पवित्र कुरअानको अर्थको अनुवाद - किर्गिज अनुवाद : शम्सु द्दीन हकिमोव ।

Нажм

external-link copy
1 : 53

وَٱلنَّجۡمِ إِذَا هَوَىٰ

Батып бара жаткан жылдызга ант![1] info

[1] Физиканын «көзү » менен карасак, жылдыз батпайт. Бирок, Куран жөнөкөй адамдардын аң-сезимине багытталганы себептүү ушул сөз колдонулган. Жөнөкөй адамдар жылдыз өз ордунда турса деле, маселен: «жылдыз чыкты», «ай батты» дешет.

التفاسير:

external-link copy
2 : 53

مَا ضَلَّ صَاحِبُكُمۡ وَمَا غَوَىٰ

(Эй, Курайш мушриктери!) Силердин жаныңардагы (Мухаммад) адашкан да эмес, азгырылган да эмес. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 53

وَمَا يَنطِقُ عَنِ ٱلۡهَوَىٰٓ

Жана ал абадан (өзүнүн ой-каалоосунан чыгарып) сүйлөбөйт. info
التفاسير:

external-link copy
4 : 53

إِنۡ هُوَ إِلَّا وَحۡيٞ يُوحَىٰ

Алар (ал сүйлөгөн сөздөр - Аллахтан келген) аян-кабарынан башка эмес. info
التفاسير:

external-link copy
5 : 53

عَلَّمَهُۥ شَدِيدُ ٱلۡقُوَىٰ

Ага (ал кабарды) өтө күч-кубаттуу (Жебирейил периште) үйрөткөн. info
التفاسير:

external-link copy
6 : 53

ذُو مِرَّةٖ فَٱسۡتَوَىٰ

Көрктүү, кудуреттүү (Жебирейил периште) көтөрүлдү info
التفاسير:

external-link copy
7 : 53

وَهُوَ بِٱلۡأُفُقِ ٱلۡأَعۡلَىٰ

жана жогорку асман мейкиндигинде (асыл кыяпаты менен көрүндү)[1] info

[1] Бул аятта улук пайгамбарыбыз улук периштени өзүн асыл кыяпат-шекилинде көргөнү айтылат. Ошого чейин ал пайгамбарыбызга адам түспөлүндө көрүнүп жүргөн.

التفاسير:

external-link copy
8 : 53

ثُمَّ دَنَا فَتَدَلَّىٰ

Кийин ага (пайгамбарга) өтө жакын келди. info
التفاسير:

external-link copy
9 : 53

فَكَانَ قَابَ قَوۡسَيۡنِ أَوۡ أَدۡنَىٰ

Эки жаа бою же андан да жакыныраак. info
التفاسير:

external-link copy
10 : 53

فَأَوۡحَىٰٓ إِلَىٰ عَبۡدِهِۦ مَآ أَوۡحَىٰ

Анан (Аллах анын ортомчулугу менен) Өз пендесине вахий кылды. info
التفاسير:

external-link copy
11 : 53

مَا كَذَبَ ٱلۡفُؤَادُ مَا رَأَىٰٓ

(Көз) көргөндү көкүрөк тастыктады! info
التفاسير:

external-link copy
12 : 53

أَفَتُمَٰرُونَهُۥ عَلَىٰ مَا يَرَىٰ

(Эй, мушриктер!) Силер ал (Мухаммад) менен, өзү көргөн нерсе жөнүндө талашасыңарбы?[1] info

[1] Курайш мушриктери Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын «Мага Куран аяттарын периште алып келет» деген сөзүнө ишенчү эмес. Анан алар периштелерди ата-бабаларынын кыял-фантазиялары боюнча аял сүрөтүндө элестетип жүрүшкөн жана «Периштелер – Аллахтын кыздары» дешкен. Дал ушул ката пикирден улам, өздөрүнүн кудайлары жөнүндө «Алар Аллахтын кыздары. Мурда периште болушкан» деп аларга аял ысымдарын ыйгарышкан. Маселен, алар «Лат» деп аталган кудайларынын атын «Аллах» сөзүн аялдык мүнөзгө (женский род) оодарып «Ал-Лат» деп жасап алышкан. Ушул эле ыкма менен Аллахтын «Маннан» деген ысымынан «Манат» деген кудайынын атын, «Азиз» деген ысымын аялчага оодарып, «Узза» деген кудайларынын ысымын жасап алышкан.

