पवित्र कुरअानको अर्थको अनुवाद - किर्गिज अनुवाद : शम्सु द्दीन हकिमोव ।

رقم الصفحة: 527:526 close

external-link copy
45 : 53

وَأَنَّهُۥ خَلَقَ ٱلزَّوۡجَيۡنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰ

Эркек-аял – эки жупту жараткан да Анын Өзү. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 53

مِن نُّطۡفَةٍ إِذَا تُمۡنَىٰ

(Жатындарга) атырылган бел суудан! info
التفاسير:

external-link copy
47 : 53

وَأَنَّ عَلَيۡهِ ٱلنَّشۡأَةَ ٱلۡأُخۡرَىٰ

Экинчи ирет (кайрадан) жаратыш да Анын иши. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 53

وَأَنَّهُۥ هُوَ أَغۡنَىٰ وَأَقۡنَىٰ

Жана (каалаганын) беймуктаж, бай кылган да Анын Өзү. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 53

وَأَنَّهُۥ هُوَ رَبُّ ٱلشِّعۡرَىٰ

(Мушриктер сыйынган) Шиъранын[1] Раббиси да Анын Өзү. info

[1] «Шиъра» - «Сириус» жылдызы. Ушул гана жылдыздын мисалында асмандагы бардык нерселер Аллахтын мүлкү экени айтылууда.

التفاسير:

external-link copy
50 : 53

وَأَنَّهُۥٓ أَهۡلَكَ عَادًا ٱلۡأُولَىٰ

Абалкы Аад коомун кыйраткан да Анын Өзү. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 53

وَثَمُودَاْ فَمَآ أَبۡقَىٰ

Самудду дагы (эч кимисин) калтырбай. info
التفاسير:

external-link copy
52 : 53

وَقَوۡمَ نُوحٖ مِّن قَبۡلُۖ إِنَّهُمۡ كَانُواْ هُمۡ أَظۡلَمَ وَأَطۡغَىٰ

Буга чейин Нух коомун да кыйраткан. Себеби алар чектен чыккан залым коом болушкан. info
التفاسير:

external-link copy
53 : 53

وَٱلۡمُؤۡتَفِكَةَ أَهۡوَىٰ

«Муьтафика» (деп аталган Лут коомунун шаарларын астын-үстүн) оодарган да (Бир Өзү). info
التفاسير:

external-link copy
54 : 53

فَغَشَّىٰهَا مَا غَشَّىٰ

Анан аларды орогон нерсе (таш бороону) ороп алды! info
التفاسير:

external-link copy
55 : 53

فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكَ تَتَمَارَىٰ

Эми (эй, инсан) Раббиңдин кайси ишинен шектенесиң? info
التفاسير:

external-link copy
56 : 53

هَٰذَا نَذِيرٞ مِّنَ ٱلنُّذُرِ ٱلۡأُولَىٰٓ

Бул (Мухаммад) абалкы эскертүүчүлөрдүн бири.[1] info

[1] Себеби ал эч кандай жанылык алып келген жок. Ошол эле пайгамбарлардай Аллахка ширк келтиргендерди тозок менен эскертүүдө.

التفاسير:

external-link copy
57 : 53

أَزِفَتِ ٱلۡأٓزِفَةُ

Жакындашуучу (Кыямат) жакын калды. info
التفاسير:

external-link copy
58 : 53

لَيۡسَ لَهَا مِن دُونِ ٱللَّهِ كَاشِفَةٌ

Аны(н качан болушунун сырын) Аллахтан башка эч ким ача албайт. info
التفاسير:

external-link copy
59 : 53

أَفَمِنۡ هَٰذَا ٱلۡحَدِيثِ تَعۡجَبُونَ

Силер (эй, мушриктер) бул Сөздөн (Курандан) таң калып жатасыңарбы?! info
التفاسير:

external-link copy
60 : 53

وَتَضۡحَكُونَ وَلَا تَبۡكُونَ

(Аны укканда жүрөгүңөр ээрип) ыйлагандын ордуна (мыскылдап) күлүп жатасыңарбы?! info
التفاسير:

external-link copy
61 : 53

وَأَنتُمۡ سَٰمِدُونَ

Силер (ага) көңүл бурбадыңар. info
التفاسير:

external-link copy
62 : 53

فَٱسۡجُدُواْۤ لِلَّهِۤ وَٱعۡبُدُواْ۩

Эми (ынсапка келип) Аллахка сажда жана ибадат кылгыла! info
التفاسير: