وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - وەرگێڕاوی قیرغیزی بۆ پوختەی تەفسیری قورئانی پیرۆز

ژمارەی پەڕە:close

external-link copy
44 : 7

وَنَادَىٰٓ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِ أَصۡحَٰبَ ٱلنَّارِ أَن قَدۡ وَجَدۡنَا مَا وَعَدَنَا رَبُّنَا حَقّٗا فَهَلۡ وَجَدتُّم مَّا وَعَدَ رَبُّكُمۡ حَقّٗاۖ قَالُواْ نَعَمۡۚ فَأَذَّنَ مُؤَذِّنُۢ بَيۡنَهُمۡ أَن لَّعۡنَةُ ٱللَّهِ عَلَى ٱلظَّٰلِمِينَ

Баары өздөрүнө ылайык убада кылынган жайларына киргенден кийин, бейишке киргендер тозокко киргендерге: "Биз Рааббибиз бизге убада кылган бейишке чындап жолуктук жана ага кирдик. Эй, каапырлар, силер да Аллах силерге убада кылган тозокко кирдиңерби?" деп үн салышат. Каапырлар: "Бизге убада кылынган тозокко чындап кирдик" дешет. Ошондо: Аллах залымдарды ырайымынан куусун" деген үн угулат. Дүйнө жашоосунда аларга ырайым эшиги ачылган эле, бирок алар андан баш тартышткан. info
التفاسير:

external-link copy
45 : 7

ٱلَّذِينَ يَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَيَبۡغُونَهَا عِوَجٗا وَهُم بِٱلۡأٓخِرَةِ كَٰفِرُونَ

Ал залымдар өздөрү Аллахтын жолуна баш тарткан жана башкаларды да баш тартууга алып келишкен, чындыктын жолу адамдар ага түшпөй турган татаал болуусун каалап, үмүт кылышкан. Алар акыретке ишенишкен эмес жана даярданышкан да эмес. info
التفاسير:

external-link copy
46 : 7

وَبَيۡنَهُمَا حِجَابٞۚ وَعَلَى ٱلۡأَعۡرَافِ رِجَالٞ يَعۡرِفُونَ كُلَّۢا بِسِيمَىٰهُمۡۚ وَنَادَوۡاْ أَصۡحَٰبَ ٱلۡجَنَّةِ أَن سَلَٰمٌ عَلَيۡكُمۡۚ لَمۡ يَدۡخُلُوهَا وَهُمۡ يَطۡمَعُونَ

Бул эки топтун ортосунда, б.а.бейишке кирүүчүлөр менен тозокко кирүүчүлөрдүн ортосунда бийик орунда "Аьраф" деп аталган тосмо бар. Бул бийик тосмодо жакшылык иштери менен күнөөлөрү бирдей болуп калган адамдар топтолот. Алар бейишке кирүүчүлөрдү жүздөрүнүн актыгы сыяктуу белгилеринен, ал эми тозокко кирүүчүлөрдү жүздөрүнүн каралыгы сыяктуу белгилеринен таанып билишет. Бул жердеги адамдар бейишке кире турган адамдарга урмат көрсөтүп: "Силерге тынчтык болсун" деп салам айтышат. Алар бул учурда бейишке кире элек, бирок бейишке кирүүгө Аллахтын ырайымын күтүп турган болушат. info
التفاسير:

external-link copy
47 : 7

۞ وَإِذَا صُرِفَتۡ أَبۡصَٰرُهُمۡ تِلۡقَآءَ أَصۡحَٰبِ ٱلنَّارِ قَالُواْ رَبَّنَا لَا تَجۡعَلۡنَا مَعَ ٱلۡقَوۡمِ ٱلظَّٰلِمِينَ

Эгер Аьрафта тургандар тозокко кирүүчүлөргө көзү бурулуп, алардын катуу азапка дуушар болушканын көрүшсө, Аллахка кайрылып: "Оо, Раббибиз, Сага каапырлык жана ширк кылган залым коом менен бирге кылба" деп дуба кылышат. info
التفاسير:

external-link copy
48 : 7

وَنَادَىٰٓ أَصۡحَٰبُ ٱلۡأَعۡرَافِ رِجَالٗا يَعۡرِفُونَهُم بِسِيمَىٰهُمۡ قَالُواْ مَآ أَغۡنَىٰ عَنكُمۡ جَمۡعُكُمۡ وَمَا كُنتُمۡ تَسۡتَكۡبِرُونَ