التفاسير:

external-link copy
13 : 53

وَلَقَدۡ رَءَاهُ نَزۡلَةً أُخۡرَىٰ

(Мухаммад) аны (Жебрейилди) экинчи ирет дагы көрдү. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 53

عِندَ سِدۡرَةِ ٱلۡمُنتَهَىٰ

«Сидратул мунтахаанын»[1] алдында. info

[1] «Сидратул мунтаха». Мааниси «Эң акыркы дарак». Пайгамбарыбыз дагы Мээражга чыкканда ошол жерден кайткан.

التفاسير:

external-link copy
15 : 53

عِندَهَا جَنَّةُ ٱلۡمَأۡوَىٰٓ

«Маьваа» бейиши ошол дарактын алдында. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 53

إِذۡ يَغۡشَى ٱلسِّدۡرَةَ مَا يَغۡشَىٰ

Капыстан (Аллахтын буйругу менен) «Сидрат» дарагын бир улук нерсе ороп калды.[1] info

[1] Эмне орогонун бир Аллах билет.

التفاسير:

external-link copy
17 : 53

مَا زَاغَ ٱلۡبَصَرُ وَمَا طَغَىٰ

(Мухаммаддын) көз(ү) четке бурулбады жана (буюрулган нерсени көрүүдөн) четтебеди. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 53

لَقَدۡ رَأَىٰ مِنۡ ءَايَٰتِ رَبِّهِ ٱلۡكُبۡرَىٰٓ

Ал (Мээраж түнүндө) Раббисинин (Кудуретинин) чоң белгилерин анык көрдү. info
التفاسير:

external-link copy
19 : 53

أَفَرَءَيۡتُمُ ٱللَّٰتَ وَٱلۡعُزَّىٰ

«Лат» менен «Уззага» карабайсыңарбы? info
التفاسير:

external-link copy
20 : 53

وَمَنَوٰةَ ٱلثَّالِثَةَ ٱلۡأُخۡرَىٰٓ

«Манатка» дагы, алардын үчүнчүсү.[1] info

[1] Бул «кудайлар» силерге пайда же зыян жеткире алабы?!

التفاسير:

external-link copy
21 : 53

أَلَكُمُ ٱلذَّكَرُ وَلَهُ ٱلۡأُنثَىٰ

Өзүңөргө уул, Ага кыз перзентпи?![1] info

[1] Бул аятты кененирээк түшүнүү үчүн 12-аяттын түшүндүрмөсүнө кайрылыңыз.

التفاسير:

external-link copy
22 : 53

تِلۡكَ إِذٗا قِسۡمَةٞ ضِيزَىٰٓ

Анда бул бөлүштүрүү абдан чоң ката! info
التفاسير:

external-link copy
23 : 53

إِنۡ هِيَ إِلَّآ أَسۡمَآءٞ سَمَّيۡتُمُوهَآ أَنتُمۡ وَءَابَآؤُكُم مَّآ أَنزَلَ ٱللَّهُ بِهَا مِن سُلۡطَٰنٍۚ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَمَا تَهۡوَى ٱلۡأَنفُسُۖ وَلَقَدۡ جَآءَهُم مِّن رَّبِّهِمُ ٱلۡهُدَىٰٓ

Алар өзүңөр жана ата-бабаңар (оюнан чыгарып) атап алган ысымдардан башка эмес. Аллах аларга далил түшүрбөгөн. Алар күмөндү жана напси каалаган нерселерди гана ээрчип жатышат. Аларга Раббиси тарабынан туура жол келген болчу. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 53

أَمۡ لِلۡإِنسَٰنِ مَا تَمَنَّىٰ

Же инсан каалаганын жасай береби?! info
التفاسير:

external-link copy
25 : 53

فَلِلَّهِ ٱلۡأٓخِرَةُ وَٱلۡأُولَىٰ

Акырет дагы Дүйнө дагы Аллахга таандык. info
التفاسير:

external-link copy
26 : 53

۞ وَكَم مِّن مَّلَكٖ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ لَا تُغۡنِي شَفَٰعَتُهُمۡ شَيۡـًٔا إِلَّا مِنۢ بَعۡدِ أَن يَأۡذَنَ ٱللَّهُ لِمَن يَشَآءُ وَيَرۡضَىٰٓ

Асмандарда канча периште болсо, Аллах Өзү каалаган жана ыраазы болгон пендесине уруксат бермейинче, алардын шапаатынан эч пайда жок! info
التفاسير: