ការបកប្រែអត្ថន័យគួរអាន - ការបកប្រែជាភាសាគៀរគីស្តានលើការអធិប្បាយសង្ខេបអំពីគម្ពីគួរអាន

លេខ​ទំព័រ:close

external-link copy
12 : 57

يَوۡمَ تَرَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ يَسۡعَىٰ نُورُهُم بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَبِأَيۡمَٰنِهِمۖ بُشۡرَىٰكُمُ ٱلۡيَوۡمَ جَنَّٰتٞ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ

Сен ал күнү ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын алдыларынан жана оң капталдарынан нурлары алдыга жаркырап баратканын көрөсүң. Ошол күнү аларга: «Силердин бүгүнкү сүйүнчү кабарыңар – хан сарайларынын жана бак-дарактарынын алдынан дарыялар аккан бейиштер! Ал жакта түбөлүк каласыңар. Бул теңдешсиз улуу жеңиш» – деп айтылат. info
التفاسير:

external-link copy
13 : 57

يَوۡمَ يَقُولُ ٱلۡمُنَٰفِقُونَ وَٱلۡمُنَٰفِقَٰتُ لِلَّذِينَ ءَامَنُواْ ٱنظُرُونَا نَقۡتَبِسۡ مِن نُّورِكُمۡ قِيلَ ٱرۡجِعُواْ وَرَآءَكُمۡ فَٱلۡتَمِسُواْ نُورٗاۖ فَضُرِبَ بَيۡنَهُم بِسُورٖ لَّهُۥ بَابُۢ بَاطِنُهُۥ فِيهِ ٱلرَّحۡمَةُ وَظَٰهِرُهُۥ مِن قِبَلِهِ ٱلۡعَذَابُ

Ал күнү эки жүздүү эркектер менен эки жүздүү аялдар ыймандууларга: «Бизди күтө тургулачы, бизге Сыраттан өтүүгө жардам бергенге нуруңардан бир аз алалы» – дешет. Эки жүздүүлөргө шылдың иретинде: «Артка кайткыла, жарык бере турган нурду издегиле» – деп айтылат. Ошондо алардын ортосуна дарбазасы бар тосмо орнотулат. Анын ички тарабында ыймандуулар ырайымдуулукта болот, ал эми сырткы тарабында эки жүздүүлөр азапта болот. info
التفاسير:

external-link copy
14 : 57

يُنَادُونَهُمۡ أَلَمۡ نَكُن مَّعَكُمۡۖ قَالُواْ بَلَىٰ وَلَٰكِنَّكُمۡ فَتَنتُمۡ أَنفُسَكُمۡ وَتَرَبَّصۡتُمۡ وَٱرۡتَبۡتُمۡ وَغَرَّتۡكُمُ ٱلۡأَمَانِيُّ حَتَّىٰ جَآءَ أَمۡرُ ٱللَّهِ وَغَرَّكُم بِٱللَّهِ ٱلۡغَرُورُ

Эки жүздүүлөр ыймандууларга кайрылып: «Биз Исламды кабыл кылууда жана (Аллахка) баш ийүүдө силер менен бирге эмес белек?» – дегенде, мусулмандар аларга минтип жооп берди: «Ооба, биз менен бирге элеңер. Бирок, эки жүздүүлүккө берилип өзүңөрдү куруттуңар, каапырлыгыңарды ачыкка чыгаруу үчүн ыймандуулардын жеңилүүсүн күттүңөр, Аллахтын ыймандууларды колдоосуна жана өлүмдөн кийин кайра тирилүүгө шектендиңер жана өлүм келгенге чейин жалган кыялдарга алданган боюнча калдыңар. Аллахка ишенүүдө шайтан силерди алдап, адаштырып койду». info
التفاسير:

external-link copy
15 : 57

فَٱلۡيَوۡمَ لَا يُؤۡخَذُ مِنكُمۡ فِدۡيَةٞ وَلَا مِنَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْۚ مَأۡوَىٰكُمُ ٱلنَّارُۖ هِيَ مَوۡلَىٰكُمۡۖ وَبِئۡسَ ٱلۡمَصِيرُ