Аьрафта турган ададмар тозокко кире турган адамдарыд аларды чочулаган көздөрүнөн, карарган жүздөрүнөн таанып, аларга: "Силерге мал-мүлкүңөрдүн жана саныңардын көптүгү менен мактанганыңар жана чындык жолдон текеберленип, менменсинип баш тартканыңар пайда бербедиби?" дешет. info
التفاسير:

external-link copy
49 : 7

أَهَٰٓؤُلَآءِ ٱلَّذِينَ أَقۡسَمۡتُمۡ لَا يَنَالُهُمُ ٱللَّهُ بِرَحۡمَةٍۚ ٱدۡخُلُواْ ٱلۡجَنَّةَ لَا خَوۡفٌ عَلَيۡكُمۡ وَلَآ أَنتُمۡ تَحۡزَنُونَ

Анан: "Силер: "Аллах аларды ырайымына албайт" деген ададмар ушуларбы?" дешет (бейишке кирүүчүлөрдү көрсөтүп). Анан Аллах Таала ыймандууларган: "Оо, ыймандуулар, бейишке киргиле, силерге келечекте эч коркунуч болбойт жана дүйнө насибиңерде кылган ишиңер үчүн өкүнбөйсүңөр, анткени, түбөлүктүү жакшылкка кирдиңер" дейт. info
التفاسير:

external-link copy
50 : 7

وَنَادَىٰٓ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِ أَصۡحَٰبَ ٱلۡجَنَّةِ أَنۡ أَفِيضُواْ عَلَيۡنَا مِنَ ٱلۡمَآءِ أَوۡ مِمَّا رَزَقَكُمُ ٱللَّهُۚ قَالُوٓاْ إِنَّ ٱللَّهَ حَرَّمَهُمَا عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ

Тозокко кирүүчүлөр бейишке кирүүчүлөрдөн жалынып: "Эй, бейишке кирүүчүлөр, бизге суу жана Аллах силерге ырыскы кылып берген тамактардан бергиле" деп суранышат. Бейишке кирүүчүлөр: "Аллах Таала бул нерселерди каапыр болгону себептүү каапырларга арам кылган, Аллах арам кылган нерсени биз бере албайбыз" дешет. info
التفاسير:

external-link copy
51 : 7

ٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ دِينَهُمۡ لَهۡوٗا وَلَعِبٗا وَغَرَّتۡهُمُ ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَاۚ فَٱلۡيَوۡمَ نَنسَىٰهُمۡ كَمَا نَسُواْ لِقَآءَ يَوۡمِهِمۡ هَٰذَا وَمَا كَانُواْ بِـَٔايَٰتِنَا يَجۡحَدُونَ

Ал каапырлар диндерин оюн, тамаша кылышкан, аларды дүйнө жашоосу кооздук ырахаты менен алдап койгон. Алар бул дүйнөдө кыямат күнүндөгү жолугууну унутуп, ага эч аракет кылышпай, даярданышпай, Аллахтын ачык далил-белгилерин танып, анын чындык экенин билип туруп четке кагышканы үчүн, кыямат күнү Аллах аларды азап үстүнө калтырып унутуп коёт. info
التفاسير:
سوودەکانی ئایەتەکان لەم پەڕەیەدا:
• عدم الإيمان بالبعث سبب مباشر للإقبال على الشهوات.
Кайра тирилүүгө ишенбөө, кумар каалоолорду ээрчип кетүүгө себеп болот info

• يتيقن الناس يوم القيامة تحقق وعد الله لأهل طاعته، وتحقق وعيده للكافرين.
Кыямат күнү адамдар Аллах Тааланын баш ийгендер бейишке, каапырлар тозокко кирет деген убадысы акыйкат экенине чын жүрөгүнөн ишенишет info

• الناس يوم القيامة فريقان: فريق في الجنة وفريق في النار، وبينهما فريق في مكان وسط لتساوي حسناتهم وسيئاتهم، ومصيرهم إلى الجنة.
кыямат күнү адамдар эки топко бөлүнөт: бир топ бейиште, бир топ тозокто. Бул экөөнүн ортосунда жакшы иштери менен күнөө иштери бирлей болуп калган адамдар турат, алардын барар жери бейиш болот info

• على الذين يملكون المال والجاه وكثرة الأتباع أن يعلموا أن هذا كله لن يغني عنهم من الله شيئًا، ولن ينجيهم من عذاب الله.
Малы-жаны, аброю, артында ээрчигендери көп болгон адамдар, бул нерселери Аллахтын алдында эч пайда бербешин жана аны Аллахтын азабынан куткарып кала албашын билүүсү керек. info