আল-কোৰআনুল কাৰীমৰ অৰ্থানুবাদ - কিৰ্গিজ অনুবাদ- শ্বামছুদ্দিন হাকীমোভ

Балад

external-link copy
1 : 90

لَآ أُقۡسِمُ بِهَٰذَا ٱلۡبَلَدِ

Ушул шаарга ант! info
التفاسير:

external-link copy
2 : 90

وَأَنتَ حِلُّۢ بِهَٰذَا ٱلۡبَلَدِ

Сен (оо, Мухаммад) ушул шаарда жашайсың. info
التفاسير:

external-link copy
3 : 90

وَوَالِدٖ وَمَا وَلَدَ

(Адам)-Атага жана урпактарга ант! info
التفاسير:

external-link copy
4 : 90

لَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ فِي كَبَدٍ

Биз инсанды машакатка жараттык.[1] info

[1] Адампенде каалайбы-каалабайбы, бул дүйнө турушу менен машакат. Аллах таала ушундай жараткандан соң, мындан башкача болбойт. Ал эми, кээ бир адамдар өздөрүнө ушул эле дүйнөдө бейиш куруп алгылары келет жана машакатсыз жашайбыз деп... машакат чегишет.

التفاسير:

external-link copy
5 : 90

أَيَحۡسَبُ أَن لَّن يَقۡدِرَ عَلَيۡهِ أَحَدٞ

(Каапыр) инсан өзүнө эч кимдин күчү жетпейт деп ойлойбу? info
التفاسير:

external-link copy
6 : 90

يَقُولُ أَهۡلَكۡتُ مَالٗا لُّبَدًا

Ал “эсепсиз мал-дүйнө короттум” дейт. info
التفاسير:

external-link copy
7 : 90

أَيَحۡسَبُ أَن لَّمۡ يَرَهُۥٓ أَحَدٌ

Ал өзүн эч ким көрбөй турат деп ойлойбу? info
التفاسير:

external-link copy
8 : 90

أَلَمۡ نَجۡعَل لَّهُۥ عَيۡنَيۡنِ

Биз ага эки көз бербедикпи? info
التفاسير:

external-link copy
9 : 90

وَلِسَانٗا وَشَفَتَيۡنِ

Тил жана эки эрин бербедикпи?! info
التفاسير:

external-link copy
10 : 90

وَهَدَيۡنَٰهُ ٱلنَّجۡدَيۡنِ

Жана Биз аны эки жолго багыттадык.[1] info

[1] Ар бир акылдуу инсандын алдында эки жол бар: жакшы жана жаман. Ал өзүнүн ыйманына жараша экөөсүнүн бирин тандап алат. Албетте, напси-балээсине азгырылган инсан жеңилине, ылаззатына умтулуп жаман-арам жолго жүрөт. Ал эми, акылын иштеткен ыймандуу адамдар ар канча оор болсо да Акыретте пайда бере турган жакшылык жолуна жүрүшөт.

التفاسير:

external-link copy
11 : 90

فَلَا ٱقۡتَحَمَ ٱلۡعَقَبَةَ

Ал (каапыр инсан) оор жолго жүрбөдү. info
التفاسير:

external-link copy
12 : 90

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡعَقَبَةُ

(Оо, Мухаммад) сен оор жол эмне экенин билбейсиң. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 90

فَكُّ رَقَبَةٍ

(Оор жол – бул) кул азат кылуу info
التفاسير:

external-link copy
14 : 90

أَوۡ إِطۡعَٰمٞ فِي يَوۡمٖ ذِي مَسۡغَبَةٖ

же болбосо каатчылык күндө тамак-аш берүү – info
التفاسير:

external-link copy
15 : 90

يَتِيمٗا ذَا مَقۡرَبَةٍ

тууганчылыгы бар жетимге. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 90

أَوۡ مِسۡكِينٗا ذَا مَتۡرَبَةٖ

Же чаңга буланган кедейге info
التفاسير:

external-link copy
17 : 90

ثُمَّ كَانَ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَتَوَاصَوۡاْ بِٱلصَّبۡرِ وَتَوَاصَوۡاْ بِٱلۡمَرۡحَمَةِ

Кийин (бул кайрымдуулукту жасаган) адам ыймандуулардан жана бири-бирин сабырга, ырайымдуулукка чакыруучулардан болсо, info
التفاسير:

external-link copy
18 : 90

أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ

Ошолор гана оң тарап ээлери! info
التفاسير:

external-link copy
19 : 90

وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِنَا هُمۡ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ

Ал эми, Биздин аяттарыбызга каапыр болгондор сол тарап ээлери.[1] info

[1] Кыяматта алардын амал баракчалары сол тарабынан берилип, бактысыз кишилерден болот.

التفاسير:

external-link copy
20 : 90

عَلَيۡهِمۡ نَارٞ مُّؤۡصَدَةُۢ

Аларды ар жактан от каптап алган. info
التفاسير: