[1] Адампенде каалайбы-каалабайбы, бул дүйнө турушу менен машакат. Аллах таала ушундай жараткандан соң, мындан башкача болбойт. Ал эми, кээ бир адамдар өздөрүнө ушул эле дүйнөдө бейиш куруп алгылары келет жана машакатсыз жашайбыз деп... машакат чегишет.
[1] Ар бир акылдуу инсандын алдында эки жол бар: жакшы жана жаман. Ал өзүнүн ыйманына жараша экөөсүнүн бирин тандап алат. Албетте, напси-балээсине азгырылган инсан жеңилине, ылаззатына умтулуп жаман-арам жолго жүрөт. Ал эми, акылын иштеткен ыймандуу адамдар ар канча оор болсо да Акыретте пайда бере турган жакшылык жолуна жүрүшөт.