وه‌رگێڕانی ماناكانی قورئانی پیرۆز - وەرگێڕاوی قیرغیزی بۆ پوختەی تەفسیری قورئانی پیرۆز

ژمارەی پەڕە:close

external-link copy
23 : 7

قَالَا رَبَّنَا ظَلَمۡنَآ أَنفُسَنَا وَإِن لَّمۡ تَغۡفِرۡ لَنَا وَتَرۡحَمۡنَا لَنَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ

Адам менен Хава мындай деди: "О, Раббибиз, дарактан жебегле деген тыюуңду бузуп, күнөө ылуу менен өзүбүзгө залым кылып алдык. Сен биздин күнөөбүздү кечирбесең, ырайымың менен ырайым кылбасаң, анда дүйнө жана акыреттег насибибизден ажырап зыян көрүүчүлөрдөн болуп калабыз". info
التفاسير:

external-link copy
24 : 7

قَالَ ٱهۡبِطُواْ بَعۡضُكُمۡ لِبَعۡضٍ عَدُوّٞۖ وَلَكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ مُسۡتَقَرّٞ وَمَتَٰعٌ إِلَىٰ حِينٖ

Аллах Адамга, Хавага жана Ибилиске мындай деди: "Бейиштен жерге түшкүлө, эми бири-бириңе душман болосу-ар, белгилүү бир мөөнөткө чейин силерге жер бетинде отурукташып жашоо бар, белгиленген мөөнөт келгиче андагы нерселерди пайдалангыла" info
التفاسير:

external-link copy
25 : 7

قَالَ فِيهَا تَحۡيَوۡنَ وَفِيهَا تَمُوتُونَ وَمِنۡهَا تُخۡرَجُونَ

Алла Адам менен Хавага жана алардын урпактарына кайрылып: "Бул жер бетинде Аллах тагдыр кылган ажалыңар жеткенче жашайсыңар, жер бетинде өлүп, ошондо көмүлөсүңөр, кийин кабырыңардан тирлип чыгасыңар". info
التفاسير:

external-link copy
26 : 7

يَٰبَنِيٓ ءَادَمَ قَدۡ أَنزَلۡنَا عَلَيۡكُمۡ لِبَاسٗا يُوَٰرِي سَوۡءَٰتِكُمۡ وَرِيشٗاۖ وَلِبَاسُ ٱلتَّقۡوَىٰ ذَٰلِكَ خَيۡرٞۚ ذَٰلِكَ مِنۡ ءَايَٰتِ ٱللَّهِ لَعَلَّهُمۡ يَذَّكَّرُونَ

Оо, Адам балдары, силердин авретиңерди жаба турган зарыл кийимди бердик, ошондой эле эл алдында жасанып кийинүү үчүн толук кийимдерди да бердик. Аллахтын буйругун аткарып, тыйганынан тыйылып такыба болуу кийими бул кийимдерден жакшы. бул айтылган кийимдер Аллахтын кудуретине далил болчу белгилерден. Аллахтын силерге берген мындай жакшылыктарын эстеп, шүгүр кылаарсыңар. info
التفاسير:

external-link copy
27 : 7

يَٰبَنِيٓ ءَادَمَ لَا يَفۡتِنَنَّكُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ كَمَآ أَخۡرَجَ أَبَوَيۡكُم مِّنَ ٱلۡجَنَّةِ يَنزِعُ عَنۡهُمَا لِبَاسَهُمَا لِيُرِيَهُمَا سَوۡءَٰتِهِمَآۚ إِنَّهُۥ يَرَىٰكُمۡ هُوَ وَقَبِيلُهُۥ مِنۡ حَيۡثُ لَا تَرَوۡنَهُمۡۗ إِنَّا جَعَلۡنَا ٱلشَّيَٰطِينَ أَوۡلِيَآءَ لِلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ

Оо, Адам балдары, шайтан авретиңерди ачуу үчүн силерди кийимиңерди чечүүгө жана такыба кийимин таштап коюууга кызыктырып азгырбасын. Чынында, шайтан силердин атаңарды аларга тыюу салынган дарактын мөмөсүнөн жегенге кызыктырып алдаган, бул алардын аврети ачылып калуусуна жана бейиштен чыгарылуусуна себеп болгон.Акыйкатта, шайтан жана анын урпактары силерди көрүп, күбө болуп турат, силер аларды көрбөйсүңөр да, күбө да болбойсуңар. Адан жана анын урпактарынан сактангыла. Биз шайтандарды Аллахка ишенбегендер дос кылып койгонбуз. Ал эми жакшы иштерди кылган ыймандуулар алара кошулбайт. info
التفاسير:

external-link copy
28 : 7

وَإِذَا فَعَلُواْ فَٰحِشَةٗ قَالُواْ وَجَدۡنَا عَلَيۡهَآ ءَابَآءَنَا وَٱللَّهُ أَمَرَنَا بِهَاۗ قُلۡ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَأۡمُرُ بِٱلۡفَحۡشَآءِۖ أَتَقُولُونَ عَلَى ٱللَّهِ مَا لَا تَعۡلَمُونَ

Бутпарастар ширк кылуу, же Каабаны жылаңач тооп кылуус ыяктуу оор күнөөлрдү жасаса, бул иштерди Аллахтын буйругу менен ата-бабалары ушинтип аткарганын айтып шылтоо кылышат. Эй, Мухаммад, алардын айтканын кайтарып: Аллах күнөө ишке буйрубайт, андан тыят, кантип бул иштериңерди Аллахка төңкөрөсүңөр? Эй, бутпарастар, Аллахка билбеген нерсеңерди жалган, жалаа кылып айтасыңарбы? дегин. info
التفاسير:

external-link copy
29 : 7

قُلۡ أَمَرَ رَبِّي بِٱلۡقِسۡطِۖ وَأَقِيمُواْ وُجُوهَكُمۡ عِندَ كُلِّ مَسۡجِدٖ وَٱدۡعُوهُ مُخۡلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَۚ كَمَا بَدَأَكُمۡ تَعُودُونَ

Оо, Мухаммад, бутпарастарга минтип айт: Чынында Аллах адилеттикке буйруду, жаман, бузук иштерге буйруган жок. Баардык ибадаттарды калыс Ага аткарууга буйруду. Ага ыкылас кылып, баш ийип дуба кылууга буйруду. Ал силердин жоктон бар кылып жараткан сыяктуу экинчи жолу дагы тирилтет. Жок нерсени жаратканга кудурети жеткен, кайра жаратууга жана тирилтүүгө да кудурети жетет. info
التفاسير:

external-link copy
30 : 7

فَرِيقًا هَدَىٰ وَفَرِيقًا حَقَّ عَلَيۡهِمُ ٱلضَّلَٰلَةُۚ إِنَّهُمُ ٱتَّخَذُواْ ٱلشَّيَٰطِينَ أَوۡلِيَآءَ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَيَحۡسَبُونَ أَنَّهُم مُّهۡتَدُونَ

Аллах адамдарды эки топ кылган: бир тобун туура жолго салган, аларга туура жолго түшүү себептерин жеңил кылган, тоскоолдуктарды алып салган. Бир тобун чындыктын жолунан адашууну жазып койгон, анткени алар Аллахты эмес, шайтандарды дос тутушту жана билбестен аларды ээрчишти. Алар өздөрүн туура жолдо деп ойлошот. info
التفاسير:
سوودەکانی ئایەتەکان لەم پەڕەیەدا:
• من أَشْبَهَ آدم بالاعتراف وسؤال المغفرة والندم والإقلاع - إذا صدرت منه الذنوب - اجتباه ربه وهداه. ومن أَشْبَهَ إبليس - إذا صدر منه الذنب بالإصرار والعناد - فإنه لا يزداد من الله إلا بُعْدًا.
Күнөө кылып алгандан кийин Адам ата сыяктуу моюнуна алып, аны экинчи кайталабоого убада берип, өкүнүп, кечирим сураган адамды Раббиси кечирип, туура жолго салат. Ал эми күнөө кылгандан кийин Ибилиске окшоп күнөөсүн улантып, каш көйлүк кылган адам, Аллахтан алыстагандан алыстай берет. info

• اللباس نوعان: ظاهري يستر العورةَ، وباطني وهو التقوى الذي يستمر مع العبد، وهو جمال القلب والروح.
Кийим эки түрдүү болот: сырткы кийим аврет, денени жаба турган кийим, ички пенде менен бирге болчу такыбалык кийим, бул кийим жүрөктүн рухтун көркү. info

• كثير من أعوان الشيطان يدعون إلى نزع اللباس الظاهري؛ لتنكشف العورات، فيهون على الناس فعل المنكرات وارتكاب الفواحش.
Шайтандын көп жардамчылары адамдарды сырткы кийимин чечүүгө үгүттөйт, ошол аркылуу тыюу салынган бузук иштерди аткарууга түрткү болот. info

• أن الهداية بفضل الله ومَنِّه، وأن الضلالة بخذلانه للعبد إذا تولَّى -بجهله وظلمه- الشيطانَ، وتسبَّب لنفسه بالضلال.
Туура жол Аллахтын артыкчылыгы менен, ал эми адашуу таштап коюусу менен болот, эгер пенде билбестиги жана залымдыгы менен шайтанды башчы кылып, адашуусуна себеп кылса. info