ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
19 : 57

وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦٓ أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلصِّدِّيقُونَۖ وَٱلشُّهَدَآءُ عِندَ رَبِّهِمۡ لَهُمۡ أَجۡرُهُمۡ وَنُورُهُمۡۖ وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَآ أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَحِيمِ

Аллахка ыйман келтиргендер жана пайгамбарларды бөлбөстөн ыйман келтиргендер – мына ошолор чынчылдар. Жана шейиттер үчүн Раббисинин алдында улуу сооптор даярдалган жана кыяматта аларга алдыларынан жана оң тарабынан жаркыраган нур бар. Ал эми Аллахка жана Анын элчилерине каапырлык кылгандар жана элчибизге түшүргөн аяттарыбызды жалганга чыгаргандар – мына ошолор тозок ээлери. Алар кыяматта ага киришет, ал жакта түбөлүк калышат жана ал жактан чыгышпайт. info
التفاسير:

external-link copy
20 : 57

ٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا لَعِبٞ وَلَهۡوٞ وَزِينَةٞ وَتَفَاخُرُۢ بَيۡنَكُمۡ وَتَكَاثُرٞ فِي ٱلۡأَمۡوَٰلِ وَٱلۡأَوۡلَٰدِۖ كَمَثَلِ غَيۡثٍ أَعۡجَبَ ٱلۡكُفَّارَ نَبَاتُهُۥ ثُمَّ يَهِيجُ فَتَرَىٰهُ مُصۡفَرّٗا ثُمَّ يَكُونُ حُطَٰمٗاۖ وَفِي ٱلۡأٓخِرَةِ عَذَابٞ شَدِيدٞ وَمَغۡفِرَةٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَرِضۡوَٰنٞۚ وَمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَآ إِلَّا مَتَٰعُ ٱلۡغُرُورِ

Билип алгыла, чындыгында дүйнө жашоосу – денелер ойногон оюн-зоок, жүрөктөр ээликкен көңүл ачуу, силер сулууланган кооздук, бири-бирине мал-мүлк жана дүнүйө менен мактануу, байлык жана бала-чаканын көптүгү менен чиренүү гана. Ал жамгыр сыяктуу, андан өскөн өсүмдүктөр дыйкандарды суктандырат. Анан ал жашыл өсүмдүктөр бат эле куурап калат. Эй, назар салуучу! Сен аларды жашылдангандан кийин саргайганын көрөсүң. Кийин Аллах аны майдаланган куурайга айлантат. Ал эми акыретте каапырлар жана эки жүздүүлөр үчүн катуу азап бар жана Аллахтын ыймандуу пенделери үчүн күнөөлөрүнө кечирим жана ыраазылык бар. Дүйнө жашоосу эч кандай туруктуулукка ээ болбогон, убактылуу ырахаттан башка эч нерсе эмес. Ким анын убактылуу ырахаттарын акырет жыргалчылыгынан артык көрсө, анда ал куру жалак калды. info
التفاسير:

external-link copy
21 : 57

سَابِقُوٓاْ إِلَىٰ مَغۡفِرَةٖ مِّن رَّبِّكُمۡ وَجَنَّةٍ عَرۡضُهَا كَعَرۡضِ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ أُعِدَّتۡ لِلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦۚ ذَٰلِكَ فَضۡلُ ٱللَّهِ يُؤۡتِيهِ مَن يَشَآءُۚ وَٱللَّهُ ذُو ٱلۡفَضۡلِ ٱلۡعَظِيمِ

Оо, адамдар! Тообо же башка ибадаттар сыяктуу күнөөлөрүңөрдүн кечирилишине жеткирген жана асман менен жердин кендигиндей бейишке жеткирген жакшылык иштерде жарышкыла! Аллах бул бейишти Ага жана Анын элчисине ыйман келтиргендерге даярдап койгон. Бул Аллахтын Өзү каалаган пенделерине бере турган сыйлыгы. Аллах ыймандуу пенделерине карата улуу артыкчылык Ээси. info
التفاسير:

external-link copy
22 : 57

مَآ أَصَابَ مِن مُّصِيبَةٖ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلَا فِيٓ أَنفُسِكُمۡ إِلَّا فِي كِتَٰبٖ مِّن قَبۡلِ أَن نَّبۡرَأَهَآۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٞ

Адамдардын башына түшкөн кургакчылык жана башка сыяктуу жер бетиндеги кырсыктар жана өздөрүнүн башына түшкөн кыйынчылыктар макулуктарды жаратканыбызга чейин эле Сакталган Тактада бекитилген. Чындыгында бул Аллах үчүн жеңил. info
التفاسير:

external-link copy
23 : 57

لِّكَيۡلَا تَأۡسَوۡاْ عَلَىٰ مَا فَاتَكُمۡ وَلَا تَفۡرَحُواْ بِمَآ ءَاتَىٰكُمۡۗ وَٱللَّهُ لَا يُحِبُّ كُلَّ مُخۡتَالٖ فَخُورٍ

Оо, адамдар! Муну силер жетпей калган нерсеңерге кайгырбашыңар үчүн жана силерге берилген жакшылыктарга сүйүнүп көөп кетпешиңер үчүн кылды. Чындыгында Аллах берген нерселер менен адамдарга тебекерлик кылгандарды, мактангандарды жакшы көрбөйт. info
التفاسير:

external-link copy
24 : 57

ٱلَّذِينَ يَبۡخَلُونَ وَيَأۡمُرُونَ ٱلنَّاسَ بِٱلۡبُخۡلِۗ وَمَن يَتَوَلَّ فَإِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡغَنِيُّ ٱلۡحَمِيدُ

Берүүгө милдеттүү болгон нерсеге сараңдык кылгандар жана башкаларды сараңдыкка буйругандар – зыян тартуучулар. Аллахка моюн сунуудан баш тарткан адам, Ага эч качан зыян келтире албайт. Ал өзүнө гана зыян келтирет. Чындыгында Аллах – Беймуктаж, Ал пенделеринин баш ийүүсүнө муктаж эмес, Ал бүткүл абалда Мактоого татыктуу. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• الزهد في الدنيا وما فيها من شهوات، والترغيب في الآخرة وما فيها من نعيم دائم يُعينان على سلوك الصراط المستقيم.
Дүйнөдөн жана андагы кумарлардан баш тартуу, акыретке жана андагы түбөлүк жакшылыктарга чакыруу – туура жолдо жүрүүгө жардам берет. info

• وجوب الإيمان بالقدر.
Тагдырга ыйман келтирүүнүн милдеттүүлүгү. info

• من فوائد الإيمان بالقدر عدم الحزن على ما فات من حظوظ الدنيا.
Дүйнөдө жетпей калган нерселерге кайгырбоо – тагдырга ыйман келтирүүнүн пайдаларынан. info

• البخل والأمر به خصلتان ذميمتان لا يتصف بهما المؤمن.
Сараңдык жана ага буйруу – ыймандууга мүнөздүү болбогон жаман сыпаттардан. info