Эй, эки жүздүүлөр! Бүгүн силерден Аллахтын азабынан эч кандай кун алынбайт жана Аллахка ачык каапырлык кылгандардан да кун алынбайт. Силер менен каапырлардын барар жайы тозок. Силер ага, ал силерге ылайыктуу. Ал кандай жаман жай. info
التفاسير:

external-link copy
16 : 57

۞ أَلَمۡ يَأۡنِ لِلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَن تَخۡشَعَ قُلُوبُهُمۡ لِذِكۡرِ ٱللَّهِ وَمَا نَزَلَ مِنَ ٱلۡحَقِّ وَلَا يَكُونُواْ كَٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ مِن قَبۡلُ فَطَالَ عَلَيۡهِمُ ٱلۡأَمَدُ فَقَسَتۡ قُلُوبُهُمۡۖ وَكَثِيرٞ مِّنۡهُمۡ فَٰسِقُونَ

Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиргендер Аллахты эстегенде жана Куранда түшкөн убадаларга же эскертмелерге жүрөктөрү жумшарып, бейпил боло турган убакыт келип жетпедиби?! Алар жүрөктүн мерездигинде Тоорат берилген жөөттөрдөй жана Инжил берилген христиандардай болушпасын. Алар менен пайгамбарларынын келүүсүнүн ортосундагы убакыт өтө узарып кеткендиктен жүрөктөрү мерез болуп калды. Алардын көпчүлүгү Аллахка моюн сунбай, баш ийбестик кылгандар. info
التفاسير:

external-link copy
17 : 57

ٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ يُحۡيِ ٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِهَاۚ قَدۡ بَيَّنَّا لَكُمُ ٱلۡأٓيَٰتِ لَعَلَّكُمۡ تَعۡقِلُونَ

Билип койгула, Аллах жерди кургагандан кийин аны өстүрүү менен кайра тирилтет. Оо, адамдар! Биз силерге Аллахтын кудуреттүүлүгүн жана жалгыздыгын билдирген далилдерди баяндадык. Балким силер мунун үстүндө акыл жүгүртөсүңөр жана жерди өлгөндөн кийин кайра тирилткен Зат силерди өлгөнүңөрдөн кийин кайра тирилтүүгө кудуреттүү экенин жана жүрөгүңөрдү мерездиктен кийин кайрадан жумшартууга кудуреттүү экенин билерсиңер. info
التفاسير:

external-link copy
18 : 57

إِنَّ ٱلۡمُصَّدِّقِينَ وَٱلۡمُصَّدِّقَٰتِ وَأَقۡرَضُواْ ٱللَّهَ قَرۡضًا حَسَنٗا يُضَٰعَفُ لَهُمۡ وَلَهُمۡ أَجۡرٞ كَرِيمٞ

Мал-мүлкүнөн садака кылган эркектерге жана мал-мүлкүнөн садака кылган аялдарга, милдет кылбастан жана зыян бербестен чын көңүлдөн садака бергендерге иш-аракеттеринин сооптору эселеп берилет, бир жакшылыкка он эседен жети жүз эсеге чейин же андан да көп эселеп берилет. Аларга муну менен бирге Аллахтын алдында улуу сыйлык болгон бейиш даярдалган. info
التفاسير:
ក្នុង​ចំណោម​អត្ថប្រយោជន៍​នៃអាយ៉ាត់ទាំងនេះក្នុងទំព័រនេះ:
• امتنان الله على المؤمنين بإعطائهم نورًا يسعى أمامهم وعن أيمانهم.
Ыймандууларга алдынан жана оң тарабынан жаркыраган нур берүү менен Аллахтын аларга жакшылык кылуусу. info

• المعاصي والنفاق سبب للظلمة والهلاك يوم القيامة.
Күнөөлөр жана эки жүздүүлүк – кыяматтагы караңгылыкка жана кыйроого себеп болот. info

• التربُّص بالمؤمنين والشك في البعث، والانخداع بالأماني، والاغترار بالشيطان: من صفات المنافقين.
Ыймандууларды аңдуу, кайра тирилүүгө шектенүү, кыялдарга алдануу жана шайтанга азгырылуу – эки жүздүүлөрдүн сыпаттарынан. info

• خطر الغفلة المؤدية لقسوة القلوب.
Жүрөктүн мерездигине алып барган көңүл коштуктун коркунучу. info