرَكَآءَ ٱلۡجِنَّ وَخَلَقَهُمۡۖ وَخَرَقُواْ لَهُۥ بَنِينَ وَبَنَٰتِۭ بِغَيۡرِ عِلۡمٖۚ سُبۡحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يَصِفُونَ

(Мушриктер) Аллахга жиндерди шерик кылышты. Чынында, бардыгын Аллах жараткан. Дагы алар илимсиздик менен Анын (Аллахтын) уул - кыздары бар деп жалаа жабышты. Аллах, алар сыпаттагандан Таза жана Бийик.[1] info

[1] Араб мушриктеринин арасында жиндерди кудай кылып сыйынгандар болгон. Дагы башка мушриктер (христиандар) “Аллахтын уулу бар” деп, мушриктерден дагы бир тайпасы “периштелер Аллахтын кыздары” деп ишенишкен.

التفاسير:

external-link copy
101 : 6

بَدِيعُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ أَنَّىٰ يَكُونُ لَهُۥ وَلَدٞ وَلَمۡ تَكُن لَّهُۥ صَٰحِبَةٞۖ وَخَلَقَ كُلَّ شَيۡءٖۖ وَهُوَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٞ

(Ал) Асмандарды жана жерди жоктон бар кылган. Анын аялы жок болсо, баласы кайдан болсун?! Ал бардыгын Өзү жараткан жана Ал бардык нерселерди Билүүчү.[1] info

[1] Аллах - Сомад. “Сомад” сөзүнүн мааниси бардык нерседен, ошонун арасында аял, бала-чакадан да беймуктаж. Бүт аалам жеке Өзүнүн мүлкү болсо, каалаган нерсеси “бол!” деген бир гана сөзү менен болуп турса, аял, бала, шерик дегендердин эмне зарылдыгы бар Ага?! Анын аялы жок, аялы болбогондун баласы да болбойт.

التفاسير: